Аткаминер. Архив

Анжелика, Болот Ибрагимов... Бишкек шаардык кеңешине кимдер депутат болуп барат?

2174
(жаңыланган 23:19 11.04.2021)
Бишкек шаардык кеңешине кимдер депутат болуп барышы мүмкүн экенин Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан окуңуз. Тизмеде белгилүү адамдар да аз эмес.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңешинин болжолдуу курамы белгилүү болду.

Автоматтык түрдө эсептеген урнанын алдын ала маалыматына ылайык, мандаттар алты партияга бөлүштүрүлөт.

Бул болжолдуу эсептөө экенин маалымдайбыз. Мандаттардын саны менен бөлүштүрүлүшү өзгөрүп кетиши мүмкүн.

"Эмгек" партиясына тогуз мандат берилиши ыктымал:

  1. Абиров Жаныбек Болотбекович, 1988-жылы төрөлгөн, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы;
  2. Абдраев Базарбек Кошоевич, 1983-жылы төрөлгөн, БШК депутаты;
  3. Абдыгулова Асел Мисировна, 1975-жылы төрөлгөн, Хоккей федерациясынын вице-президенти;
  4. Шин Сергей Романович, 1975-жылы төрөлгөн, юрист;
  5. Иманалиев Бактияр Бейшенбекович, 1986-жылы төрөлгөн, "Имарат Прогресс" ЖЧКнын директору;
  6. Кенжебаева Светлана Козубаевна, 1965-жылы төрөлгөн, Свердлов райондук билим берүү борборунун директору;
  7. Абдиев Бактыбек Кемелович, 1970-жылы төрөлгөн, БШК депутаты;
  8. Жакышев Русланбек Шергазиевич, 1974-жылы төрөлгөн, БШК депутаты;
  9. Сагыналиева Камилла Бакытовна, 1998-жылы төрөлгөн, "Olimpic Centr" машыктыруучусу;

"Ак Бата" партиясына сегиз мандат берилери болжолдонду:

  1. Түлеев Нариман Ташболотович, 1963-жылы төрөлгөн, "Дос-Кредобанк" ААК директорлор кеңешинин төрагасынын кеңешчиси;
  2. Ситников Максим Валерьевич, 1979-жылы төрөлгөн, жумушсуз;
  3. Кадыралиева Ыргал Кармышаковна, 1981-жылы төрөлгөн, жумушсуз;
  4. Махмудов Улан Алымжанович, 1983-жылы төрөлгөн, жумушсуз;
  5. Жолдошов Улан Болотович, 1981-жылы төрөлгөн, "Нур Корпорэйшн" ЖЧКсынын башкы директору;
  6. Шульц Светлана Викторовна, 1964-жылы төрөлгөн, жумушсуз;
  7. Гайыпов Бектур Абдипаттович, 1981-жылы төрөлгөн, жумушсуз;
  8. Жапаров Эрнест Самирович, 1982-жылы төрөлгөн, "Brave" ЖЧКда менеджер.

Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясына (НДПК) сегиз мандат тийиши ыктымал:

  1. Карыпбеков Илим Майрамбекович, 1980-жылы төрөлгөн, "Консалт Плюс", "ТНТ Кыргызстан" ЖЧКларынын директору;
  2. Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич, 1980-жылы төрөлгөн, БШК депутаты;
  3. Мозгачева Виктория Андреевна, 1986-жылы төрөлгөн, убактылуу иштебейт;
  4. Исмаилов Сайдахмат Аблезович, 1970-жылы төрөлгөн, БШК депутаты;
  5. Коргонбай уулу Жусупбек, 1977-жылы төрөлгөн, "Кейджи Восток Сервис" ЖЧКсынын жетекчиси;
  6. Акимжанова Рысгул Абдыманаповна, 1980-жылы төрөлгөн, "Бай Элим Компани" компаниясынын директору;
  7. Азыгалиев Уланбек Шайлообекович, 1975-жылы төрөлгөн, убактылуу иштебейт.
  8. Урдинов Элдияр Адырбекович, 1976-жылы төрөлгөн, "Интерпарт Компани" ЖЧКсынын директору.

"Ата-Журт Кыргызстан" партиясына жети мандат берилмекчи:

  1. Төлбаев Бабыржан Латиханович, 1976-жылы төрөлгөн, ACDI-VOCA, "Өнүгүү үчүн азык-түлүк" программасында ассистент;
  2. Жамгырчиев Талантбек Анарбекович, 1982-жылы төрөлгөн, Бишкек шаардык кеңешинде депутат;
  3. Лисниченко Валентина Михайловна, 1955-жылы төрөлгөн, Бишкек шаардык кеңешинде депутат;
  4. Аматов Рысбай Аматович, 1975-жылы төрөлгөн, Бишкек шаардык кеңешинде депутат;
  5. Шейшеев Нурлан Бузурманкулович, 1977-жылы төрөлгөн, "Нуримарат" курулуш компаниясында директордун орун басары;
  6. Рымбекова Элнура Раимбековна, 1982-жылы төрөлгөн, "ЛЖС лифт КЖ" ЖЧКсы, башкы директор;
  7. Бейшенбаев Эдиль Нурбекович, 1987-жылы төрөлгөн, Ленин району боюнча салык кызматынын өкүлү.

"Ынтымак" партиясына дагы жети мандат берилиши мүмкүн:

  1. Кыштобаев Айбек Тилекбаевич, 1982-жылы төрөлгөн, "Спорт Арт Строй" ЖЧКсынын башкы директору;
  2. Кубанов Нурсултан Кубанович, 1992-жылы төрөлгөн, иштебейт;
  3. Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна, 1983-жылы төрөлгөн, ишкананын директору;
  4. Сариев Таалайбек Жолдошбаевич, 1974-жылы төрөлгөн, Бишкек шаардык кеңешинде депутат;
  5. Эргешов Казыбек Кочкорович, 1969-жылы төрөлгөн, Бишкек шаардык кеңешинде депутат;
  6. Шарапова Жибек Закировна, 1990-жылы төрөлгөн, "Сезимтал" компаниясынын башкы директору;
  7. Калыков Мийзамидин Абдырахманович, 1969-жылы төрөлгөн, "КыргызГидроЭнергоСтрой" ишканасынын башкы директору.

"Биздин эл" партиясына алты мандат буюрушу ыктымал:

  1. Алмаз уулу Аскар, 1993-жылы төрөлгөн, "Биздин эл" партиясынын төрагасы;
  2. Ибрагимов Болот Адылбекович, 1989-жылы төрөлгөн, убактылуу иштебейт;
  3. Сатбалдиева София-Айдана Саипжановна, 1996-жылы төрөлгөн, убактылуу иши жок;
  4. Матосмонов Элзар Алтынбекович, 1997-жылы төрөлгөн, жеке ишкер;
  5. Мадьяров Жаныбек Анарбекович, 1987-жылы төрөлгөн, ишсиз;
  6. Кайратова Анжелика Кайратовна, 1989-жылы төрөлгөн, "Элим" коомдук фондунун президенти.

Эске салсак, Бишкек шаардык кеңешине 25 партия ат салышкан.

2174
Белгилер:
саясый партия, мандат, депутат, Болот Ибрагимов, Анжелика Кайратова, Бишкек шаардык кеңеши
Тема:
Жергиликтүү кеңештерди шайлоо (68)
Тема боюнча
Депутаттыкка аттанган талапкерлер шайлоого 155,2 млн. сом коротту
Вице-премьер Улукбек Кармышаков шайлоо ийгиликтүү өткөнүн жарыялады
Ош шаардык кеңешине шайлоо: алдыда 4 партия баратат
АКШ президенти Жо Байден

Кыйынды кыртышы сүйбөгөн саясат

103
Мындай нерселерге мамлекет согуш алдында барат", – деп үстүртөн белгилей кетти РФ Тышкы чалгындоо кызматынын полковниги, Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун профессору Андрей Безруков теледеги талкуулардын биринде.

Кеп америкалык администрациянын чындап эле орчундуу акциясы жөнүндө. Быйыл февраль айында Кошмо Штаттардын жаңы администрациясы өтө маанилүү товарлар менен жабдуу чынжырчасынан өлкөлөрдүн көз карандылыгын иликтөөнү буюрган. Ушул изилдөөнүн жыйынтыгы тууралуу Дмитрий Косыревдун макаласы РИА Новости сайтында жарык көргөн.

Иликтөө Жо Байдендин Европага болгон сапарынын алдында аяктап туру. Иш сапардын алкагында ал РФ президенти Владимир Путин менен да кезигет. Женевада өтө турган бул жолугушуу АКШ багытынын дүйнөлүк аренада эбак бышып жетилген жана абдан олуттуу бурулушунун бир бөлүгү гана болмокчу. Бул тууралуу кеп алдыда болсун.

Ал эми бул изилдөөлөрдүн натыйжасында Американын өзүнүн кеминде эле үч тармакта көз карандылыгы аныкталды. Атап айтсак, дары-дармек, жарым өткөргүчтөр жана сейрек кездешүүчү металлдар (элементтер) менен жабдуу АКШнын талуу маселелеринен. Ар биринде Кытай, башкача айтканда, Кошмо Штаттардын дүйнөлүк аренада тең салмакташ бул державадан кооптуу көз карандылыгы жөнүндө сөз жүрөт.

Ал эми жакында экинчи акция старт алды. Инновациялар жана атаандаштык тууралуу мыйзам иштелип чыгып, АКШ сенатында каралды. Жакын арада күчүнө кирет. Мында баарынан оболу кеп ошол эле держава менен атаандаштык туурасында. Аталган мыйзам боюнча Американын экономикасынын Кытайдын алдында атаандаштык жөндөмүн арттырууга 250 миллиард доллар, тагыраагы, инновациялык иштелмелерди жана америкалык алдыңкы тармактарды колдоону тездетүүгө субсидия бөлүнүүдө. Анткен менен АКШ узак жылдар бою алдыңкы жана башка көптөгөн багыттарга кытайлык мамлекеттик колдоо көрсөтүлүшүнө жол берилбестигин түшүндүрүп келишкен. Алар Пекиндин "Кытайда жасалган – 2025" программасын натуура атаандаштыктын үлгүсү жана кастыктын дал өзү катары жарыялашкан. Кезегинде Пекин эрежелерден четтеп, оюнду чынчылдык менен жүргүзгөн жок деп айыпташкан эле. Эми болсо Кытайдын оюнунан майнап чыгып, глобалдык масштабда утушка ээ болуп турганда АКШ кылы кыйшайбастан аны туураганга белсенди.

Эксперттер демократтар администрациясы реиндустриализация демилгесин республикачылардан мураска алганын, мында кеп ондогон жылдарга эсептелген программалар жөнүндө экенин белгилешет. Лондондогу The Guardian басылмасынын баяндамачысы бул он жылдыктын аягында Кытай экономиканын көлөмү боюнча АКШны кууп жетерин жоромолдойт. Бул менен дүйнөлүк технологиялык лидерликке ээ болот (дал ушул нерсе Пентагондун түн уйкусун бузууда – ред.). АКШ үчүн лидерликти башкага алдыруу абдан кооптуу. Бири-бирине тыгыз байланышкан бул көрүнүштөрдөгү негизги түшүнүк — "технологиялар". Жылына өндүрүлгөн өндүрүмдөрдүн жалпы көлөмү, албетте, маанилүү, бирок пропагандалык планда гана... Ал эми технологиялык артыкчылык жаатында бул эки ири державанын бирдей макамы бирин азапка салат, ал эми Кытайдын дүйнөлүк технологиялык лидерликке көтөрүлүшү экинчиси үчүн азаптын азабы эмеспи. Жо Байдендин Европага сапары дал ушундай маанайда даярдалган. Жогоруда аталган лондондук гезиттеги макала да ушул дипломатиялык каршы чыгуунун бүт концепциясын так сүрөттөгөн. Байден Батыш лидерлери менен Улуу Британиядагы Корнуоллдо G7 саммитинин алкагында кезикти. Андан соң НАТО жана европалык түзүмдөр менен сүйлөшөт. Эң оболу дээрлик Кытай тууралуу гана кеп козголору болжонгон. Шектене караган европалыктарды Байден бул ирет экинчи кансыз согушка чакырууга ниеткер. Бул ирет Кытай менен... Союздаштары толук түрдө Кошмо Штаттар келтирген жүйөлөргө ынанабы? Татаал собол. Эгер кайра The Guardian басылмасына таянсак, анда атын атабаган дипломат "европалыктарга Кытайдын (тигил же бул кырдаалда) кадамдары жакпашы ыктымал, бирок америкалыктар дүйнөдө күч жагынан тең келген Кытайдын өзү, анын ар кай багыттагы кадамдарынын эч бирин кыртышы сүйбөстүгүн" айтып берген.

Женевадагы саммит бул жагынан алып караганда Байдендин Европага болгон сапарынан тыш. Москва менен эки тараптуу алакалар ал үчүн экинчи планда. Болду-болбоду америкалык президент алдыдагы он жылдыкта АКШ менен Кытайдын кансыз согушу боюнча Россиянын көз карашын билип, тамырын тартып көрөт. Албетте, Москванын Пекин менен тирешке макул болорун эч ким күтпөйт. Анткен менен Россия андай болжолдуу жагдайларда өзүн кандай алып жүрөрүн билип алуу Америкага пайдалуу.

Болбосо бири жеңилип, бири озуп бараткан эки күчтүү держава, бири экинчисине туруштук берүү далалатында. Экөө тең — экономикалык гиганттар жана технологиялык лидерлер, ошондуктан потенциалдуу пайдалуу өнөктөштөр. Бири Россияга эмнелерди гана жасабады, экинчиси андай жамандыктарга барган жок, ыңгайы келген жерден кызматташууну өрчүтүп келет. Мындайда Москванын кандай позициясын элестетүүгө болот?

103
Белгилер:
чалгындоо, Москва, Россия
Тема боюнча
Байден "Путиндин курьерине" айланып бара жатат. Кырдаалга сереп
Өз үйлөрүндөгүдөй. Түркиянын “жумшак күч” саясаты

Көргөндүн көзүн кубантып. Канайым Айгүл Жапарованын сапардагы сүрөттөрү

1453
(жаңыланган 16:57 12.06.2021)
  • Жетелешкен жубайлар. Мамлекет башчы Садыр Жапаров менен канайым Айгүл Жапарованын Түркияга барган алгачкы күнү
  • Делегациянын көркүн ачкан канайым
  • Түркия Садыр Жапаров жубайын ээрчитип барган алгачкы мамлекет болду
  • Жанаша баскан канайымдар. Жапарова кыргыздын салтын, кол өнөрчүлүгүн Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын жубайына көрсөтүп, тааныштырып жатат
  • Эки мамлекеттин башчылары менен өкүлдөрү Анкара шаарында өткөн Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземинде
  • Айгүл Жапарованын салттуу кийимине соцтармак колдонуучулары суктанып бүтө элек
  • Сайма түшүрүлгөн туш кийизге суктана караган Айгүл Жапарова менен Эмине Эрдоган
  • Жылмайган, кучакташкан канайымдар
  • Түркия президентинин Анкарадагы сарайы. Эрдоган Жапаровго жана канайымдарга панорамадан Түркиянын жаратылышын көрсөтүүдө
  • Айгүл Жапарова сапарга кыргыздын салттуу кийими болгон белдемчинин башкача түрүн кийип барган
  • Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий иш сапарынын акыркы күнү
  • Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары аяктаганы менен, соцтармакта жубайы менен бирге түшкөн сүрөттөрү талкууланып бүтө элек
Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова биринчи ирет жолдошун чет мамлекетке, тагыраагы, Түркияга болгон расмий иш сапарына коштоп барды.

Sputnik Кыргызстан агенттиги канайымдын сапардагы эл суктанган сүрөттөрүн тартуулайт.

Мамлекет башчы расмий иш сапары менен Түркиянын борбору Анкара шаарына 9-июнда барды. Өлкө башчыны Түркияга бир катар министрлер жана жубайы Айгүл Жапарова коштоп барган. Иш сапардын алкагында президент Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мекендештер менен жолукту.

1453
  • Жетелешкен жубайлар. Мамлекет башчы Садыр Жапаров менен канайым Айгүл Жапарованын Түркияга барган алгачкы күнү
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Жетелешкен жубайлар. Мамлекет башчы Садыр Жапаров менен канайым Айгүл Жапарованын Түркияга барган алгачкы күнү

  • Делегациянын көркүн ачкан канайым
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Делегациянын көркүн ачкан канайым

  • Түркия Садыр Жапаров жубайын ээрчитип барган алгачкы мамлекет болду
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Түркия Садыр Жапаров жубайын ээрчитип барган алгачкы мамлекет болду

  • Жанаша баскан канайымдар. Жапарова кыргыздын салтын, кол өнөрчүлүгүн Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын жубайына көрсөтүп, тааныштырып жатат
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Жанаша баскан канайымдар. Жапарова кыргыздын салтын, кол өнөрчүлүгүн Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын жубайына көрсөтүп, тааныштырып жатат

  • Эки мамлекеттин башчылары менен өкүлдөрү Анкара шаарында өткөн Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземинде
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Эки мамлекеттин башчылары менен өкүлдөрү Анкара шаарында өткөн Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземинде

  • Айгүл Жапарованын салттуу кийимине соцтармак колдонуучулары суктанып бүтө элек
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Айгүл Жапарованын салттуу кийимине соцтармак колдонуучулары суктанып бүтө элек

  • Сайма түшүрүлгөн туш кийизге суктана караган Айгүл Жапарова менен Эмине Эрдоган
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Сайма түшүрүлгөн туш кийизге суктана караган Айгүл Жапарова менен Эмине Эрдоган

  • Жылмайган, кучакташкан канайымдар
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Жылмайган, кучакташкан канайымдар

  • Түркия президентинин Анкарадагы сарайы. Эрдоган Жапаровго жана канайымдарга панорамадан Түркиянын жаратылышын көрсөтүүдө
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Түркия президентинин Анкарадагы сарайы. Эрдоган Жапаровго жана канайымдарга панорамадан Түркиянын жаратылышын көрсөтүүдө

  • Айгүл Жапарова сапарга кыргыздын салттуу кийими болгон белдемчинин башкача түрүн кийип барган
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Айгүл Жапарова сапарга кыргыздын салттуу кийими болгон белдемчинин башкача түрүн кийип барган

  • Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий иш сапарынын акыркы күнү
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий иш сапарынын акыркы күнү

  • Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары аяктаганы менен, соцтармакта жубайы менен бирге түшкөн сүрөттөрү талкууланып бүтө элек
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары аяктаганы менен, соцтармакта жубайы менен бирге түшкөн сүрөттөрү талкууланып бүтө элек

Белгилер:
кийим, сүрөт, Түркия, Кыргызстан, Айгүл Жапарова, Садыр Жапаров
Тема:
Садыр Жапаровдун Түркияга расмий сапары
Тема боюнча
Панорамадан табиятка суктанып... Эрдогандын Жапаровду узаткан видеосу
Кучак толо гүл алган Айгүл Жапарова. Президенттин Анкарага барган видеосу
Москванын кызыл аянтындагы полиция кызматкери. Архив

Москвада COVID күч алып бир апталык локдаун жарыяланды

0
(жаңыланган 11:55 13.06.2021)
Россиянын борбор калаасында коронавирус жуктургандардын саны өсүп жаткандыктан тогуз күн бою ишке чыкпоо боюнча жарлык чыкты.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Москва шаарында коронавирустун жаңы штаммы тарап жаткандыктан кайрадан чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу шаар мэри Сергей Собяниндин жарлыгында айтылды.

Документке ылайык, Москвада 15-19-июнь күндөрү эс алуу жарыяланды. Анын алдындагы дем алыштарды эске алганда Москва шаарында 9 күн бою (12-20-июнь) иштешпейт. Ошондой эле шаар бийлиги ишканаларда кызматкерлердин 30 пайызын аралыктан иштөө режимине өткөрүүнү сунуштады.

"Вирустун жаңы штаммдары табылууда. Шаарда эпидемиологиялык абал курчуп, мурда белгиленген жогорку чекке жетип бара жатат. Акыркы сутка ичинде эле өлкөдө 13 510 адамдан вирус аныкталды. Анын 6 миңден ашыгы Моксва шаарында жашагандар", — деп айтылат кабарда.

Ошондой эле зоопарк, түнкү клуб, караоке, балдар аянтчалары, тамактануу жайларында иштөө убактысы боюнча чектөөлөр киргизилди.

0
Белгилер:
абал, локдаун, коронавирус, Москва, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID-19дан улам Ош шаарында 1-июлга чейин бардык иш-чаралар токтотулду