Сыймык Жапыкеев Ысык-Көлдү башкаруу ниетиндеби? Өзү эмне дейт

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевЫсык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев. Архив
Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2021
Жазылуу
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын бир аз убакыт башкарган Жапыкеев марттын аягында Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалган.
БИШКЕК, 14-апр.— Sputnik. Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев аталган аймактын башчысы болгум келет деген маалыматты төгүндөдү.
Эскерте кетсек, мындай кабар жергиликтүү ЖМКлардын бирине жарыяланган. Өз оюн Жапыкеев Facebook баракчасына билдирди.
"Биринчиден, мени эл, облус жетекчилиги, прокуратура жамааты жакшы тосуп алды. Буюрса, аймактын маселелери менен таанышып жатабыз. Облустун губернатору болом деп чуркаган же ойлонгон эмесмин. Өзүмдүн эле жумушум жакшы. Мыйзамдуулук, адилеттүүлүк үчүн иштесек, элдин керегине жарасак да жаман иш эмес. Калптын да чеги болот. Ушинтип эле мени жамандап бүтпөй коюшту. Буюрса, көлдү тегеренип, эл менен жолугабыз. Алардын көйгөйлөрүн облус жетекчилиги менен кошо угабыз", — деп жазган ал.
Эске салсак, 5-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын жоюу боюнча премьер-министр Улукбек Мариповдун токтому чыккан. Мындан улам мекеменин жетекчиси Жапыкеев кызматы жок калган.
Кийин ал Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалган. Жапыкеев буга чейин аталган тармакта эмгектенген, Ысык-Көл облусунда туулуп-өскөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0