Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Россияга учат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов. Архив
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2021
Жазылуу
Иш-чаранын катышуучулары коопсуздук, саламаттык сактоо жана экономика маселелерин талкуулай турганы айтылды.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бүгүн, 14-апрелде, Жогорку Кеңештин делегациясы төрага Талант Мамытовдун жетектөөсү менен Санкт-Петербургга учат. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматынан кабарлашты. 
Билдирмеге караганда, төрага КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясына катышат.
Пленардык жыйында коопсуздук, саламаттык сактоо жана экономика маселелери талкууланмакчы. Ошондой эле Мамытовдун бир нече эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0