Мамытов КМШ парламенттерин коркунучтарга каршы биргеликте күрөшүүгө чакырды

© Фото / пресс-служба секретариата Совета МПА СНГЖогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Жазылуу
Төрага коронавирус пандемиясынын тушунда да терроризм менен экстремизм аймакта эле эмес, бүтүндөй дүйнөдө актуалдуу бойдон калганын белгиледи.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов КМШ өлкөлөрүнүн парламенттерин учурдагы коркунучтарга каршы биргеликте күрөшүүгө чакырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
© Фото / пресс-служба секретариата Совета МПА СНГЖогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов КМШ өлкөлөрүнүн парламенттерин учурдагы коркунучтарга каршы биргеликте күрөшүүгө чакырды
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов КМШ өлкөлөрүнүн парламенттерин учурдагы коркунучтарга каршы биргеликте күрөшүүгө чакырды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов КМШ өлкөлөрүнүн парламенттерин учурдагы коркунучтарга каршы биргеликте күрөшүүгө чакырды
© Фото / пресс-служба секретариата Совета МПА СНГТөрага дүйнө коомчулугу СOVID-19 пандемиясы менен күрөшүп жаткан учурда да терроризм жана экстремизм көйгөйлөрү актуалдуулугун жоготпой, мурдагыдай эле глобалдык жана аймактык коопсуздуктун негизги коркунучу катары калып жатканын белгиледи.
Төрага дүйнө коомчулугу СOVID-19 пандемиясы менен күрөшүп жаткан учурда да терроризм жана экстремизм көйгөйлөрү актуалдуулугун жоготпой, мурдагыдай эле глобалдык жана аймактык коопсуздуктун негизги коркунучу катары калып жатканын белгиледи. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Төрага дүйнө коомчулугу СOVID-19 пандемиясы менен күрөшүп жаткан учурда да терроризм жана экстремизм көйгөйлөрү актуалдуулугун жоготпой, мурдагыдай эле глобалдык жана аймактык коопсуздуктун негизги коркунучу катары калып жатканын белгиледи.
1/2
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов КМШ өлкөлөрүнүн парламенттерин учурдагы коркунучтарга каршы биргеликте күрөшүүгө чакырды
2/2
Төрага дүйнө коомчулугу СOVID-19 пандемиясы менен күрөшүп жаткан учурда да терроризм жана экстремизм көйгөйлөрү актуалдуулугун жоготпой, мурдагыдай эле глобалдык жана аймактык коопсуздуктун негизги коркунучу катары калып жатканын белгиледи.
Төрага дүйнө коомчулугу СOVID-19 пандемиясы менен күрөшүп жаткан учурда да терроризм жана экстремизм көйгөйлөрү актуалдуулугун жоготпой, мурдагыдай эле глобалдык жана аймактык коопсуздуктун негизги коркунучу катары калып жатканын белгиледи.
Ал ошондой эле Ислам мамлекети жана башка радикалдык топтордун идеологиясынын жайылуусуна, террордук уюмдарга жарандардын тартылуусуна, Афганистандагы жана Жакынкы Чыгыштагы абалга карата Кыргызстандын кооптонуусу тууралуу сөз кылды.
"Биз терроризм менен экстремизмге бөгөт коюп, аларга байланышкан жараяндарга, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө, адамдарды жана куралдарды сатууга, арам акчаларды адалдоого, коррупцияга жана терроризмди каржылоого каршы биргелешип күрөшүүбүз кажет", — деди Мамытов.
Встреча президента Садыра Жапарова со специальным представителем Генсека ООН Натальей Герман - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2021
Жапаров БУУнун өкүлү менен жолукту. Талкууланган маселелер
Сөзүнүн соңунда төрага конференциянын катышуучуларына Ирактагы өмүрү жана саламаттыгы коркунучта калган балдарды куткарып, аларды Кыргызстанга кайтаруу боюнча иш алып барган "Мээрим" гуманитардык миссиясы тууралуу маалымат берди.
Россиянын Федералдык жыйынынын Федерациялар кеңешинин жетекчиси Валентина Матвиенко дагы эл аралык терроризм коопсуздукту камсыздоодо негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон турганын белгиледи.
"Өткөн жылы пайда болгон коронавирус пандемиясы террордук коркунучка каршы туруу ишин дагы бир кыйла татаалданткан жаңы фактор болуп калды", — деди ал.
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
ТИМ башчысы КМШдагы кесиптештери менен маанилүү документтерге кол койду
Матвиенко мындай татаал кырдаалда эл аралык кызматташууну ар тараптуу бекемдөө, алардын ыкчамдыгын жана натыйжалуулугун арттыруу, глобалдуу масштабдагы мыйзамдык коопсуздукту өркүндөтүү өзгөчө маанилүү болорун айтты.
Белгилей кетсек, Талант Мамытов жетектеген делегация 14-апрель күнү "COVID-19 пандемия шартында глобалдык чакырыктар жана коркунучтар. Терроризм жана зомбулук экстремизми" аталышында эл аралык парламенттик конференцияга катышуу үчүн Россияга учуп кеткен. Бул пандемия жарыялангандан бери биринчи офлайн жыйын болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0