КЭДП Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоо жарышынан четтетилди. Себеп

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектеги шайлоо участогунда киши добуш берип жатат
Бишкектеги шайлоо участогунда киши добуш берип жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
Жазылуу
Аталган партия болжолдуу эсептөө боюнча шаардык кеңешке киргендердин арасында үчүнчү сапты ээлеген. Саясий уюм БШКнын чечимине үч күн ичинде даттана алат.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бишкектин аймактык комиссиясы Кыргызстан элдик-демократиялык партиясын шайлоо жарышынан четтетти. Бул тууралуу Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын маалымат кызматы кабарлады.
Чечим кечээ кабыл алынган. Буга шайлоо күнү добуш сатып алуу, үгүт иштерининин жол-жобосун бузуу, партиянын каржылоосу жана башка нерселер себеп болушу мүмкүндүгү айтылат.
"Партия БШКнын чечимине үч күн ичинде даттанса болот. Эгер Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими партияга жакпаса, сотко да бере алат", — деп эскертти аталган мекеме.
Шайлоого келбегендерге чара көрүш керек. Депутаттын өзгөчө демилгеси видеодо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Шайлоого келбегендерге чара көрүш керек. Депутаттын өзгөчө демилгеси видеодо
Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 11-апрелде өткөн. Болжолдуу эсептөөлөр боюнча, "Эмгек"  партиясы (10 мандат), экинчи "Ак-Бата" партиясы (9 мандат) өттү. Андан кийинкиде сегиз мандант менен КЭДП турган.
Ошондой эле шаардык кеңешке "Ата-Журт Кыргызстан", "Ынтымак" жана "Биздин эл" партиялары өткөнү болжолдонду. Расмий маалымат добуштарды кол менен саноо аяктаганда айтылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0