ЖКнын тармактык комитети министр Бейшеналиевди иштен алуу чечимин кабыл алды

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архив
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
Жазылуу
Комитеттин отурумунда Акаев министр уу коргошунду алып чыгып өлкөнү бүт дүйнөгө уят кылганын белгиледи.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү жана саламаттык сактоо боюнча комитети саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алды.
Отурумда депутат Жанар Акаев министр уу коргошунду алып чыгып өлкөнү бүт дүйнөгө уят кылганын айтты.
"Бул министрдин эң чоң катасы, азыр табыпчылык күчөп баштайт. Муну далилдей албайт. Адам жакшы болуп кетсе уу коргошундан айыкты, өлсө коронавирустан деп коюшат. Элдин саламаттыгын коркунучка кептөөдө. Анын үстүнө эки жумадан бери комитеттин жыйындарына келбей жатат. Биз бүгүн премьер-министрге мындай министрди кызматтан алып, анын ордуна сабаттуу адисти дайындоого сунуш беришибиз керек", — деди Акаев.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
Уу коргошун чуусу: Жапаровдун Facebook тармагындагы посту өчүрүлдү
Натыйжада сунушту комитеттин мүчөлөрү бир добуштан колдоп, ишеним көрсөтпөө чечими өкмөт башчыга жиберилмей болду.
Белгилей кетсек, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту уу коргошун менен дарылоону сунуштады. Бул дары чөптү президент Садыр Жапаров өзү кайнатып жасап жатканы белгилүү болду. Президент менен министрдин дарылоо ыкмасы коомчулукту таң калтырып, түрдүү пикирлерди жаратууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0