Казинодогу рулетка. Архив

Парламент Ысык-Көлгө казино ачуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окуудан колдоду

156
(жаңыланган 13:23 21.04.2021)
Эгер мыйзам колдонууга чыкса, чет элдиктер үчүн аэропорттун жанына атайын зона курулуп, казинолор ачылат.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңеште Ысык-Көл облусуна казинолорду ачууга уруксат берген мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоору биринчи окууда 8-апрель күнү каралган. Бирок ал күнү добушка коюлбай жылдырылган болчу.

Бүгүн аталган демилгеге 68 депутат "макул", 23ү "каршы" добушун берди.

Андан соң Төрөбай Зулпукаров чыгып беш-алты депутат адашып калганын айтып, кайрадан добушка коюуну сунуштады.

Ал эми Айбек Осмонов менен Аккулу Бердиев мыйзам долбоорун түшүнбөй "макулду" басып алганын айтып чыкты.

Бирок эл өкүлдөрү Бактыбек Турусбеков, Дастан Жумабеков, Улукбек Ормонов кайра добушка коюуга каршы чыкты.

Ал арада Рыскелди Момбеков мындай мыйзамды өткөрүү үчүн түндө кээ бир адамдарга чалып, коркутуу болгонун белгиледи.

Талаш-тартыштын натыйжасында төрага Талант Мамытов кайрадан добуш берүү сунушун добушка койду эле, өтпөй калды. Башкача айтканда 46 эл өкүлү макул болуп, 13ү каршы чыкты. Жыйынтыгында алгачкы берилген добуштар күчүндө калтырылып, мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү деп таанылды.

Мыйзам долбоорун депутаттар Бактыбек Турусбеков жана Дастан Жумабеков сунуштаган.

Демилгечилердин айтымында, бул Ысык-Көлгө туристтик сезонду өнүктүрүү жана бюджетти толтуруу максатында сунушталууда. Аэропорттун жанына атайын зона курулуп, чет элдик жарандарга гана ал жакка кирип кумар оюндарын ойноого уруксат берилет. Ал эми кыргызстандыктарга тыюу салынат. Мунун арты менен бюджетке жылына 600 миллион сом түшөт.

Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо учурунда бир нече депутат каршы чыгып, туристтик сезонду өнүктүрүүнүн башка ыкмасын колдонсо болорун белгилеген. Ошондой эле Россиянын, Казакстандын жарандыгын алган кыргыздар көп экенин айтып, кайра эле мекендештер жапа чегерин билдирген. Аны менен катар бул мыйзам көзөмөлдөн чыгып кыргыз жарандары дагы кирип ойной берерин билдиришкен.

156
Белгилер:
колдоо, казино, мыйзам долбоору, Ысык-Көл
Тема боюнча
ЖК депутаты расалык кастыкты козутуу боюнча жазаны жеңилдетүүнү сунуштады
УКМК имараты. Архив

Жээнбеков генерал наамдарын мыйзамсыз ыйгарганбы? УКМК текшере баштады

39
(жаңыланган 22:55 14.05.2021)
Интернетте экс-президент Сооронбай Жээнбеков генерал наамдарын мыйзамсыз берген деген маалыматтар тарап жатат.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы ички иштер министринин орун басарлары менен УКМК төрагасынын мурдагы орун басарына генерал наамдары ыйгарылган деген маалыматты текшерип жатат. Бул тууралуу атайын органдын маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин интернетте экс-президент Сооронбай Жээнбеков иштен кетер алдында өткөн дата менен ошол кездеги ички иштер министринин орун басарлары Мирлан Канимет менен  Алмазбек Орозалиевге жана УКМК төрагасынын биринчи орун басары Талант Салиевге генерал наамдарын тапшырып кеткен деген маалымат тараган.

Орозалиев кызматынан 21-октябрда кол жууса, Каниметов 3-апрелде кеткен. Ал эми Салиев жумуштан 16-октябрда бошотулган.

Кыргызстанда канча генерал бар экенин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар

39
Белгилер:
УКМК, текшерүү, наам, генерал
Тема боюнча
Садыр Жапаров дагы бир жетекчиге генерал наамын берди

Кыргызстан элине ыраазымын. Рахмондун оппозициясы менен Бишкекте элдешкен видеосу

484
(жаңыланган 23:07 14.05.2021)
Мындан 24 жыл мурун Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Бириккен тажик оппозициянын лидери Саид Абдулло Нури Бишкек шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жарандык согушту токтотуу боюнча документтерге кол коюлган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги андагы тарыхый күндө тажик президенти Эмомали Рахмондун сүйлөгөн сөзүнүн толук видеосун сунуштайт.

Коңшу мамлекеттин президенти Рахмон жана Бириккен тажик оппозициянын лидери Саид Абдулло Нури өз командасы менен Бишкек шаарына 1997-жылдын 13-майында келген. Беш жылдан бери бийлик талашып согушуп 100 миңден ашык адамдын өмүрү кыйылып, бир миллиондон ашык кишини качырган жарандык согушту токтотууга Кыргызстандын тунгуч ажосу Аскар Акаев, кыргыз аскер чалгынчылар, дипломаттар, саясатчылар жана тынчтык орнотуучу батальон ортомчу болуп, тажикстандыктардын элдешүүсүнө көмөктөшкөн.

Сүйлөшүүлөр 14-майда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында башталып, үч күнгө созулган. Кыргызстандын борборунда Бишкек меморандумуна жана "Саясий маселелер боюнча" протоколуна кол коюлган. Анда тажик президенти Рахмон кыргыз тарапка ыраазычылык билдирип, кыргызстандыктардын Тажикстандагы жарандык согушту токтотуудагы ордун баса белгилеген.

"Мен баарынан мурда Аскар Акаевич жеке өзүңүзгө чын дилимден ыраазычылыгымды билдиргим келет жана сиз аркылуу боордош Кыргызстандын элине бүгүнкүдөй биздин жолугушууну меймандос Бишкекте өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн ыраазычылык айтам. Биздин эки эл чек ара менен гана байланышпастан, жүздөгөн жылдардан бери тарыхый, маданий, руханий жактан байланышып келген. Мүмкүн ушундан улам Кыргызстандын жетекчилиги 1992-жылы эле биздин көйгөйдүн саясий жактан чечилишине кызыкдар экендигин көрсөткөндүр. Биринчилерден болуп Тажикстанга өзүнүн тынчтыкты орнотуучу делегациясын жиберген. Кыргыз бийлиги дайыма тажик бийлигинин көйгөйлөрүнө сабырдуулук менен, изги ою менен мамиле жасап келгенин баса белгилеп айткым келет. Бүгүн жалпы күчтүү эркибиздин, Кыргыз Республикасынын президенти, менин бир тууганым Аскар Акаевичтин жигердүү көмөктөшүүсү, Бириккен Улуттар Уюмунун генералдык катчысынын атайын өкүлү мырза Меремдин ортомчулугунун аркасында биз Бишкек меморандумуна, "Саясий маселелер боюнча" протоколуна кол койдук", — деген Рахмон.

Ал эми Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев биздин редакцияга берген маегинде, ал процесстер кыйынчылык менен өтүп, Рахмон Нури экөө бири-бири менен кайым айтышып, жүз карашпай калышканын эскерген.

"Адегенде эле эки тарап бир имаратта отургусу келбеди. Чыгыш салты боюнча коноктор менен үйдүн ээси бир дасторконго чогуу отуруп тамак ичкенден тарта элдешүү процесси башталат деп үч саат бою аларды көндүрдүм. Акырында эки жак тең макул болуп, түн ичинде баарын дасторконго отургузуп, бир нанды өзүм сындырып тамак ичтик. Айта кетчү жагдай, бул сүйлөшүүгө тажик калкынын атактуу акыны Гулрухсор Сафиева да кошулду. Эртеси, 14-майда, сүйлөшүүлөр башталып, анда БУУнун генералдык катчысы Кофи Аннандын атайын өкүлү Ганс Дитрих Мерем экөөбүз ортомчу болдук. Процесс бир топ кыйынчылык менен коштолду. Ар бир тарап өз кызыкчылыгын коргогонго өттү. Расмий Душанбе күч түзүмдөрү каршылаш тараптын колуна өтүп кетеби деп кооптонду. Ал эми оппозиция бийликтин өзөгүн түзгөн таасирдүү министрликтеринин тизгинин алууга умтулду. Эки жак бийлик талашып, бири-биринин сөзүн укпай жатты. Мырза Мерем экөөбүз буларды бир пикирге келтиргенге аракеттенип жаттык. Ошентип үч күн өттү, эч натыйжа болгон жок. 17-майда бири-бири менен кайым айтышып, жүз карашпай калышты. Түштөн кийин аэропортко камынып жатканын угуп, кечки тамакка калышын өтүнүп дароо Рахмонго телефон чалдым. Ошентип кечки тамакты ичкен соң эки тарапка кайрылдым: "Үч күндөн бери тажик эли менен бүт Борбордук Азия ЖМКдан Бишкектеги сүйлөшүүлөр кандай өтүп жатканын карап турган учуру. Эгерде ушул жерден элдешүүнү баштап кетпесеңер, анда тажик калкы силерди эч качан кечирбейт", — дедим. Мырза Мерем да мени колдоп, "тынчтык орнотууга саналуу кадамдар калды" деп эки жакты ынандырды. Бул түнкү чечүүчү сүйлөшүүдө Сафиеванын да ролу чоң. Ал менин өтүнүчүм боюнча Саид Абдулло Нури, Ходжи Акбар Тураджонзоданы Рахмон менен сүйлөшүүнү улантууга көндүрдү. Рахмон, Нури жана Тураджонзода биздин сөзүбүзгө муюп, сүйлөшүүлөрдү улантышты. Ошентип түнү бою эки тарап менен документтердин үстүндө иштеп, баарын тактадык. 18-майда таңга маал баарыбыз абдан чарчап, тыныгууга кетишти. Ошол учурда биз келишимди даярдадык. Түштөн кийин расмий Душанбе менен Бириккен тажик оппозициясы "Саясий маселелер жөнүндө" протоколуна кол койду. Бул Бишкектеги сүйлөшүүнүн башкы жетишкендиги эле", — деген Акаев.

Ага чейин каршылашкан эки тарап 1994-1997-жылдары Москва, Алматы, Исламабад, Ашхабад, Тегеран, Мешхед жана Хост (Түндүк Афганистан) шаарларында жолуккан, бирок бир пикирге келе алган эмес.

Кийин Бишкекте кол коюлган документтердин негизинде ошол эле жылдын 27-июнунда Кремлде эки тарап тынчтык жөнүндө келишимге кол коюу менен элдешүү процесси башталган.

484
Белгилер:
видео, сүйлөшүүлөр, Эмомали Рахмон, Тажикстан, Аскар Акаев, Кыргызстан
Тема боюнча
Гиссардан чоң, эки миллион сомдук "Арашан" койлору. Новопокровкада тартылган видео