Ташиев: Лейлектин Козу-Баглан суусуна "Ак-Тоок" деп аталган суу сактагыч курулат

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевЗаседание по вопросам делимитации государственной границы между КР и РУ
Заседание по вопросам делимитации государственной границы между КР и РУ  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2021
Жазылуу
Суу сактагычтын долбоору түзүлүп, ага өкмөттөн акча бөлүндү. Учурда долбоордун түзүүчүлөрү суу сактагыч курулуучу аймакта иштеп жатышат.
ОШ, 25-апр. – Sputnik. Лейлек районуна караштуу Бешкент айыл өкмөтүнүн аймагындагы Козу-Баглан суусуна "Ак-Тоок" деп аталган суу сактагыч курулат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөн районунун эли менен жолугушуу учурунда билдирди.
Анын айтымында, ушул жылдын сентябрь, октябрь айларына чейин суу сактагычтын долбоорун түзүү пландаштырылган.
Долбоордун түзүүчүлөрүнө тапшырма берилип, учурда алар суу сактагыч курулуучу аймакта иштеп жатышат.
"Ушул маселе боюнча кечээ, 24-апрель күнү, каржы маселеси чечилип, өкмөттөн акча бөлүндү. Долбоор ишке ашырылып, курулуш иштери башталса, бир жыл ичинде бүткөрүлөт", — деди Ташиев.
Ал Баткен облусу менен чектешкен Тажикстандын Гафуров жана Худжант шаарларына ичүүчү суу Лейлек районунун аймагынан бара тургандыгына, сууну коңшулаш республикага берип коюп, Лейлектин талаалары суусуз кургап жатканына токтолду.
Ташиев "эгерде бул суу сактагыч курулса, анда чек ара маселеси чечилерин" билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0