Тышкы иштер министрлигин имараты. Архив

Чек арага жакын жерде уурдалган эки улан: кыргыз ТИМи Тажикстанга нота тапшырды

236
(жаңыланган 16:08 26.04.2021)
24-апрель күнү социалдык тармакка эки уландын жок болуп жатканы боюнча видео тараган. Көп өтпөй алар Тажикстандан табылган.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Баткен облусунун Лейлек районундагы чек арага жакын аймакта жоголуп, кийин Тажикстандан табылган кыргызстандык эки жигиттин окуясы боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тажик тарапка нота берди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн, 26-апрелде, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Тажикстандын элчиси Назирмад Ализода менен жолугуп, нотаны тапшырган.

"Ушул жылдын 24-апрелинде Баткен облусунун Лейлек районунда Кыргызстандын эки жаранын уурдоого байланыштуу жасалган укукка каршы жана мыйзамсыз иш-аракеттерге кыргыз тарап тынчсызданууда. Чек арага жакын аймактардагы кырдаалды курчутууга алып келе турган мындай иш-аракеттерге жол бербөө зарыл", — деген элчиге Ниязалиев.

Ошондой эле кыргыз тарап Тажикстанда болуп өткөн окуянын жагдайларын тактоо, күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жана жыйынтыгын маалымдоо боюнча токтоосуз чараларды көрүүгө чакырды.

"Учурдагы бардык көйгөйлөр диалог аркылуу чечилиши керек. Кыргыз тарап мурдагыдай эле Тажикстан менен биргеликте, боордош элдеринин көп жылдык руханий жана маданий мамилелерин бекемдеп, коңшулукту, туруктуулукту жана достукту камсыздоого багытталган шарттарды түзүүгө даяр", —  деген министрдин орун басары.

Эске салсак, 24-апрель күнү социалдык тармакка эки уландын түндөтөн бери жок болуп жатканы боюнча видео тараган. Анда Лейлек районуна караштуу Эски-Оочу айылында жашаган аялдын кыргыз-тажик чек арасына жакын аймакта курулуп жаткан тигүү цехинде иштеген уулу менен анын досу жоголуп кеткенин айтып, ыйлап жатканы тартылган.

Кийин эки жаран тең Тажикстанда табылып, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында алар "Оочу-Калача" посту аркылуу кайтарылган. Бирок азырынча алардын эмне себептен Тажикстанга алынып кеткени тактала элек.

Эки улан менен кошо мурда чек арадан мыйзамсыз өтүүгө шектелип кармалган алты кыргызстандык да бошотулган.

236
Белгилер:
уурдоо, жаран, нота, ТИМ, Тажикстан, Кыргызстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (217)
Тема боюнча
Ташиев: Лейлектин Козу-Баглан суусуна "Ак-Тоок" деп аталган суу сактагыч курулат
Кыргызстан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев

Ташиев: бир дагы метр жерибизди бербейбиз, Ворухка коридор ачылбайт

638
(жаңыланган 17:51 06.05.2021)
Баткенде Ходжаи Аъло — Ворух жолу курулары тууралуу маалымат тарагандан кийин соцтармактын колдонуучулары Ташиев анклавга коридор ачканы жатканын айтып нааразы болушкан.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Баткендеги Ворух анклавына эч кандай коридор берилген жок. Бул тууралуу Кыргызстан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдиргенин анын жардамчысы Өткүрбек Рахманов Facebook баракчасына жарыялады.

Белгилей кетсек, бүгүн, 6-майда, Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик чек арасындагы делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк делегациясы биргелешкен билдирүү жасады. Ага ылайык, эки өлкө Тажикстандын жарандарынын жана жүк ташыган унааларынын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн Ходжаи Аъло — Ворух жолун курат. Кийин тажик тарап жолду колдонот жана оңдоп-түзөп турат. Аталган жол Капчыгай (Танги) айылын айланып өтөт. Бул маалымат тарагандан кийин соцтармактын колдонуучулары "Камчыбек Ташиев Ворухка коридор ачмай болду, Тажикстан куралдуу кол салып көздөгөнүнө жетти" деген сыяктуу пикирлерин жаза башташты. Мындан улам Ташиев маселе боюнча төмөнкүчө түшүндүрмө берген.

"Кыргыз-тажик чек арасы боюнча оор кырдаалда өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен билдирүү кабыл алганыбыз чын. 5-майдан 9-майга чейин №43 чек ара чекитинен №61 чек ара чекитине чейин, №135 чек ара чекитинен №141 чек ара чекитине чейинки бөлүктөр боюнча чек ара тилкесин чийип, жазуу иштери жүргүзүлөт. Мына ушул тилкелер боюнча гана 1924 жана 1927-жылдардагы, ошондой эле 1989-жылдагы карталар пайдаланылат. Дагы бир жолу баса белгилейм, аталган жылдардагы карталар ушул гана чек ара чекиттерин тактоодо колдонулат. Ворух анклавынын буга эч кандай тиешеси жок", — деди Ташиев.

Ал ошондой эле Ворух анклавына эч кандай коридор берилбегенин белгилеген.

"Ворухка коридор берилген жок. Тажикстандын жарандарынын каттоосу үчүн Баткен районунун Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтө турган автожол колдонулат. Жол Баткен районунун карамагында болот, бул документте так жазылып турат. Бул жолдун статусу эки мамлекеттин ортосундагы өзүнчө мамлекеттик макулдашуу менен аныкталат. Башкача айтканда, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттер аралык келишими менен бекитилет. Үчүнчүдөн, биз качан гана анклавдын тегерек чети толук делимитация, демаркациядан өткөндөн кийин гана жолду пайдаланууга уруксат беребиз. Ворух анклавынын тегерек-четин тактоо боюнча сүйлөшүүлөр өз алдынча жүрмөкчү. Калган участоктор өзүнчө, Ворух боюнча өзүнчө келишимге келебиз. Ошондуктан сабырдуу болуп, такталбаган маалыматтарды чыгарбай туруңуздар. Бизге башка мамлекеттин бир метр да жеринин кереги жок, бирок биз дагы бир метр жерибизди бербейбиз! Өлкө жетекчилиги, биз, бардыгыбыз мына ушул позицияда болобуз жана аягына чейин турабыз!" — деди Ташиев.

Кыргызстан менен Тажикстандын белгилүү бир чек ара чекиттери тактала турган карта боюнча маалыматты да окуңуздар.

638
Белгилер:
Ворух анклавы, Камчыбек Ташиев, Жаңжал, чек ара, Тажикстан, Кыргызстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (217)
Тема боюнча
Ташиев тажик делегациясынан кечирим сураган эмес. УКМК чуулуу видео тууралуу
Кыргызстан менен Тажикстан биргеликте Ворухка жол курат. Аны Тажикстан колдонот
Карта. Архив

Кыргыз-тажик чек арасындагы тилкелер кайсы картанын негизинде такталары айтылды

492
(жаңыланган 15:42 06.05.2021)
Министрлер кабинетинен эки өлкөнүн топографиялык жумушчу тобу аныкташы керек болгон чек ара жайларын айтып беришти.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Кыргызстандын министрлер кабинети Тажикстан менен чектеш аймактардын чек ара линиясынын долбоору кайсы карта менен аныктала турганын кабарлады.

Кыргызстандын министрлер кабинети Тажикстандын буга чейин жарыялаган маалыматын тастыктады. Ага ылайык, тараптар № 43 чек ара тилкесинен № 61 чек ара тилкесине чейинки жана № 135 чек ара тилкесинен № 141 чек ара тилкесине чейинки бөлүктөгү мамлекеттик чек ара линиясынын долбоорун аныктоо үчүн 1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык бөлүштүрүүнүн жана 1989-жылкы паритеттик комиссиянын документтери менен материалдары колдонулат. Эки өлкө топографиялык жумушчу топтун мүчөлөрүнө кыргыз-тажик чек арасынын жогоруда аталган участкаларындагы долбоордук линияны 5-9-май аралыгында жүргүзүүнү тапшырган.

Муну менен катар 17-майга чейин топографиялык иштер менен кыргыз-тажик чек ара линиясын аныктоо иштери Лейлек районундагы Максат, Кулунду айылдарында, Баткен районундагы Көк-Терек, Көк-Таш, Ак-Сай айылдарында, мындан сырткары, коңшу өлкөнүн Бабаджан Гафуров районундагы Овчи Калача айылында, Согди облусуна караштуу Чоркух, Сомониён, Ходжаи Аъло айылдарында жана Исфара шаарында жүргүзүлөт.

Мындай макулдашууга чек арадагы кырдаалдан кийин өкмөттүк комиссиялардын Баткен облусундагы жолугушуусунда келишкен.

492
Белгилер:
демаркация, делимитация, чек ара, Тажикстан, Кыргызстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (217)
Тема боюнча
Ташиев тажик делегациясынан кечирим сураган эмес. УКМК чуулуу видео тууралуу
Чек арадагы жаңжалдын кесепети. Баткендин жүрөктү тилген сүрөттөрү
Спутник Лайт вакцинасы. Архив

Россия коронавируска каршы дагы бир вакцинаны каттоодон өткөрдү

0
(жаңыланган 21:34 06.05.2021)
Бир компоненттүү "Спутник Лайт" вакцинасынын эффективдүүлүгү эмдөөнүн 28 күнүнөн тарта 79,4 пайызга жетери айтылды.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы "Спутник Лайт" вакцинасын каттоодон өткөрдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Бир компоненттүү "Спутник Лайт" вакцинасынын эффективдүүлүгү эмдөөнүн 28 күнүнөн тарта 79,4 пайызга жетет. Бул учурда текшерилгендердин 96.6 пайызында IgG антителосу, 91,67 пайызында вирусту алсыздандыра турган антитело пайда болорун аныкталды. 80 пайыз учурда анын таасири эки компоненттүү вакциналардан дагы күчтүү экенин белгилүү болду”, — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда анын клиникалык сыноосунун үчүнчү фазасы өтүп, ага Россия, БАЭ, Гана сыяктуу мамлекеттерден 7 миң кши катышып жатат. Жыйынтыгы ушул айда белгилүү болот.

"Спутник Лайт" Гамалея борбору менен Россиянын Түз инвестициялар фонду (РФПИ) биргеликте иштеп чыккан "Спутник" вакцина топтомуна кирет.

Буга чейин Гамалея атындагы борбордун директору Александр Гинцбург "Спутник Лайт" аталган мамлекеттерде оорунун мизин кайтарып, жергиликтүү саламаттык сактоо тармагына сезилерлик колдоо болорун белгилеген.

0
Белгилер:
вакцина, коронавирус, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Майдын ортосунда "Спутник V" вакцинасынын дагы бир партиясы келери күтүлүүдө