Кеңсе. Архив

Киреше жок, айлыгы 130 миң сом. Беш IT-мекеменин башчылары эмнеге иштен алынган

420
(жаңыланган 15:50 27.04.2021)
Мыйзам боюнча мамлекеттик ишканалар өзүн-өзү каржылап, аны менен катар кирешесинин 50 пайызын бюджетке бериши керек. Ал эми үч мекеме каражат таппай, тескерисинче казынадан алып турушкан.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Мамлекеттик IT-мекемелердин директорлору 130 миңге чейин маяна алып турган, бюджетти үнөмдөө үчүн аларды кызматтан кетирдик. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын кабарчысына Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Азамат Дыйканбаев билдирди.

Белгилей кетсек, өткөн жумада "Түндүк" электрондук өз ара аракеттешүү борборунун, "Инфосистема", "Соцсервис", "Транском" жана "Укук" мекемелеринин жетекчилери жумуштан алынган.

Дыйканбаевдин айтымында, мыйзам боюнча мамлекеттик ишканалар өзүн-өзү каржылап, аны менен катар кирешесинин 50 пайызын бюджетке бериши керек. Ал эми "Түндүк", "Соцсервис", "Укук" мекемелери каражат таппай, тескерисинче казынадан алып турушкан.

Директор Госагентства связи КР Азамат Дыйканбаев во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Азамат Дыйканбаев
"Бул бюджеттик акчаларды кыскартуу, оптимизациялоо, ашыкча чыгымдарды чектөө жана маалыматтык системаны өнүктүрүү үчүн жасалып жаткан иш. Санариптештирүүнү тескеген үч мекеме дотацияда туруп, жыл сайын мамлекеттен акча сурап жашап келишет. Ошого карабай директорлордун бери жагы 86 миң, алды 116 миң сомго чейин маяна алышчу. Сый акы, кошумча жана нормадан ашык эмгек акыларын кошкондо 130 миң сомго жетип кетет. Салыштыруу үчүн айтсак, бюджетке жылына 700 миллион сом киреше алып келген Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетиндеги адистер 20 миң, жетекчиси мен 30 миң сомдун тегерегинде маяна алчумун. Эми элестетсеңиз, биз аларды элден түшкөн салыктар менен багып отурганбыз", — деди Дыйканбаев.

Ошондой эле ал мекеме жетекчилеринин орун басарлары дагы 100 миң сомдун тегерегинде маяна аларын белгиледи. Бирок алар кызматтан алынган эмес.

Премьер-министр Улукбек Марипов IT тармакта иштеген ишкерлер менен жолугушту.
© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
"Реорганизацияга байланыштуу орун басарларын дагы кызматтан алсак көп чыгым болот. Себеби мыйзам боюнча, кетип жатканда үч айлык акысын беришибиз керек. Эсептей келсек, ар бирине эле 300-500 миң сомдой төлөөгө туура келет экен. Аны төлөбөш үчүн ушундай кадамдарга бардык. Ал эми директорлордуку саясий кызмат болгондуктан компенсация төлөнбөйт", — деди төраганын милдетин аткаруучу.

Мындан сырткары, Дыйканбаев бир мекеменин директору санариптештирүү боюнча укуктук-ченемдик актыларын жазууга 3 миллион доллар алууга аракет кылып жатканын белгиледи.

"Дүйнөлүк банктын Digital CASA деп аталган 50 миллион долларлык долбоору бар. Анын алкагында укуктук-ченемдик актыларга өзгөртүү киргизиш керек. Анда 30-40 мыйзам, токтомдор өзгөртүлүп, санариптештирүү кодекси жазылат. Ага 3 миллион доллар алууну көксөп жатышкан, муну сомго которсок 250 миллион сомдой болот. Эми элестетсеңиз, өкмөттө эксперттер 30 миң айлыгы менен ай сайын жүздөгөн укуктук-ченемдик актыларды карап жатышпайбы. Анан бир фирма келип 250 миллион сомго жазып кеткени туура эмес го. Мен муну жөн гана акча адалдоо деп эсептейм", — деди Дыйканбаев.

Ошондой эле ал өлкөнү санариптештирүү токтотулбай турганын, дагы да күчтүү адистерди тартып иштер илгерилерин белгиледи.

"Түндүк" электрондук өз ара аракеттешүү борборун Нурия Кутнаева, "Инфосистеманы” Руслан Токочев, "Соцсервисти" Аман Абдылдаев, "Транскомду" Максат Осмонов, "Укук" мекемесин Улукбек Юсупов жетектеп келген.

420
Белгилер:
кызматтан алуу, маяна, мекеме, директор, кызмат
Тема боюнча
Санариптештирүүнү тескеген беш IT-мекеменин жетекчилери иштен алынды
Чет өлкөгө чыгуучу паспорт жок Мамкаттоо элди тушап койду. Видео иликтөө
Беларусь лидери Александр Лукашенко. Архивдик сүрөт

Лукашенко президент көз жумса өлкөнү ким башкарарын аныктаган декретке кол койду

452
(жаңыланган 13:58 09.05.2021)
Декретте президентке кол салуу, теракт жана тыштан агрессия же башка окуя болуп көз жумса бийликтин кайсы органга өтөрү айтылган.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Беларусь лидери Александр Лукашенко эгерде өлкөнүн президентинин көзү өтүп кетсе, бийликтин кайсы колго өтөрү туурасында "Суверенитет жана конституциялык түзүмдү коргоо жөнүндө" деп аталган декретке кол койду. Бул туурасында президенттин расмий сайтында маалымдалган.

"Декрет көз карандысыздыкты жана мамлекеттин суверендүүлүгүн сактоого багытталган", — деп айтылат маалыматта.

Декретте президентке кол салуу, теракт жана тыштан агрессия же башка окуя болуп көз жумса бийликтин Коопсуздук кеңешине өтөрү айтылган.

"Мамлекеттик бардык органдар жана кызматта тургандар Коопсуздук кеңешинин чечими менен иш алып барат. Анын отурумуна премьер-министр төрагалык кылат", — деп айтылган анда.

Мындай кырсык болгон учурда өзгөчө кырдаал жана аскердик абал киргизилип, Коопсуздук кеңеши аны камсыздоо чараларын көрөт. Чыккан чечимдердин бардыгы кыйшаюусуз аткарылууусу керек.

Апрелдин ортосунда Лукашенконун жана анын балдарына кол салууга даярданган кишилердин тобу кармалгандыгы боюнча кабар тараган. Беларусь лидеринин айтымында, буга америкалык атайын кызматтын тиешеси бар жана кармалгандардын арасында чет элдик агенттер болгон. Өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук боюнча комитети козголоңчулар өлкөдө куралдуу басып алуу даярдангандыгын билдирген эле.

452
Белгилер:
декрет, кол салуу, Александр Лукашенко, Беларусь
Тема боюнча
ФСБ: Лукашенкону өлтүрүүгө камданып, Беларуста төңкөрүш даярдагандар кармалды
Лукашенконун уулуна генерал наамы берилди
РФ президенти Владимир Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушу

Путин менен Рахмон Москвада жолукту

323
(жаңыланган 23:46 08.05.2021)
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу жана жалпы аймактагы коопсуздук маселелерин талкуулашкан.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин Россия Тажикстанга Афганистан менен чектеш экенин эске алып ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдиргенин РИА Новости жазды.

Бүгүн Россия өлкө башчысы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

"Афганистанда болуп жаткан окуялардан улам аймактагы коопсуздук маселеси курч турат. Тажикстандын Афганистан менен болгон чек арасы узун. Кырдаал сиздин тынчыңызды алып жатканын түшүнөм, негиздүү. Окуя кандай нукта өнүгөрү тууралуу сиздин пикириңиз кызык. Биз өз кезегинде колдоо көрсөтүүгө болгон аракетибизди жумшап жатабыз", — деди Путин.

Ал Тажикстанда Россия Куралдуу күчтөрүнүн 201-базасы жайгашканын, өлкө анын кубаттуулугун арттыруу боюнча иштерди жасап жатканын айтып өттү.

Сөз кезеги келгенде Рахмон Афганистандагы абалга катуу тынчсызданып жатканын белгиледи.

"АКШ Афганистандан аскерин алып чыгарын эске алып коопсуздук маселелерин талкуулоо зарыл. Бул билдирүүдөн кийин өлкөдө кырдаал курчуп кетти", — деди Рахмон.

Президент Тажикстан менен Афганистандын чек арасы 1 300 чакырымдан көп экенин, башкача айтканда, жалпы чек ара тилкесинин 60 пайызын түзөрүн белгилеп өттү. Муну менен бирге Россия менен бардык тармак боюнча, анын ичинде коопсуздук маселеси дагы бар, байланыш бекемделип жатканын кошумчалады.

Андан сырткары, Тажикстандын жетекчиси ЖККУ менен ШКУ уюмдарында төрагалык кылчу мамлекет катары саммиттерге даярдык өз деңгээлинде жүрүп жатканына токтолду.

Жолугушууда Улуу Ата Мекендик согуштун мааниси тууралуу да сөз болуп, тараптар бири-бирин Улуу Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттукташты.

323
Белгилер:
чек ара, Афганистан, саммит, Тажикстан, Россия, Эмомали Рахмон, Владимир Путин
Тема боюнча
Путин Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жеңиш майрамы менен куттуктады
Президент Кыргызстана Садыр Жапаров. Архив

Садыр Жапаров банкирлерди куттуктап, жаңы милдеттерди такты

0
(жаңыланган 11:10 10.05.2021)
10-май — Кыргызстандын банк кызматкерлеринин күнү. Бул майрам 2003-жылы өкмөттүн токтому менен негизделген.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Кыргызстандын банк системасы глобалдык экономикалык тоскоолдуктарга карабай стабилдүү иштеди, буга кызматкерлердин өз ишине берилгендиги түрткү болду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоосунда айтылды.

Ошону менен бирге өлкө башчы банкирлердин алдында жаңы милдеттер турганын айтты.

"Дүйнөдө финансылык технологиялардын динамикалык өнүгүшүн эске алуу менен банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн санарип инфраструктурасын өнүктүрүүнү, инновациялык банк операцияларын жана санариптик төлөм технологияларын киргизүүнү тездетүү керек. Экономикалык активдүүлүктү тез арада калыбына келтирүү максатында жеңилдетилген каржылоо ишке ашышы зарыл", — деди президент.

Сөзүнүн аягында Жапаров банк кызматкерлерине ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана ийгилик каалады.

Эске салсак, 10-май — Кыргызстандын банк кызматкерлеринин күнү. Бул майрам 2003-жылы өкмөттүн токтому менен негизделген.

0
Белгилер:
Садыр Жапаров, куттуктоо, майрам, банк, Кыргызстан
Тема боюнча
9-май — каармандыктын символу. Жапаров кыргызстандыктарды Жеңиш күн менен куттуктады