Судьянын балкасы. Архив

Садыр Жапаров жергиликтүү сотторго 30 судьяны дайындады. Тизме

198
(жаңыланган 17:49 27.04.2021)
Президентке 31 талапкер сунушталган. Алардын 30у судьялык кызматка бекитилди. Ал эми бир талапкер боюнча материал кеңешке кайтарылды.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров 30 судьяны жергиликтүү сотторго дайындады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан президенттин дарегине Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым райондук сотторго судьяларды дайындоо үчүн 31 талапкер боюнча сунуш келип түшкөн.

"Садыр Жапаров судьялык кызматка 30 талапкер боюнча кеңештин сунушуна макул болду. Ал эми бир талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, материалдарды кеңешке кайтарды", — деп айтылат маалыматта.

Чүй райондук соту:

  • Курманова Гүлай Эсеновна.

Аксы райондук соту:

  • Батыралиев Кайрат Абдуллаевич;
  • Дарманкулов Манасбек Маширапович;
  • Насирова Ташкан Жумабаевна.

Базар-Коргон райондук соту:

  • Миталипов Шарипжан Таштемирович;
  • Нармырзаев Марклен Алтынбекович;
  • Эргешов Сулайман Кадырбекович.

Ноокен райондук соту:

  • Өскөнов Данияр Айтмаматович;
  • Турдумбетов Мунарбек Шерматович.

Сузак райондук соту:

  • Маматалиева Нуржамал Исмаиловна;
  • Жолдошов Иматилла Султанович;
  • Жолчу кызы Сапаргүл;
  • Смадиярова Айжан Алимжановна;
  • Осмоналиева Уулкан Мыкталиевна.

Тогуз-Торо райондук соту:

  • Каримбеков Ниматилла Исмаилович;
  • Төлөнбаев Аманбек Ыдырысович.

Чаткал райондук соту:

  • Осмонов Сотибек Ырыскулович.

Токтогул райондук соту:

  • Бапанова Гүлмира Шериевна.

Кара-Көл шаардык соту:

  • Миркамилов Нурлан Мирпазылович.

Майлуу-Суу шаардык соту:

  • Асылбашев Данияр Куванычбекович.

Таш-Көмүр шаардык соту:

  • Садыков Алтынбек Кадырбаевич.

Жалал-Абад шаардык соту:

  • Апысова Аида Айдаралиевна;
  • Калмамат уулу Алтынбек.

Кара-Суу райондук соту:

  • Туманова Венера Сүйүнбаевна;

Чоң-Алай райондук соту:

  • Эргешова Элиза Исаковна.

Ош шаардык соту:

  • Истамкулов Кылычбек Маканбаевич;
  • Курманбеков Темирбек Улукбекович;
  • Маматов Темирбек Тайырбекович;
  • Акматов Абдималик Алиевич;
  • Матенов Таалайбек Убанкожоевич.
  • Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
198
Белгилер:
тизме, судья, сот, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Кыргызстандын Жогорку сотуна жаңы төрайым шайланды. Сүрөт
Садыр Жапаров 19 судьяны дайындады. Тизме
Кыргызстан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев

Ташиев: бир дагы метр жерибизди бербейбиз, Ворухка коридор ачылбайт

570
(жаңыланган 17:51 06.05.2021)
Баткенде Ходжаи Аъло — Ворух жолу курулары тууралуу маалымат тарагандан кийин соцтармактын колдонуучулары Ташиев анклавга коридор ачканы жатканын айтып нааразы болушкан.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Баткендеги Ворух анклавына эч кандай коридор берилген жок. Бул тууралуу Кыргызстан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдиргенин анын жардамчысы Өткүрбек Рахманов Facebook баракчасына жарыялады.

Белгилей кетсек, бүгүн, 6-майда, Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик чек арасындагы делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк делегациясы биргелешкен билдирүү жасады. Ага ылайык, эки өлкө Тажикстандын жарандарынын жана жүк ташыган унааларынын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн Ходжаи Аъло — Ворух жолун курат. Кийин тажик тарап жолду колдонот жана оңдоп-түзөп турат. Аталган жол Капчыгай (Танги) айылын айланып өтөт. Бул маалымат тарагандан кийин соцтармактын колдонуучулары "Камчыбек Ташиев Ворухка коридор ачмай болду, Тажикстан куралдуу кол салып көздөгөнүнө жетти" деген сыяктуу пикирлерин жаза башташты. Мындан улам Ташиев маселе боюнча төмөнкүчө түшүндүрмө берген.

"Кыргыз-тажик чек арасы боюнча оор кырдаалда өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен билдирүү кабыл алганыбыз чын. 5-майдан 9-майга чейин №43 чек ара чекитинен №61 чек ара чекитине чейин, №135 чек ара чекитинен №141 чек ара чекитине чейинки бөлүктөр боюнча чек ара тилкесин чийип, жазуу иштери жүргүзүлөт. Мына ушул тилкелер боюнча гана 1924 жана 1927-жылдардагы, ошондой эле 1989-жылдагы карталар пайдаланылат. Дагы бир жолу баса белгилейм, аталган жылдардагы карталар ушул гана чек ара чекиттерин тактоодо колдонулат. Ворух анклавынын буга эч кандай тиешеси жок", — деди Ташиев.

Ал ошондой эле Ворух анклавына эч кандай коридор берилбегенин белгилеген.

"Ворухка коридор берилген жок. Тажикстандын жарандарынын каттоосу үчүн Баткен районунун Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтө турган автожол колдонулат. Жол Баткен районунун карамагында болот, бул документте так жазылып турат. Бул жолдун статусу эки мамлекеттин ортосундагы өзүнчө мамлекеттик макулдашуу менен аныкталат. Башкача айтканда, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттер аралык келишими менен бекитилет. Үчүнчүдөн, биз качан гана анклавдын тегерек чети толук делимитация, демаркациядан өткөндөн кийин гана жолду пайдаланууга уруксат беребиз. Ворух анклавынын тегерек-четин тактоо боюнча сүйлөшүүлөр өз алдынча жүрмөкчү. Калган участоктор өзүнчө, Ворух боюнча өзүнчө келишимге келебиз. Ошондуктан сабырдуу болуп, такталбаган маалыматтарды чыгарбай туруңуздар. Бизге башка мамлекеттин бир метр да жеринин кереги жок, бирок биз дагы бир метр жерибизди бербейбиз! Өлкө жетекчилиги, биз, бардыгыбыз мына ушул позицияда болобуз жана аягына чейин турабыз!" — деди Ташиев.

Кыргызстан менен Тажикстандын белгилүү бир чек ара чекиттери тактала турган карта боюнча маалыматты да окуңуздар.

570
Белгилер:
Ворух анклавы, Камчыбек Ташиев, Жаңжал, чек ара, Тажикстан, Кыргызстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Ташиев тажик делегациясынан кечирим сураган эмес. УКМК чуулуу видео тууралуу
Кыргызстан менен Тажикстан биргеликте Ворухка жол курат. Аны Тажикстан колдонот
Карта. Архив

Кыргыз-тажик чек арасындагы тилкелер кайсы картанын негизинде такталары айтылды

478
(жаңыланган 15:42 06.05.2021)
Министрлер кабинетинен эки өлкөнүн топографиялык жумушчу тобу аныкташы керек болгон чек ара жайларын айтып беришти.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Кыргызстандын министрлер кабинети Тажикстан менен чектеш аймактардын чек ара линиясынын долбоору кайсы карта менен аныктала турганын кабарлады.

Кыргызстандын министрлер кабинети Тажикстандын буга чейин жарыялаган маалыматын тастыктады. Ага ылайык, тараптар № 43 чек ара тилкесинен № 61 чек ара тилкесине чейинки жана № 135 чек ара тилкесинен № 141 чек ара тилкесине чейинки бөлүктөгү мамлекеттик чек ара линиясынын долбоорун аныктоо үчүн 1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык бөлүштүрүүнүн жана 1989-жылкы паритеттик комиссиянын документтери менен материалдары колдонулат. Эки өлкө топографиялык жумушчу топтун мүчөлөрүнө кыргыз-тажик чек арасынын жогоруда аталган участкаларындагы долбоордук линияны 5-9-май аралыгында жүргүзүүнү тапшырган.

Муну менен катар 17-майга чейин топографиялык иштер менен кыргыз-тажик чек ара линиясын аныктоо иштери Лейлек районундагы Максат, Кулунду айылдарында, Баткен районундагы Көк-Терек, Көк-Таш, Ак-Сай айылдарында, мындан сырткары, коңшу өлкөнүн Бабаджан Гафуров районундагы Овчи Калача айылында, Согди облусуна караштуу Чоркух, Сомониён, Ходжаи Аъло айылдарында жана Исфара шаарында жүргүзүлөт.

Мындай макулдашууга чек арадагы кырдаалдан кийин өкмөттүк комиссиялардын Баткен облусундагы жолугушуусунда келишкен.

478
Белгилер:
демаркация, делимитация, чек ара, Тажикстан, Кыргызстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Ташиев тажик делегациясынан кечирим сураган эмес. УКМК чуулуу видео тууралуу
Чек арадагы жаңжалдын кесепети. Баткендин жүрөктү тилген сүрөттөрү
Жаан учурунда киши кол чатыр менен бара жатат. Архив

Жума күнүнө карата аба ырайы

0
7-майга караган түнү температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу суунун деңгээли кескин көтөрүлүп, тоолуу райондордо сел жүрүшү ыктымал.

БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +21…+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +24…+29, Ысык-Көлдө +19…+24, Нарын өрөөнүндө +20…+25 градусту көрсөтөт.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы мүмкүн. Күндүн табы борбордо +24…+26, Ош шаарында +25…+27 градус болору боолголонду.

0
Белгилер:
Кыргызстан, май, аба ырайы
Тема боюнча
Жаан жаайбы? Дем алыш күндөргө карата аба ырайы