Баткен обулусундагы ыйгарымды укуктуу өкүлү Өмүрбек Субаналиев. Архив

Согди губернаторун Исфара акими укпай койгон. Баткендин башчысы Суваналиев үн катты

694
(жаңыланган 15:42 29.04.2021)
Баткен облусунун жетекчиси Суваналиев Көк-Таш айылынын жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлүп жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кечээ, 28-апрелде, Согди делегациясы менен сүйлөшүү аяктап, маселе чечилип калганда, саат бештерде, чагымчылдык болуп кетти. Алардын чиновниктери жетекчилеринин сөзүн укпай койду. Бул маалыматтарды өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарымдуу укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев айтты.

"Кыргыз-тажик чек арасында бүгүн абал турукташып бара жатат. Акимчилик, айыл башчылары, күч түзүмдөрү иштөөдө. Кечээтен тарта абалды турукташтыруу менен алекпиз. Азыр абал өзгөрүлмөлүү болуп бир тынчып, кайра жаңжал чыгып кетүүдө. Элдин коопсуздугун сактоо максатында алдын ала иш жүргүзүп жатабыз. Кечээ, 28-апрелде, Согди делегациясы менен биздин делегациянын сүйлөшүүсү аяктап, маселе чечилип калганда, саат бештерде, чагымчылдык болуп кетти. Алардын чиновниктери жетекчилеринин сөзүн укпай койду", — деди Суваналиев.

Облус башчысы абалды курчутууга кызыкдар күчтөр болуп жатканын белгиледи.

"Абал азыр көзөмөлдө. Чек арада ызы-чуу, провокация болорун алдын ала сезип турдук... Азыр абалды курчутууга жеткире турган күчтөр бар, бирок биз эки элдин ортосундагы кагылышууга жол бербейбиз. Бүгүнкү күндө Согди облусунун губернатору талаштуу камераны алыш керектигин айткан. Акыркы күндө Исфаранын акими аны укпай коюп, кагылышуу болуп кетти", — деп маалымдады Суваналиев.

Ал учурда так сүйлөшүү боло электигин айтты.

"Учурда коомдук тартипти сактоо жана кайтаруу иштерин жүргүзүп жатабыз. Абал эмнеге мындай болуп кеткендигин биз тактап билишибиз керек. Айылдагыларды коопсуз жайга көчүрүүдөбүз. Бирин-серин ок атуу болгон, ал боюнча ИИМ башкармалыгы иштеп жатат. Айтайын дегеним, чагымчыл күчтөрдү изилдеп жатабыз", — деди облус жетекчиси.

Баткендеги жаңжал

28-апрель күнү күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы ИИМ кызматкерлери
© Фото / пресс-служба УВД Баткенской области
Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин ташка алган. Кечке маал абал салыштырмалуу турукташып, бирок таңга жуук кайрадан курчуган.

Окуя учурунда төрт кыргызстандык жана беш тажикстандыктын жаракат алганы айтылат. Алардын ичинен бир кыргызстандыкка ок тийип, оор абалда жатат. Ошол эле учурда тажик тарап дагы бир жараны ок жегенин айтып, бирок Кыргызстандын чек арачылары курал колдонбогонун билдирди.

Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Чек арада ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билсеңиз болот.

694
Белгилер:
Өмүрбек Субаналиев, Баткен району, чек ара, Тажикстан, Кыргызстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (239)
Тема боюнча
УКМК кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча кенен маалымат берди
Баткендин үч айылына өзгөчө кырдаал режими кирди. Учурда абал кандай
Беларусь лидери Александр Лукашенко. Архивдик сүрөт

Лукашенко президент көз жумса өлкөнү ким башкарарын аныктаган декретке кол койду

452
(жаңыланган 13:58 09.05.2021)
Декретте президентке кол салуу, теракт жана тыштан агрессия же башка окуя болуп көз жумса бийликтин кайсы органга өтөрү айтылган.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Беларусь лидери Александр Лукашенко эгерде өлкөнүн президентинин көзү өтүп кетсе, бийликтин кайсы колго өтөрү туурасында "Суверенитет жана конституциялык түзүмдү коргоо жөнүндө" деп аталган декретке кол койду. Бул туурасында президенттин расмий сайтында маалымдалган.

"Декрет көз карандысыздыкты жана мамлекеттин суверендүүлүгүн сактоого багытталган", — деп айтылат маалыматта.

Декретте президентке кол салуу, теракт жана тыштан агрессия же башка окуя болуп көз жумса бийликтин Коопсуздук кеңешине өтөрү айтылган.

"Мамлекеттик бардык органдар жана кызматта тургандар Коопсуздук кеңешинин чечими менен иш алып барат. Анын отурумуна премьер-министр төрагалык кылат", — деп айтылган анда.

Мындай кырсык болгон учурда өзгөчө кырдаал жана аскердик абал киргизилип, Коопсуздук кеңеши аны камсыздоо чараларын көрөт. Чыккан чечимдердин бардыгы кыйшаюусуз аткарылууусу керек.

Апрелдин ортосунда Лукашенконун жана анын балдарына кол салууга даярданган кишилердин тобу кармалгандыгы боюнча кабар тараган. Беларусь лидеринин айтымында, буга америкалык атайын кызматтын тиешеси бар жана кармалгандардын арасында чет элдик агенттер болгон. Өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук боюнча комитети козголоңчулар өлкөдө куралдуу басып алуу даярдангандыгын билдирген эле.

452
Белгилер:
декрет, кол салуу, Александр Лукашенко, Беларусь
Тема боюнча
ФСБ: Лукашенкону өлтүрүүгө камданып, Беларуста төңкөрүш даярдагандар кармалды
Лукашенконун уулуна генерал наамы берилди
РФ президенти Владимир Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушу

Путин менен Рахмон Москвада жолукту

323
(жаңыланган 23:46 08.05.2021)
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу жана жалпы аймактагы коопсуздук маселелерин талкуулашкан.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин Россия Тажикстанга Афганистан менен чектеш экенин эске алып ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдиргенин РИА Новости жазды.

Бүгүн Россия өлкө башчысы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

"Афганистанда болуп жаткан окуялардан улам аймактагы коопсуздук маселеси курч турат. Тажикстандын Афганистан менен болгон чек арасы узун. Кырдаал сиздин тынчыңызды алып жатканын түшүнөм, негиздүү. Окуя кандай нукта өнүгөрү тууралуу сиздин пикириңиз кызык. Биз өз кезегинде колдоо көрсөтүүгө болгон аракетибизди жумшап жатабыз", — деди Путин.

Ал Тажикстанда Россия Куралдуу күчтөрүнүн 201-базасы жайгашканын, өлкө анын кубаттуулугун арттыруу боюнча иштерди жасап жатканын айтып өттү.

Сөз кезеги келгенде Рахмон Афганистандагы абалга катуу тынчсызданып жатканын белгиледи.

"АКШ Афганистандан аскерин алып чыгарын эске алып коопсуздук маселелерин талкуулоо зарыл. Бул билдирүүдөн кийин өлкөдө кырдаал курчуп кетти", — деди Рахмон.

Президент Тажикстан менен Афганистандын чек арасы 1 300 чакырымдан көп экенин, башкача айтканда, жалпы чек ара тилкесинин 60 пайызын түзөрүн белгилеп өттү. Муну менен бирге Россия менен бардык тармак боюнча, анын ичинде коопсуздук маселеси дагы бар, байланыш бекемделип жатканын кошумчалады.

Андан сырткары, Тажикстандын жетекчиси ЖККУ менен ШКУ уюмдарында төрагалык кылчу мамлекет катары саммиттерге даярдык өз деңгээлинде жүрүп жатканына токтолду.

Жолугушууда Улуу Ата Мекендик согуштун мааниси тууралуу да сөз болуп, тараптар бири-бирин Улуу Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттукташты.

323
Белгилер:
чек ара, Афганистан, саммит, Тажикстан, Россия, Эмомали Рахмон, Владимир Путин
Тема боюнча
Путин Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жеңиш майрамы менен куттуктады
Президент Кыргызстана Садыр Жапаров. Архив

Садыр Жапаров банкирлерди куттуктап, жаңы милдеттерди такты

0
(жаңыланган 11:10 10.05.2021)
10-май — Кыргызстандын банк кызматкерлеринин күнү. Бул майрам 2003-жылы өкмөттүн токтому менен негизделген.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Кыргызстандын банк системасы глобалдык экономикалык тоскоолдуктарга карабай стабилдүү иштеди, буга кызматкерлердин өз ишине берилгендиги түрткү болду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоосунда айтылды.

Ошону менен бирге өлкө башчы банкирлердин алдында жаңы милдеттер турганын айтты.

"Дүйнөдө финансылык технологиялардын динамикалык өнүгүшүн эске алуу менен банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн санарип инфраструктурасын өнүктүрүүнү, инновациялык банк операцияларын жана санариптик төлөм технологияларын киргизүүнү тездетүү керек. Экономикалык активдүүлүктү тез арада калыбына келтирүү максатында жеңилдетилген каржылоо ишке ашышы зарыл", — деди президент.

Сөзүнүн аягында Жапаров банк кызматкерлерине ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана ийгилик каалады.

Эске салсак, 10-май — Кыргызстандын банк кызматкерлеринин күнү. Бул майрам 2003-жылы өкмөттүн токтому менен негизделген.

0
Белгилер:
Садыр Жапаров, куттуктоо, майрам, банк, Кыргызстан
Тема боюнча
9-май — каармандыктын символу. Жапаров кыргызстандыктарды Жеңиш күн менен куттуктады