Ысык-Көл облусунун мурдагы прокурору Сыймык Жапыкеев. Архив

Курманкул Зулушев Сыймык Жапыкеевдин отставкасын кабыл алды

92
(жаңыланган 13:24 29.04.2021)
Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору кызматынан кетүү боюнча 28-апрель күнү арыз жазган. Бирок отставкага кетүү чечиминин себебин түшүндүргөн эмес.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеевдин кызматтан кетүү боюнча жазган арызына башкы прокурор Курманкул Зулушев кол койду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

"Жапыкеевдин арызына көзөмөл органынын жетекчиси Курманкул Зулушев бүгүн кол койду", — деп айтылат билдирүүдө.

Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору кызматынан кетүү боюнча 28-апрель күнү арыз жазган. Бирок отставкага кетүү чечиминин себебин түшүндүргөн эмес.

Эске салсак, Сыймык Жапыкеев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын жетектеп келген. Бирок премьер-министр Улукбек Марипов аталган кызматты жоюу тууралуу токтом чыгаргандан кийин ал ишсиз калган. Бирок кийин 30-мартта Ысык-Көлгө прокурор болуп дайындалган.

92
Белгилер:
арыз, Курманкул Зулушев, прокурор, Ысык-Көл облусу, Сыймык Жапыкеев
Тема боюнча
Сыймык Жапыкеев Ысык-Көлдү башкаруу ниетиндеби? Өзү эмне дейт
Жапыкеев президент Жапаровдун жарлыгы менен генерал болгон
Добуш берип жаткан шайлоочу. Архив

БШК Ош шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Себеби

585
(жаңыланган 21:44 11.05.2021)
Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова президент Садыр Жапаровдон кайра шайлоо дайындоону сурады.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы массалык мыйзам бузуулар катталганын жүйө келтирип, Ош шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды.

Мындай чечим бүгүн БШКнын жыйынында кабыл алынды. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова президент Садыр Жапаровдон кайра шайлоо дайындоону өтүндү.

Ал шайлоо маалында кызмат адамдары добуш берүү процессине кийлигишкени, административдик ресурс колдонулганы, үгүт иштеринде, добуш берүү учурунда, имараттан сырткары добуш берүүдө мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди.

“Мунун баары жарандардын эркин добуш берүүсүнө көзгө урунарлык таасир этет, добуш берүүнүн жыйынтыгын так аныктоону кыйындатат. Ошондой эле шайлоо процессинин негиздерине жана добуш берүү укугунун принциптерине каршы келет. Мындай мыйзам бузуулар көп санда катталгандыктан шайлоого болгон ишенимди ажыратат”, — деди Шайлдабекова. 

Буга байланыштуу БШК Ош шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табуу боюнча токтом чыгарды. Ага ылайык, кимдин иш-аракети жыйынтыкты жокко чыгарууга түрткү болсо, ошол талапкер кайра шайлоого катыша албайт.

Мындан сырткары, Ош аймактык шайлоо комиссиясынын жоопкерчилигин кароо чечими чыккан.

11-апрелде өткөн шайлоодо Ош шаардык кеңешине төрт партия утуп чыккан.

АСУнун жыйынтыгы боюнча мандат төмөнкүдөй бөлүштүрүлмөк:

  • "Ата-Журт Кыргызстан" — 48,68 пайыз (27 мандат);
  • "Улуттар биримдиги" — 17,52 пайыз (12 мандат);
  • "Ыйман нуру" — 8,11 пайыз (4-5 мандат);
  • "Ынтымак" — 7,02 пайыз (3-4 мандат). 
585
Белгилер:
жокко чыгаруу, жыйынтык, шайлоо, шаардык кеңеш, Ош
Тема:
Жергиликтүү кеңештерди шайлоо
Тема боюнча
Экс-депутат, мэрия кызматкерлери жүрөт. Ош шаардык кеңешине кимдер баратат
Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев. Архив

Курманбек Бакиевдин бир тууганына карата сот өкүмү жокко чыгарылды

232
(жаңыланган 19:00 11.05.2021)
Буга чейинки чыккан өкүмдөр жокко чыгарылып, иш кайра кароо үчүн Жалал-Абад шаардык сотуна жөнөтүлгөн.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Каныбек Бакиевдин кылмыш иши боюнча соттун өкүмү жокко чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 27-апрелде Жогорку сот тарабынан буга чейин Бакиевге карата чыккан Жалал-Абад шаардык (25-март, 2020-жыл) жана облустук соттун (10-декабрь, 2020-жыл) өкүмү жокко чыгарылган. Кылмыш иши толук иликтенбегенине байланыштуу кайра кароого жиберилди.

Ал эми адвокаттын Каныбек Бакиевди толугу менен актоо боюнча келтирген өтүнүчү канааттандырылган эмес.

232
Белгилер:
Жогорку сот, өкүм, сот, Курманбек Бакиев
Тема боюнча
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов биротоло акталды
Аида Саляновага карата сот өкүмү жокко чыгарылды. Иш кайрадан каралат
Жүк ташуучу унаалар. Архив

Милиция: Баткенде кармалган Тажикстандын 3 фурасы кыргыздардыкына алмаштырылат

0
(жаңыланган 23:12 11.05.2021)
Үч фура 7-майдан бери чек ара тилкелериндеги окуяга байланыштуу коопсуздук үчүн милиция кызматкерлеринин карамагында болгон.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Баткен облусунун кире бериш аймагынан токтотулган Тажикстандын жүк ташып бара жаткан унаалары милиция тарабынан кармалып турган. Бул тууралуу Баткен облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, үч фура 7-майдан бери чек ара тилкелериндеги окуяга байланыштуу коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлеринин карамагында болгон.

“Бүгүн, 11-майда, кармалган фураларды Баткен ОИИБдин унаа токтотуучу жайына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын коштоосунда Баткен шаарына алып келе жаткан. Кыргыз жарандарынын жети фурасы Тажикстанда кармалып турат. Эки өлкөнүн ИИМ жетекчилеринин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында жүк ташуучу унаалар алмаштырылат”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда Тажикстандын жүк ташуучу унааларын Кыргызстандын укук коргоо органдары коштоп чек арадан өткөрүүгө аракет кылган деген видео тараган.

0
Белгилер:
милиция, Тажикстан, алмашуу, фура, Баткен
Тема боюнча
УКМК Тажикстанга Баткен аркылуу бензин ташылууда деген маалыматты четке какты
Лейлекте чек ара чырында уурдалган 16 унаанын үчөө Тажикстандан кайтарылды