Аскар Акаев: Тажикстандын бийлиги менен оппозициясын үч күн дегенде эпке келтиргенбиз

© Sputnik / Александр Натрускин / Медиабанкка өтүүКыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев. Архив
Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Жазылуу
Быйыл коңшу Тажикстанда жарандык согуштун токтогонуна 24 жыл болот. Беш жылга созулган кандуу кагылышта тажик эли жүз миңден ашык уул-кызынан ажыраган.
31-августта Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилейт. Бул датаны утурлай Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөнүн тунгуч ажосу Аскар Акаевди кепке тартты. Ушу тапта Москва шаарында жашап иштеп жаткан өлкөнүн биринчи президенти менен колумнист Алмаз Батилов баарлашкан. Акаев Кыргызстан башынан өткөргөн урунттуу учурлардан баяндап, Баткен согушу, Карабах чыры, Тажикстандагы жарандык согуш сыяктуу тарыхтагы орчундуу окуялар, көпчүлүккө белгисиз фактыларды айтып берди. 
Алгачкы маек Тажикстандагы жарандык согушка, Кыргызстандын ортомчулугуна арналды.
Коңшу өлкөдө жарандык согуш 1992-жылы башталган. Аны басууда Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев, кыргыз саясатчылары, дипломаттары, Аскердик чалгындоо кызматынын офицерлери жана тынчтык орнотуучу батальондун аскерлери зор салым кошкон. Мындан сырткары, расмий Бишкек Тажикстанга саясий, гуманитардык жана моралдык чоң колдоо көрсөткөн. Маекте Кыргызстан коңшу өлкөнүн расмий бийлиги менен бириккен оппозициясын кантип элдештиргенине басым жасалды.
— Маркум дипломат Эрик Асаналиев редакцияга курган маегинде Тажикстанда жарандык согуш башталары менен сиздин генерал-лейтенант Жумабек Асанкуловго командасы менен кагылышууну токтотуу процессине катышууга тапшырма бергениңизди айтты эле. Ушул аракеттер кандайча жүргөн?
— 1991-жылдын аягында Советтер Союзу урагандан кийин эле 1992-жылы расмий Душанбеге каршы оппозиция чыкты. Тажик интеллигенциясынын басымдуу бөлүгү жана диний радикалдар канаты бир уюмга биригип, диний көз карашты туткан тайпанын бийликтеги коммунисттик партия менен тирешүүсү жарандык согушту шарттады. Бириккен тажик оппозициясын белгилүү диний ишмер Саид Абдулло Нури жетектечү. Менин баамымда, ал акылман жана билимдүү саясий ишмер эле. Нури радикалдуу исламчыл көз карашта эмес болчу, мен муну баса белгилеп кетким келет. Ал тарапкерлеринин арасында абдан кадыр-барктуу болчу. Ушул согуштун айынан тажик эли жүз миңден ашык уул-кызынан ажырады. Бир миллиондон ашык адам чет өлкөлөрдөн баш паанек издөөгө мажбур болду.
© Фото / из личного архива полковника в запасе Рустама РаджаповаБириккен тажик оппозициянын согушкери расмий Душанбе менен элдешүү процесси башталып жаткан учурда. 9-сентябрь, 1997-жыл. Тавильдара району, Тажикстан
Процесс примирения Объединённой таджикской оппозиции с официальной властью - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Бириккен тажик оппозициянын согушкери расмий Душанбе менен элдешүү процесси башталып жаткан учурда. 9-сентябрь, 1997-жыл. Тавильдара району, Тажикстан
Тажикстандагы кандуу кагылышуу биздин да жүрөгүбүздү оорутту. Мындан сырткары, өлкөбүздүн түштүк чөлкөмүндө тажик диаспорасы жашайт. Ошол маалда Кыргызстанда да абал оор эле. Анткени 1990-жылы Ош аймагындагы улуттук араздашуунун кесепетинен үч жүз мекендешибиз каза болгон. Эки тарапты элдештирүү үчүн бардык күчүбүздү жумшадык. Мында Өзбекстандын биринчи президенти маркум Ислам Каримов зор көмөк көрсөттү. 1991-1993-жылдары ал Ош шаарына бир нече ирет келди. Ошондо тынчтык орнотуу боюнча бай тажрыйба топтодук. Чыгыш акылмандарынын "Кудай ата-энени жана коңшуну берет" деп таамай айтылган сөзү дайыма көкүрөгүмдүн түпкүрүндө болчу. Ошон үчүн Кыргызстанды жетектеп турган учурда тышкы саясатта кошуна өлкөлөр менен тил табышууга умтулчумун.
Известный кыргызстанский дипломат Эрик Асаналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2020
Тажикстанда жарандык согуш шайлоодон кийин чыккан. Эрик Асаналиевдин акыркы маеги
Коңшу өлкөдөгү жарандык согуштун кесепети Кыргызстанга да тийбесе экен деп кооптондук. Тажикстанда согуш башталганда эле СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин ардагери, ыраматылык генерал-лейтенант Жумабек Асанкуловду чакырттым. Ал Советтер Союзунун Түштүк Азия боюнча күчтүү адистеринин бири эле. Жумабек Асанкуловичтен Тажикстандагы кырдал боюнча адистерди чогултуп, топ түзүүнү өтүндүм. Ал Коргоо министрлигинде Аскердик чалгын кызматынын пайдубалын түптөп, атайын кызматка үзөңгүлөштөрүн топтоду. Көпчүлүгү СССРдин коопсуздук комитетинде иштегендер эле. Тилекке каршы, азыркы күндө бул офицерлердин басымдуу бөлүгүнүн аты-жөнү эсимде жок. Себеби алардын көпчүлүгүнүн фамилияларын жашыруун документтерден гана окучумун. Булардын ичинен эсимде калганы маркумдар полковник Жумалы Кубатов жана дипломат Эрик Асаналиев. Ушул топтун ишмердүүлүгү жөнүндө калың журт кабардар эмес болчу. 1990-жылдары алар Кыргызстандын жашыруун куралы болду деп айткым келет. Асанкулов өзүнүн шакирти Эрик Асаналиевди Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Тажикстан боюнча атайын кеңешчи кылып жиберген. Буга чейин Асаналиев Москвадан СССРдин МККнын атайын мектебин бүтүрүп, ушул системада иштеген эле. Ыраматылык Эрик Акматбаевич Тажикстандагы абалды аябай иликтеп, өзүн мыкты дипломат жана дасыккан аскердик чалгынчы катары көрсөттү. 1997-жылы Жумабек Асанкулович мага Асаналиевди Тажикстанга элчи кылып жиберүүгө сунуш бергенде дароо колдодум. Эрик Акматбаевич эч кыйынчылыкка карабастан миссиясын абдан мыкты аткарды. Жумабек Асанкуловичтин офицерлери өмүрлөрүн тобокелге салып, системалуу түрдө тажик оппозициясынын жетекчилиги жана исламчыл радикалдуу көз караштагы тайпанын өкүлдөрү менен жолугуп маалымат топтошчу. Ошондой эле башка булактардан да маалымат чогултуп, талдап, каршылышкан эки топтун тактикасы менен стратегиясы кандай багытта бара жатканын мага үзгүлтүксүз маалымдап турушту. Ошол эле убакта радикалдуу топту расмий Душанбе менен элдешүүгө чакырып жатышты. Асанкулов мага айыгышкан эки тарапты кантип элдештирүү жөнүндө кеңешин айтып турду. Анын үстүнө 1989-1990-жылдары СССРдин Жогорку Советинде Тажикстандын депутаттары менен чогуу иштеп, таанышып калгам. Ошол учурда тажик калкынын атактуу акыны Гулрухсор Сафиева менен достугубуз башталган. Жогоруда айтылган депутаттардын жарымы расмий Душанбени колдоду. Ал эми калган бөлүгү оппозициянын катарына өтүп кетти. Дал ушул себептен улам мен тажик оппозициясынын өкүлдөрү менен да кабарлашып турдум.
— Ал учурда Кыргызстанда да социалдык-экономикалык жагдай татаал эмес беле. Кандай жардам бердик?
— 1990-жылдары Кыргызстанда азык-түлүк жана биринчи кезектеги товарлар жетишсиз болчу. Буга карабастан азап чеккен бир тууган тажик элине буудай жөнөтүп турдук. Тажикстан электр энергиясына аябай муктаж болуп жаткан учур эле. Ошол убакта Токтогул ГЭСи сууга толуп тургандыктан электр энергиясы бекер жөнөтүлүп турду. Коңшу өлкөдөн келген миңдеген качкындарга баш паанек бердик. Белгилей кетчү жагдай, ошол маалда Ислам Каримов Тажикстан менен Өзбекстандын чек арасын толук жаап койгон. Мен тобокелге салып чек араны жаптырган жокмун. Күнү-түнү Кыргызстандын түштүк аймагы аркылуу Тажикстанга тамак-аш, товарлар жана күйүүчү май ташылып турду. Тажик эли бул жолдорду "Өмүр жолу" деп атаган. Башында менин тапшырмам менен Кыргызстандын вице-президенти, генерал Феликс Кулов Тажикстандагы тынчтыкты орнотуу боюнча сүйлөшүүлөргө активдүү катышканын белгилеп кетейин. Ал Душанбеден тажик калкынын белгилүү акыны Гулрухсор Сафиева баштаган интеллигенциясынын өмүрүнө коркунуч туулганда Кыргызстанга алып чыгып кеткен. Сафиева биздин үйдө жашап, бир тууган болуп калдык.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРКыргызстандын вице-президенти Феликс Кулов Ливанга барып келген иш-чарасы тууралуу маалымат жыйында маек бери жаткан учуру. Ошол кездеги вице-президент аталган өлкөгө жарандык согуштун себептерин изилдөө үчүн барган. 1992-жыл. Бишкек шаары.
Процесс примирения Объединённой таджикской оппозиции с официальной властью - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кыргызстандын вице-президенти Феликс Кулов Ливанга барып келген иш-чарасы тууралуу маалымат жыйында маек бери жаткан учуру. Ошол кездеги вице-президент аталган өлкөгө жарандык согуштун себептерин изилдөө үчүн барган. 1992-жыл. Бишкек шаары.
— Башка эл аралык уюмдарга кайрылдыңыздарбы?
— Тактай турган тарыхый факт: Тажикстандагы жарандык согушту токтотуш үчүн расмий Москва, Бишкек, Алматы жана Ташкент өлкөгө тынчтык орнотуучу аскерлерди киргизүү тууралуу өтүнүч менен БУУга кайрылдык. Бирок уюм буга макул болгон жок. Тажикстан Россиянын кызыкчылык чөйрөсүндө болгондуктан, биз кийгилишпейбиз деп АКШ көп маани бербей койду. Ошондуктан 1993-жылы 22-январда Россия, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биригип, тажик-афган чек арасын кайтаруу жөнүндө келишимге кол койдук. Белгилей кетчү жагдай, алгачкы жолу БУУ мындай келишимдин негизинде төрт мамлекеттин тынчтык орнотуучу батальондорун уюштурууга мандатын берди. Жогоруда сөз болгон тынчтык орнотуучу төрт батальон өз миссиясын толугу менен аткарды. Бул процессте Россиянын ролу абдан чоң.
— Элдешүү тууралуу качан сөз боло баштады?
Тажикстандагы жарандык согуш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2019
Энесин жоготконуна карабай элди элдештирген Акаев. Тажикстанда Биримдик күнү
— 1995-жылы биринчи жолу Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмонго Бишкекте Бириккен тажик оппозициясы менен элдешүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуштадым.
Бир жылдан кийин Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмондун өтүнүчү боюнча аталган өлкөгө расмий иш сапар менен бардым. КР делегациясынын коопсуздугун генерал Асанкуловдун тайпасы камсыздаган, бүгүнкү күндө муну ачыктай берсек болот. Расмий иш сапарга чейин Жумабек Асанкулович жана анын тайпасы тажик оппозициясы менен сүйлөшүп, булардан ок чыгарбоо тууралуу кепилдигин алган.
Рахмон Тажикстанга келгениме абдан сүйүнүп, бүт жерде мени коштоп жүрдү. Иш сапарыбыз тажик элинин руханий жактан жаңыдан жаралуусуна чоң дем берди. Мен Душанбеге барып келгенден кийин постсоветтик аймактагы башка мамлекет башчылары Тажикстанга бара баштады. Жогоруда айтылган факторлор 1997-жылы 16-18-майда Бишкекте өткөн сүйлөшүүлөрдө өз жемишин берип, тирешкен эки тараптын элдешүүсүнө алып келди.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРӨзбекстандын президенти Ислам Каримов баштаган делегация КРдин ажосу Аскар Акаев жана премьер министир Насриддин Исанов менен жолугуп жаткан учуру. Ош шаары. 1991-жыл. Акаевдин айтымында, Каримов 1990-жылдагы Ош окуясын жөнгө салып, эки тарапты элдештирүүгө чоң көмөк көрсөткөн. 1991-1993-жылдары ал Ош шаарына бир нече ирет келген.
Процесс примирения Объединённой таджикской оппозиции с официальной властью - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Өзбекстандын президенти Ислам Каримов баштаган делегация КРдин ажосу Аскар Акаев жана премьер министир Насриддин Исанов менен жолугуп жаткан учуру. Ош шаары. 1991-жыл. Акаевдин айтымында, Каримов 1990-жылдагы Ош окуясын жөнгө салып, эки тарапты элдештирүүгө чоң көмөк көрсөткөн. 1991-1993-жылдары ал Ош шаарына бир нече ирет келген.
— Расмий Душанбе менен Бириккен тажик оппозициясы Кыргызстанда сүйлөшүүнү өткөргөнгө кандайча макул болду?
Тажикстандагы жарандык согуш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2018
Тажикстандагы жарандык согуштун токтошуна Кыргызстандын салымы. Эскерүү
— Каршылашкан эки тарап 1994-1997-жылдары Москва, Алматы, Исламабад, Ашхабад, Тегеран, Мешхед жана Хост (Түндүк Афганистан) шаарларында жолугуп, бийлик бөлүшүүдө бир пикирге келе алышкан жок. Анын үстүнө оппозиция тажик өкмөтүнө кандайча интеграция болору да чоң суроону жаратып жатты. 1997-жылы Эмомали Рахмон мага Бишкекте оппозиция менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү тууралуу кайрылып, расмий Душанбеге каршы болгон тарап да ушул шартка макул болгонун кошумчалады. "Каалаган убактыңарда тосуп алганга даярбыз" деп дароо Рахмонго жооп бердим. Ага чейин бир нече ирет мага Бириккен тажик оппозициясы акын Сафиева аркылуу Кыргызстанда расмий бийлик менен сүйлөшүү өткөрүү жөнүндө кайрылган. Алар Гулрухсорду аябай сыйлашчу. Сафиеванын сөзүн Бириккен тажик оппозициянын лидери Саид Абдулло Нури менен анын жакын санаалашы Ходжи Акбар Тураджонзода эки кылчу эмес. Ошентип май айында Бишкекте жолугушуу уюштуралы деген ойго келдик. 13-майда кечинде борбор калаабызга Рахмон командасы менен учуп келди. Андан кийин Бириккен тажик оппозициянын лидери Саид Абдулло Нури, Ходжи Акбар Тураджонзода үзөңгүлөштөрү менен келишти. Аларды мамлекеттик резиденциянын мейманканаларына жайгаштырдык.
— Ошол учурда апаңыз кайтыш болгон турбайбы?
— Ооба, арман дүйнө. 9-майда майрамдан кийин энем менен акыркы ирет жолуктум. 11-майда апам каза болду. 13-майда сөөгүн койдук. Ошол күнү кечинде конокторду тостум.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРКыргызстан менен Тажикстандын президенттери Аскар Акаев жана Эмомали Рахмонов келишимге кол коюп жаткан учур. 1998-жыл, май айы. Бишкек
Процесс примирения Объединённой таджикской оппозиции с официальной властью - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери Аскар Акаев жана Эмомали Рахмонов келишимге кол коюп жаткан учур. 1998-жыл, май айы. Бишкек
— Сүйлөшүү учурунда кандай кыйынчылыктар болду?
— Адегенде эле эки тарап бир имаратта отургусу келбеди. Чыгыш салты боюнча коноктор менен үйдүн ээси бир дасторконго чогуу отуруп тамак ичкенден тарта элдешүү процесси башталат деп үч саат бою аларды көндүрдүм. Акырында эки жак тең макул болуп, түн ичинде баарын дасторконго отургузуп, бир нанды өзүм сындырып тамак ичтик. Айта кетчү жагдай, бул сүйлөшүүгө Сафиева да кошулду. Эртеси, 14-майда, сүйлөшүүлөр башталып, анда БУУнун генералдык катчысы Кофи Аннандын атайын өкүлү Ганс Дитрих Мерем экөөбүз ортомчу болдук. Процесс бир топ кыйынчылык менен коштолду. Ар бир тарап өз кызыкчылыгын коргогонго өттү. Расмий Душанбе күч түзүмдөрү каршылаш тараптын колуна өтүп кетеби деп кооптонду. Ал эми оппозиция бийликтин өзөгүн түзгөн таасирдүү министрликтеринин тизгинин алууга умтулду. Эки жак бийлик талашып, бири-биринин сөзүн укпай жатты. Мырза Мерем экөөбүз буларды бир пикирге келтиргенге аракеттенип жаттык. Ошентип үч күн өттү, эч натыйжа болгон жок.
© Фото / из личного архива Рустама РаджаповаБириккен тажик оппозициясы менен расмий Душанбенин ортосунда элдешүү процесси башталган учур. Аларды коштоп бара жаткан Россиянын 201-мотоаткычтар дивизиясынын офицерлери жана жоокерлердин арасындагы кыргызстандык лейтенант Рустам Раджапов. 9-сентябрь 1999-жыл, Тажикстан, Тавилдара району
Процесс примирения Объединённой таджикской оппозиции с официальной властью - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Бириккен тажик оппозициясы менен расмий Душанбенин ортосунда элдешүү процесси башталган учур. Аларды коштоп бара жаткан Россиянын 201-мотоаткычтар дивизиясынын офицерлери жана жоокерлердин арасындагы кыргызстандык лейтенант Рустам Раджапов. 9-сентябрь 1999-жыл, Тажикстан, Тавилдара району
17-майда бири-бири менен кайым айтышып, жүз карашпай калышты. Түштөн кийин аэропортко камынып жатканын угуп, кечки тамакка калышын өтүнүп дароо Рахмонго телефон чалдым. Ошентип кечки тамакты ичкен соң эки тарапка кайрылдым: "Үч күндөн бери тажик эли менен бүт Борбордук Азия ЖМКдан Бишкектеги сүйлөшүүлөр кандай өтүп жатканын карап турган учуру. Эгерде ушул жерден элдешүүнү баштап кетпесеңер, анда тажик калкы силерди эч качан кечирбейт", - дедим. Мырза Мерем да мени колдоп, "тынчтык орнотууга саналуу кадамдар калды" деп эки жакты ынандырды. Бул түнкү чечүүчү сүйлөшүүдө Сафиеванын да ролу чоң. Ал менин өтүнүчүм боюнча Саид Абдулло Нури, Ходжи Акбар Тураджонзоданы Рахмон менен сүйлөшүүнү улантууга көндүрдү. Рахмон, Нури жана Тураджонзода биздин сөзүбүзгө муюп, сүйлөшүүлөрдү улантышты. Ошентип түнү бою эки тарап менен документтердин үстүндө иштеп, баарын тактадык. 18-майда таңга маал баарыбыз абдан чарчап, тыныгууга кетишти. Ошол учурда биз келишимди даярдадык. Түштөн кийин расмий Душанбе менен Бириккен тажик оппозициясы "Саясий маселелер жөнүндө" протоколго кол койду. Анда эки тарап биринчи жолу бийликти кандай бөлүшөрү ачык көрсөтүлгөн. Бул Бишкектеги сүйлөшүүнүн башкы жетишкендиги эле. Протоколдун негизинде Душанбе менен Бириккен тажик оппозициясы Москвада "Тынчтык жөнүндө" келишимге кол коюшту. Июнь айынын аягында Душанбеден Эмомали Рахмон менен Саид Абдулло Нури биргелешип жазган Алкыш каты келди. Бул катта 1992-жылдан баштап Кыргызстан Тажикстанга саясий, экономикалык, гуманитардык жана моралдык көмөк көрсөткөнү үчүн ыраазычылыгын билдиришкен. Мындан сырткары, Бишкектеги сүйлөшүү расмий Душанбе менен Бириккен тажик оппозициясынын ортосундагы чиеленишкен башкы саясий маселелерди чечүүдө чоң роль ойноду деп Рахмон менен Нури баса белгилешкен. Өкүнүчтүүсү, 2005-жылы 24-мартта Ак үйдө жеке архивимдеги ушул кат өрттөнүп кетти. Бул Алкыш каттын бир нускасы өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин архивинде болуш керек.
Тилекке каршы, ошол учурда Жумабек Асанкулович жана анын үзөңгүлөштөрү мамлекеттик сыйлык менен сыйланбай калды. Айрымдары каза болду. Азыркы президент маркумдарды жана калган офицерлерди мамлекеттик сыйлык менен сыйласа абдан жакшы болмок. Себеби бул инсандардын Тажикстанда тынчтыкты орнотууда салымы нар көтөргүс.
Аскар Акаевден бул маек Москва шаарында Россиянын Илимдер Академиясынын окумуштуулардын борбордук үйүндө 2021-жылдын 25-мартында алынды. 
Жаңылыктар түрмөгү
0