Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода

Марипов кесиптеши Расулзода менен чек ара чырын талкуулады

286
(жаңыланган 21:42 29.04.2021)
Эки өлкөнүн премьер-министрлери чек ара маселелери чечилгенден кийин мындай конфликтиге жол бербөөнү сүйлөшүштү.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода пландалбаган эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

  • Незапланированная двусторонняя встреча Премьер-министра Кыргызской Республики Улукбека Марипова с Премьер-министром Республики Таджикистан Кохиром Расулзодой. 29 апреля 2021 года
    Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода пландалбаган эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Незапланированная двусторонняя встреча Премьер-министра Кыргызской Республики Улукбека Марипова с Премьер-министром Республики Таджикистан Кохиром Расулзодой. 29 апреля 2021 года
    Өкмөт башчылары кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулашкан
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Незапланированная двусторонняя встреча Премьер-министра Кыргызской Республики Улукбека Марипова с Премьер-министром Республики Таджикистан Кохиром Расулзодой. 29 апреля 2021 года
    Учурда Кыргызстан менен Тажикстан ок атууну токтотуу чечимине келишти
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 3
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода пландалбаган эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү

Өкмөт башчылары кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулашкан.

"Тараптар эки республиканын чек ара аймагындагы көйгөйдү тез арада чечүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Премьер-министрлер чек ара маселелери чечилгенден кийин мындай конфликтиге мындан ары жол бербөө зарылдыгын белгилешти", — деп айтылат маалыматта.

Учурда Кыргызстан менен Тажикстан ок атууну токтотуу чечимине келишти.

286
Белгилер:
Кохир Расулзода, Улукбек Марипов, чек ара, Тажикстан, Кыргызстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (260)
Тема боюнча
Министрлик: чек арада жабыркагандардын саны 30га жетти
УКМК: "Головной" суу бөлүштүрүү жайы Кыргызстандын стратегиялык объектиси
Жапаров чек ара жаңжалын жөнгө салууну Артём Новиковго тапшырды
Ямал СПГ газ казуучу заводу. Архив

Арктикадагы запас: Россия АКШны Европадан сүрүп чыгарууга даярданып жатат

10
(жаңыланган 11:40 18.05.2021)
Америкалык суюлтулган газдын экспорту рекорд коюп жатат. Бирок Вашингтон бул убактылуу көрүнүш экенин, "Түндүк агым агым — 2" ишке кирери менен Европага Россиянын арзан газы кирерин айтып кооптонууда.

Москва эки жыл ичинде суюлтулган газ рыногунда секирик жасашы толук ыктымал. Буга ири улуттук долбоорлор ыңгайлуу шарт түзүүдө. Байкоочулар Россия АКШны Европа рыногунан сүрүп чыгарар мезгил алыс эмес экенин боолголоп жатышат. Тармакта түзүлүп жаткан кырдаалга РИА Новости сереп салды.

Катар Азияны "бербейт"

Мартта америкалыктар чет жакка күнүнө 10,5 миллиард куб фут суюлтулган газ жөнөтүп турганын АКШнын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык маалымат башкармалыгы билдирди. Апрелде 9,2ге жеткени менен бул жаздын башына карата абсолюттук максимум болуп саналат.

Докладда былтыр жана быйылкы жылдын январь айында АКШ экспорттогон суюлтулган газдын басымдуу бөлүгү Азияга туура келип жатканы айтылат. Бирок февраль жана март айларында жарымын Европа ала баштаган. Буга споттук баа Азияныкы менен теңеле түшкөнү себеп болгон.

"Майда 8,6 миллиард куб метрге түшөт деп боолголоп жатабыз, андан кийин жайында Европа менен Азиянын муктаждыгын жабуу үчүн 9 миллиард кубдан ашат деген ишеним бар", — деп айтылат документте.

Эл аралык энергетика агенттиги 2024-жылга чейин америкалыктар бул багытта лидер болушу мүмкүн экенин четке какпайт. Агенттиктин эсеби боюнча АКШ, Австралия жана Россия биригип колдонгон суюлтулган газдын көлөмү дүйнөлүк экспорттун 90 пайызга чейин жогорулашын шарттайт. Баса, лидерлик өзүнчө талкуулай турган кеп.

Азияны АКШнын басып алуусуна Катар жол бербейт. Бул мамлекет 2020-жылы 77,6 миллион тонна суюлтулган газ экспорттогон, бул жалпы көлөмдүн 26,5 пайызын түзөт. 2024-жылга чейин бул өлкөнүн өндүрүшү эки эсеге көбөйүшү мүмкүн. Февралда Дохада Түндүк кенинин чыгыш бөлүгүнө иштетүү боюнча инвестициялык чечим кабыл алынды. Бул өтө ири долбоор.

Катарды такымдап 26 пайыз менен Австралия келе жатат. Үчүнчү жана төртүнчү орундарды АКШ (14,7) менен Россия (10) ээлөөдө. 2019-жылы Россия Европа менен Азияга америкалыктарга караганда көбүрөөк экспорттогон. Жакынкы жылдары атаандаштык курчуп, Москванын биринчиликке чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Мында кеп Арктикадагы ири запаста.

Артыкчылыктуу багыт

Түндүк Муз океанынын нефть жана газ ресурстарын этап-этабы менен өздөштүрүү Россия бийлигинин 15 жылдан берки приоритети. Мартта Министрлер кабинети суюлтулган газды өндүрүүнү жолго койгон узак мөөнөттүү программа бекитти. Эми 15 жылдын аралыгында өндүрүштүн көлөмү үч эсеге көбөйөт деген ишеним бар.

Эгер АКШ сланец өндүрүшүнөн улам ири экспортёр аталса, Россияга Арктика жардам берерин Американын нефть жана газ боюнча аналитика жүргүзгөн OilPrice басылмасы жазды. Аймактагы запас абдан көп — 35,7 миллиард куб метр жаратылыш газы жана 2,3 миллиард тонна нефть менен конденсат бар.

Көңүл чордонунда "Новатэканын" "Ямал СПГ" жана "Арктик СПГ-2" долбоорлору турат. 21 миллиард долларга бааланган "Арктик СПГ-2" долбоору 2023-жылы ишке кирет, үч жылдан кийин жылына 20 миллион тонна чыгарган көрсөткүчкө жетери пландалган.

Марттын соңунда долбоор 39 пайызга каржыланган. Быйыл дагы алты миллиард салуу пландалып жатат, бул былтыркыга салыштырмалуу эки эсеге көп акча. Инвесторлордун катарында Франциянын Total, Кытайдын CNPC, CNOOC компаниялары жана Япониянын Mitsui & Co менен JOGMEC корпорациялары бар.

"Арктик СПГ-2" долбоорунда ар бири жылына 6,6 миллион тонна суюлтулган газ жана 1,6 миллион тоннага чейин газ конденсатын өндүргөн үч линиянын курулушу каралган. Ресурстук базасы — Ямало-Ненец автономдуу округундагы Гыдан жарым аралында жайгашкан Утреннее кени. Биринчи линия 2023-жылы, экинчи жана үчүнчүсү 2024 жана 2026-жылдары ишке кирмекчи.

OilPrice божомолдоосунда, кендин ийгиликтүү иштетилишинен "Новатэк" рынокко жылына 100 миллион тонна суюлтулган газ сунуштай алат. Бул көлөмгө компания 2030-жылдан кийин жетишет. Мында ресурстардын өздүк баасы кыйла төмөн болору айтылды.

Энергетика министри Александр Новактын баамында, Россия 2025-жылга карата жылына 68 миллион тонна суюлтулган газ өндүрүүгө жетишип, дүйнөлүк рыноктогу үлүшүн 25 пайызга жакындата алат.

Оор сокку

OilPrice аналитиктери Россия Американын Европадагы позициясына кубаттуу сокку даярдап, атаандашын таптакыр сүрүп чыгарууга жөндөмдүү деп эсептешүүдө. Москва эки багытта чабуул жасайт: европалыктар үчүн Россиянын түтүк менен келчү газы эле эмес, суюлтулган газы да пайдалуу.

"РФтин суюлтулган газы Евробиримдик үчүн эки жагынан пайдалуу: АКШга караганда жол жакын жана арзан. Энергетикалык көз карандысыздыкка умтулган Литванын суюлтулган газды Россиядан алып жатканы бекер эмес. Башка аргасы жок, Норвегиянын башка кардарлары бар, океандын ары жагынан ташуу кымбатка түшөт", — деди көз карандысыз өнөр жай эксперти Леонид Хазанов.

Тобокелчиликтер

2025-жылга чейин дүйнөлүк рынокто суюлтулган газ ашыкча экенин эске алсак, баа көтөрүлөт деп айтууга болбойт.

"Арктик СПГ-2" 2023-жылы ишке кирет, буга чейин өндүрүш жылына 650 миллиард куб метрге жетет (2016-жылы 452 болчу). Бааны төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк көбөйөт", — деди "Тольяттиазот" ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү, эксперт Николай Неплюев.

Анын айтымында, "Арктик СПГ-2ге" товарды сатууга жардам бере турган узак мөөнөттүү келишимдер ашыкча болмок эмес.

Ал эми өндүрүш жана экспорт жаатында кеп кыла турган болсок Россиянын атаандашы АКШ экени анык. Марттагы рекорддоруна карабастан америкалыктар рыноктон башкаларды сүрүп чыгара албайт.

"Россия аталган тармакта ири оюнчу болууга камынып жатканын тааныш керек", — деп жазылат Оксфорддун энергетикалык иликтөөлөр институтунун докладында.

Ошону менен бирге Россиянын суюлтулган газы өзүнүн эле түтүк менен келчү газына атаандаштык жаратып калбайбы деген да суроо туулат. "Кремль суюлтулган газ секторунун өнүгүшүнө басым жасоодо" дешкен докладдын авторлору.

Эксперттер россиялык экспорт диверсификацияланганын да белгилешүүдө. Басымдуу бөлүгү Азия-Тынч океан регионуна, дагы бир бөлүгү түтүк газы жетпеген европалык өлкөлөргө бөлүштүрүлгөн.

10
Белгилер:
аналитика, рынок, келишим, атаандаштык, Европа, эксперт, АКШ, Россия, газ
Тема боюнча
ЕАЭБде жалпы газ рыногун түзүү боюнча келишим долбоору даярдалды
"Москванын жүрүм-турумуна" карашат. "Түндүк агым — 2нин" курулушу токтойбу
Кумтөр алтын кени. Архив

Таң калып турабыз. Канада бийлиги "Кумтөр" чыры боюнча билдирүү жасады

191
(жаңыланган 10:14 18.05.2021)
Канадалык аткаминерлер тоо кен тармагындагы талаштуу иштер кыргыз элинин экономикалык абалын ого бетер кыйынчылыкка кептейт деген оюн айтышкан.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Канаданын тышкы иштер министри Марк Гарно менен чакан ишкерлик, экспорт жана эл аралык сооданы өнүктүрүү министри Мэри Ын Кыргызстандагы тоо кен тармагындагы акыркы окуяларга тынчсызданганын айтып, биргелешкен билдирүү жасашты.

"Биз Кыргыз Республикасынын парламенти 17-майдагы кезексиз жыйынында "Центерра Голдго" көзөмөл жүргүзүү үчүн "Кумтөр Голд" компаниясына тышкы башкаруу киргизүүгө өтүү тууралуу чечим кабыл алганына, ошондой эле Кыргызстан көптөгөн эл аралык активдер менен канадалык компаниянын үстүнөн көзөмөл жүргүзүүгө жетише турганы боюнча билдирүүгө таңданып турабыз. Бул Кыргыз Республикасына түз келген чет өлкөлүк инвестицияларга узак убакытка залалын тийгизиши ыктымал", — деп айтылган алар тараткан маалыматта.

Канада "чет өлкөлүк инвесторлор менен Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин ортосундагы бул талаш бирге иштешкен тараптар үчүн ачык-айкын чечилбегенине таңданганын" да билдиришкен.

"COVID-19 пандемиясынан кийин экономиканы толугу менен калыбына келтирүү үчүн ачык-айкын жана акыйкаттуу ишкердик чөйрөсү керек. Соода жана чет өлкөлүк түз инвестициялардын көлөмүн төмөндөтө турган мындай чаралар кыргыз элинин экономикалык абалын ого бетер кыйынчылыкка кептейт", — деп жазылган таратылган билдирүүдө.

"Кумтөр Голд Компани" боюнча абал

7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.

Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Президент Садыр Жапаров 14-майда бул мыйзамга кол койгон.

Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы дооматты негизсиз деп эсептеп, 2009-жылдагы келишимдин бузулушуна алып келерин айткан. 11-май күнү УКМК "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.

Ал арада "Кумтөрдүн" ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Inс. менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард доллар боюнча доо арыз берүү каралган.

Ал эми 17-майда Жогорку Кеңеш жыйында карап, Кумтөр алтын кенин убактылуу тышкы башкарууга алуу сунушун колдоду.

Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.

191
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, Кумтөр, Кыргызстан
Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы
Тема боюнча
Парламент Кумтөрдү тышкы башкарууга алууга макулдук берди
Теңиз Бөлтүрүк Centerra тууралуу: Канадада мындай ишкананы эчак жаап салмак
Коронавируска анализ жасоо үчүн үлгү алып жаткан медицина кызматкери. Архив

Коронавирус 234 кишиге жугуп, жети бейтап көз жумду

6
(жаңыланган 11:46 18.05.2021)
Акыркы суткаларда өлкө боюнча күн сайын 7-8 адамдын өмүрү кыйылууда. Жалпысынан коронавирустан 1 718 адам каза тапты.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Өлкө боюнча бир сутка ичинде 234 кишиден коронавирус табылып, 282 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары — 112;
  • Ош шаары — 3;
  • Чүй облусу — 81;
  • Ош облусу — 25;
  • Талас облусу — 1;
  • Нарын облусу — 2;
  • Жалал-Абад облусу — 1;
  • Баткен — 3;
  • Ош облусу — 6.

Ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 100 966га жетти.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары — 187;
  • Ош шаары — 3;
  • Чүй облусу — 61;
  • Ош облусу — 5;
  • Талас облусу — 2;
  • Нарын облусу — 8;
  • Ысык-Көл облусу — 12;
  • Жалал-Абад облусу — 3;
  • Баткен — 1.

Жалпысынан 94 168 бейтап дартты жеңди.

Тилекке каршы, өткөн суткада илдет дагы жети адамдын өмүрүн алды. Анын ичинен алтоо Бишкектен болсо, бири Чүйдөн экени белгилүү болду. Жалпысынан коронавирустан 1 718 адам каза тапты.

Акыркы суткада 5 594 кишиге ПЦР-изилдөө жүргүзүлдү.

6
Белгилер:
коронавирус, статистика, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Түркияда пандемиянын эң кыйын учуру бүттү. Эрдоган элге кайрылды