Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив

Кыргыздар да, тажиктер да бизге боордош эл. Касым-Жомарт Токаев билдирүү жасады

2334
(жаңыланган 01:47 30.04.2021)
Президент Кыргызстан менен Тажикстандын жетекчилери даанышмандыгын көрсөтүп, бардык маселелерди тынчтык жолу менен чечерине ишеним арткан.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча билдирүү жасаганын Ак орда билдирди.

Өлкө башчысы Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасындагы кандуу жаңжал тууралуу маалыматты катуу тынчсыздануу менен кабыл алганын белгилеген.

"Кыргыздар да, тажиктер да бизге боордош калк, баарыбызды орток маданий баалуулуктар менен жалпы тарых бириктирип турат. Элибизге толеранттуулук мүнөздүү, өз ара сый мамиледе болуп келгенбиз. Ок атуунун токтоп, эки мамлекеттин тийиштүү өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрдү баштаганын кош колдоп колдойм", — деди Токаев.

Президент Кыргызстан менен Тажикстандын жетекчилери даанышмандыгын көрсөтүп, бардык маселелерди тынчтык жолу менен чечерине ишеним арткан. Муну менен бирге Токаев абалдан чыгуунун жолун издөөгө салымын кошууга даяр экенин да белгиледи.

"Чек ара көйгөйлөрүн жөнгө салуу механизмдерин Борбордук Азия мамлекет башчыларынын кезектеги жолугушуусунда иштеп чыгууга болот деп эсептейм", — деди Токаев.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы жаңжал боюнча Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги да билдирүү тараткан.

2334
Белгилер:
чыр, тынчтык, Жаңжал, чек ара, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (246)
Тема боюнча
Чек арадагы чырдан үч киши көз жумду, бири 13 жашар кыз
Баткен: облустук администрация имаратынын алдына эл чогулууда. Сүрөт
Коопсуздук кеңеш: Баткендин айылдарын эч ким басып алган жок
БУУнун КРдеги тутумунун Туруктуу координатору Озонния Ожиело менен ТИМ жетекчисинин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев жолугушуу учурунда

БУУнун КРдеги координатору Баткенге жардам берүү боюнча иштерди айтып берди

94
(жаңыланган 23:00 10.05.2021)
БУУнун КРдеги координатору менен жолуккан Ниязов Баткен узак мөөнөттүү жардамга да муктаж экендигин айтты.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. БУУнун КРдеги тутумунун Туруктуу координатору Озонния Ожиело менен ТИМ жетекчисинин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда өрттөлгөн айылдарды калыбына келтирүү боюнча биргелешкен иштерди талкуулады. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Озонния Ожиелонун айтымында, өкмөт менен БУУнун агенттиктеринин биргелешкен иштерин координациялоочу аянтча, иш алып бара турган топ түзүлгөн. Жакында алардан куралган гуманитардык команда жапа чеккен жарандардын муктаждыктарын аныктоо үчүн Баткен облусуна барып келген.

Ниязалиев БУУнун тутумунун Туруктуу координаторуна куралдуу жаңжалдын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана жасалган ыкчам аракеттер үчүн ыраазычылык билдирген.

"Министрдин биринчи орун басары Баткен облусу чукул эле эмес, социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн узак мөөнөттүү жардамга да муктаж экендигин белгиледи. Ал БУУнун Баткен облусунун экономикасын кайра калыбына келтирүүгө колдоо көрсөтөрүнө жана эл аралык уюмдар тарабынан жардам тартуу боюнча иш жүргүзүүсүнө үмүт арта тургандыгын билдирди", — деп айтылат маалыматта.
94
Белгилер:
ТИМ, БУУ, кыргыз-тажик чек арасы, Нуран Ниязалиев, Тажикстан, Кыргызстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (246)
Тема боюнча
Барымтага алынган кыргызстандыктар боюнча Стамбул протоколу түзүлүүдө. Сүрөт
Лейлекте чек ара чырында уурдалган 16 унаанын үчөө Тажикстандан кайтарылды
Максат айылы: өрттөлгөн үйлөр буздурулуп, жашоочулар боз үй, чатырда жашоодо
Бишкектин вице-мэри болуп дайындалган Виктория Мозгачева. Архив

Мозгачева Бишкекке кайрадан вице-мэр болуп келди

72
(жаңыланган 21:01 10.05.2021)
Былтыркы жылдын июль айынын аягында Виктория Мозгачева вице-мэр болуп дайындалып, бирок октябрдын соңунда иштен алышкан. Анын ордуна Айжан Чыныбаева келип, жарым жыл иштеп, ал дагы кызматтан кеткен.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Айжан Чыныбаева Бишкектин вице-мэрлик кызматынан бошотулуп, ордуна Виктория Мозгачева дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кадрлар боюнча бул буйрукка Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Бактыбек Кудайбергенов кол койгон.

Эске салсак, былтыркы жылдын июль айынын аягында Виктория Мозгачева вице-мэр болуп дайындалып, бирок 27-октябрда ал кезде мэрдин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев иштен алган.
29-октябрда Мозгачеванын ордуна Айжан Чыныбаева келип, аталган кызматта жарым жылга чукул иштеди. 4-майда Чыныбаева Facebook тармагындагы баракчасына вице-мэрликтен кетип жаткандыгын жазган. Ал Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Бактыбек Кудайбергеновдун иш ыкмасы менен макул эместигин билдирип, "мамилеси келишпей калгандыгын" жазган.

72
Белгилер:
Айжан Чыныбаева, Виктория Мозгачева, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Президент Баткенге чек ара айылдарын калыбына келтирүү боюнча өкүлүн дайындады
Акча каражаттары. Архив

Сом КМШда эң кооз валюта болуп саналат. Адис кыргыз акчанын өзгөчөлүктөрүн айтты

9
Кечээ, 10-май күнү, кыргыз сому ишке киргенине 28 жыл толду. Бул аралыкта ал бир нече эл аралык сынактарда жеңүүчү болгон.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кыргыз сомунун башкалардан кандай өзгөчөлүктөрү бар? Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкынын накталай акча жана адистик бөлүмүнүн башчысы Дана Сайфуллина айтып берди.

Эске салсак, кечээ, 10-май күнү, кыргыз сому ишке киргенине 28 жыл толду.

"2009-жылы чыккан төртүнчү сериядагы банкноталардын ар бири кайталангыс өңгө ээ. Ар биринде өзүнө гана тиешелүү ачык түс бар. Бул акчаны эске тутуп калууга шарт түзөт жана көрүүсү начар адамдарга бир топ жеңилдиктерди берет", — деди адис.

Анын айтымында, учурда кыргыз сому КМШдагы эң кооз банкноталардын бири болуп эсептелет.

"2009-жылы чыккан 5000 сом номиналындагы банкнота "Жылдын банкнотасы" аттуу ири эл аралык сынакта финалга чейин жеткен. Бул акчанын коргоо деңгээли жана дизайны каралчу жыл сайын өтө турчу сынак. Ал эми 100 сомдук КМШ боюнча адистер арасында өткөн сурамжылоодо сапаты боюнча экинчи орунду алган. Адистер 50 доллар, 50 евро жана 1 миң рублдин сапатын сынашкан. 2 миң сомдук “Аймактагы мыкты банкнота 2018” эл аралык сынагында КМШ, Борбордук жана Чыгыш Европа мамлекеттеринин ичинен жеңүүчү болгон”, — деди ал.

Ошондой эле адис акча өлкө тарыхынын маанилүү бир бөлүгү экенин кошумчалады.

9
Белгилер:
тарых, факты, сом, Улуттук банк, Кыргызстан
Тема боюнча
Кер мурут жигит Сүймөнкул Чокморов. Улуттук банктын улуу инсан тууралуу видеосу
Нөшөрлөгөн жаанга карабай Саякбайды уккан эл. Улуттук банктын видеосу