Баткенде чогулган элдин алдына Артем Новиков чыгып сүйлөштү

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевБиринчи вице-премьер Артем Новиков. Архив
Биринчи вице-премьер Артем Новиков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Жазылуу
Жапаров Баткенде чек ара аймагында чыккан жаңжал боюнча өкмөт мүчөлөрү менен кеңешме өткөрүп, жумушчу топ түзүү чечимин кабыл алган. Аны Новиков жетектемей болуп, кечинде Баткен облусуна учуп кеткен.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Баткен облустук администрациясынын алдында биринчи вице-премьер Артем Новиков жана өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев чогулган эл менен жолукту. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин жергиликтүү кабарчысы билдирди.
"Алар жарандарды тынчтыкка чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Жетекчилер элге жардам берүү, тамак-аш жеткирүү иштерин уюштурууга көмөк көрсөтүүгө чакырды", — деп айтылат билдирүүдө.
Ушу тапта чогулгандар акырындап тарап жатканы белгиленди.
Ооруканада медициналык кызматкер иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан 13 киши каза болду. Акыркы маалымат
Эскерте кетсек, 29-апрель күнү президент Садыр Жапаров Баткенде чек ара аймагында чыккан жаңжал боюнча өкмөт мүчөлөрү менен кеңешме өткөрүп, жумушчу топ түзүү чечимин кабыл алган. Аны Новиков жетектемей болуп, кечинде Баткен облусуна учуп кеткен.
Баткенде чыр 28-апрелде чыккан. Таңга маал абал курчуп, эртеси эки тарап ок чыгара баштаган болчу. Кыргызстан менен Тажикстандын тиешелүү ведомство жетекчилери ымалага келип, ок атууну токтотуу чечимин кабыл алганы менен түндө Баткендин Лейлек районундагы айылдарда үйлөр, дүкөндөр өрттөлүп, атышуу уланып жатканы айтылган. Ал эми эртең менен ИИМ абал негизинен туруктуу экенин кабарлады.
Учурда аймакта кырдаал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан көрө аласыздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0