Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Жазылуу
Мамлекет башчылары учурдагы түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен гана чечип, 2021-жылдын май айынын экинчи жарымында Душанбе шаарында жолугушуу өткөрүүнү макулдашты.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 30-апрелде, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды жана аны тез арада жөнгө салуу чараларын талкуулашты.
Садыр Жапаров кыргыз тарап мамлекеттер аралык маселелерди диалог жолу менен чечүүнү жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды туруктуу абалда сактап калууну колдой турганын белгиледи.
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасынын жаныдагы аскер кызматкери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Чукул кабар! Чек ара чырынан каза болгон кыргызстандыктардын саны 31ге жетти
Президент Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы өз ара кызматташтык мындан ары да кыргыз жана тажик элдеринин ортосундагы салттуу жана көп кылымдык достуктун, ынак коңшулуктун негизинде ырааттуу жана жемиштүү өнүгө берерине ишенимин билдирди.
Мамлекет башчылары учурдагы түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен гана чечип, үстүбүздөгү жылдын май айынын экинчи жарымында Душанбе шаарында жолугушуу өткөрүүнү макулдашышты.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тараптардын өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрү эртең, 1-майда, Баткен облусунда өтө турганы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0