Максат Мамытканов жана Темирбек Асанбеков ЕЭКте министр болот

© Sputnik / Табылды КадырбековМаксат Мамытканов. Архив
Максат Мамытканов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Жазылуу
Мамытканов менен Асанбеков октябрь окуяларынын активдүү катышуучуларынан. Мамытканов вице-премьер болуп иштөөгө да жетишти.
БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Максат Мамытканов менен Темирбек Асанбеков Евразиялык экономикалык комиссияда министр болушат. Бул туурасында ЕЭКтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Алардын талапкерлигин Евразия экономикалык союзга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары Казандагы отурумда колдошкон.
Эми алардын талапкерлиги Евразиялык экономикалык жогорку кеңешке киргизилет.
Газ түтүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2021
ЕАЭБде жалпы газ рыногун түзүү боюнча келишим долбоору даярдалды
Мамытканов Олег Панкратовдун ордуна ЕЭКтин бажы жаатындагы кызматташуу боюнча министри, ал эми Асанбеков Эмил Кайкиевдин ордуна энергетика жана инфраструктура боюнча министри кызматты аркалашы мүмкүн.
Мамытканов менен Асанбеков 2020-жылы октябрь ыңкылабынын катышуучулары. Мамытканов азыркы президент Садыр Жапаров өкмөттү жетектеп турганда бир нече ай вице-премьерлик кызматта турса, Асанбеков октябрдагы парламенттик шайлоого катышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0