Премьер-министр Улукбек Марипов Ош шаарында, андан соң Бишкекте кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуу боюнча кеңешме өткөрдү

Марипов Оштон Бишкекке келип, чек ара боюнча жыйын өткөрдү

86
(жаңыланган 11:39 01.05.2021)
Өкмөт башчы биринчи кезекте жергиликтүү тургундарга кам көрүп, аларды азык-түлүк, дары-дармек менен камсыз кылууну тапшырган.

БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов Ош шаарында, андан соң Бишкекте кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, кеңешмеге мамлекеттик органдын өкүлдөрү катышкан. Өкмөт башчы биринчи кезекте жергиликтүү тургундарга кам көрүп, аларды азык-түлүк, дары-дармек менен камсыз кылууну тапшырган. Марипов азык-түлүктү үзгүлтүккө учуратпай жеткирүү тапшырмасын берген.

Ал өкмөттүн алдында түзүлгөн "Баткенге жардам" штабы тарабынан жакынкы арада аталган аймакка гуманитардык жүк жөнөтүлөрүн белгилеген.

86
Белгилер:
кеңешме, чек ара, Баткен, өкмөт, Улукбек Марипов
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (260)
Тема боюнча
Коопсуздук кеңешинин катчылыгы: эки кыргызстандык туткунда деген маалымат жалган
Кыргызстанда 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды
Кумтөр алтын кени. Архив

Таң калып турабыз. Канада бийлиги "Кумтөр" чыры боюнча билдирүү жасады

64
(жаңыланган 10:14 18.05.2021)
Канадалык аткаминерлер тоо кен тармагындагы талаштуу иштер кыргыз элинин экономикалык абалын ого бетер кыйынчылыкка кептейт деген оюн айтышкан.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Канаданын тышкы иштер министри Марк Гарно менен чакан ишкерлик, экспорт жана эл аралык сооданы өнүктүрүү министри Мэри Ын Кыргызстандагы тоо кен тармагындагы акыркы окуяларга тынчсызданганын айтып, биргелешкен билдирүү жасашты.

"Биз Кыргыз Республикасынын парламенти 17-майдагы кезексиз жыйынында "Центерра Голдго" көзөмөл жүргүзүү үчүн "Кумтөр Голд" компаниясына тышкы башкаруу киргизүүгө өтүү тууралуу чечим кабыл алганына, ошондой эле Кыргызстан көптөгөн эл аралык активдер менен канадалык компаниянын үстүнөн көзөмөл жүргүзүүгө жетише турганы боюнча билдирүүгө таңданып турабыз. Бул Кыргыз Республикасына түз келген чет өлкөлүк инвестицияларга узак убакытка залалын тийгизиши ыктымал", — деп айтылган алар тараткан маалыматта.

Канада "чет өлкөлүк инвесторлор менен Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин ортосундагы бул талаш бирге иштешкен тараптар үчүн ачык-айкын чечилбегенине таңданганын" да билдиришкен.

"COVID-19 пандемиясынан кийин экономиканы толугу менен калыбына келтирүү үчүн ачык-айкын жана акыйкаттуу ишкердик чөйрөсү керек. Соода жана чет өлкөлүк түз инвестициялардын көлөмүн төмөндөтө турган мындай чаралар кыргыз элинин экономикалык абалын ого бетер кыйынчылыкка кептейт", — деп жазылган таратылган билдирүүдө.

"Кумтөр Голд Компани" боюнча абал

7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.

Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Президент Садыр Жапаров 14-майда бул мыйзамга кол койгон.

Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы дооматты негизсиз деп эсептеп, 2009-жылдагы келишимдин бузулушуна алып келерин айткан. 11-май күнү УКМК "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.

Ал арада "Кумтөрдүн" ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Inс. менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард доллар боюнча доо арыз берүү каралган.

Ал эми 17-майда Жогорку Кеңеш жыйында карап, Кумтөр алтын кенин убактылуу тышкы башкарууга алуу сунушун колдоду.

Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.

64
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, Кумтөр, Кыргызстан
Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы
Тема боюнча
Парламент Кумтөрдү тышкы башкарууга алууга макулдук берди
Теңиз Бөлтүрүк Centerra тууралуу: Канадада мындай ишкананы эчак жаап салмак
Президент Садыр Жапаров. Архив

Садыр Жапаров обочолонуп иштөө режимине өттү. Себеби

47
(жаңыланган 10:11 18.05.2021)
Өлкөдөгү бардык окуялар, анын ичинде социалдык-экономикалык маселелер мамлекет башчынын көзөмөлүндө болору белгиленет.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров убактылуу аралыктан иштөө режимине өттү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Ал мурда пландаштырылган эл аралык иш-чараларга байланыштуу, эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен санитардык талаптарды сактоо максатында обочолонуп иштей турганы айтылат.

Маалыматта өлкөдө болуп жаткан бардык окуялар, анын ичинде социалдык-экономикалык маселелер мамлекет башчынын көзөмөлүндө болору белгиленди.

47
Белгилер:
санитардык талаптар, иштөө, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Жапаров миссиясы аяктаган АКШ элчиси Луну кабыл алды
Президент Жапаров алты өлкөнүн жаңы элчилери менен таанышты. Сүрөт

Баары бир күчтүү экен. Арстан менен крокодилдин суу ичинде кармашкан видеосу

0
(жаңыланган 10:29 18.05.2021)
Ботсванадагы жаратылыш парктарынын биринде туристтер крокодил менен арстандын кармашына күбө болгон.

Эки арстан суу ичип, андан соң көлмөнүн ичинде сүзүп жүргөндө аларга алыстан байкоо салган башка жырткыч кол салууну чечкен. Видеодон жаныбарлар падышасынын кичүүсү алдыда, чоңураагы артта сууда кетип бара жатканын, ал эми бир нече метр аралыкта крокодил байкатпай сүзүп келгенин көрүүгө болот.

Жакындаганда илгиртпей тиштеп, көлмөнүн түбүн көздөй тартканы менен арстан күрүлдөгөн тейде кол салып, кичүүсүн сактап калган. Ал эми өзү крокодил менен алышып, суу алдында калган. Туристтер буга тынчсыздангандыгын, бирок бир нече убакыттан кийин окуя болгон жерден алысыраак аралыктан арстандын суудан чыкканын жазышкан.

0
Белгилер:
кармаш, турист, крокодил, арстан, жаратылыш
Тема боюнча
Аягына чейин турду. Крокодилдин оозунан суурулуп чыккан антилопанын видеосу