ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары эмнелерди талкуулашты?

© Sputnik / Александр Астафьев / Медиабанкка өтүүЕвразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлери
Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Жазылуу
Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлери, ошондой эле Өзбекстан, Куба, Молдова, Түркмөнстан жана Тажикстандын өкүлдөрү соңку эки күндө Казань калаасында жыйын өткөрүштү.
Мария Науменко
Өкмөт башчыларынын жолугушуусунда соода, космосто кызматташуунун келечеги жана баанын өсүшүн ооздуктоо башкы темалардан болду. Өкмөттөр аралык кеңештин негизги жыйынтыктары туурасында Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуздар.

Азык-түлүктүн кымбатташына жол бербөө

Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөргө биримдиктин алкагында экспортту жөнгө салуу боюнча өкмөттүк деңгээлде чараларды координациялоону сунуштады. Максат — баанын өсүшүн ооздуктоо. Эң оболу кеп айыл чарба жана сырьёлук өндүрүм жөнүндө.
© Sputnik / Александр Астафьев / Медиабанкка өтүүРоссиянын премьер-министри Михаил Мишустин
Премьер-министр РФ М. Мишустин принимает участие в заседании Евразийского межправительственного совета - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин
Бааларды ооздуктоо маселелери улуттук деңгээлде гана чечилип жатканын белгилейт Россия Илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунун Постсоветтик изилдөөлөр борборунун бул мейкиндиктеги өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүү секторунун жетекчиси Елена Кузьмина. Ал ар бир мамлекет ар кандай товарлардын максималдуу наркын аныктап, бул чектен ашпоо керектигин болжойт.
© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүРоссия Илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунун Постсоветтик изилдөөлөр борборунун бул мейкиндиктеги өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүү секторунун жетекчиси Елена Кузьмина
Заведующая сектором Центра постсоветских исследований ИМЭМО РАН Елена Кузьмина - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Россия Илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунун Постсоветтик изилдөөлөр борборунун бул мейкиндиктеги өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүү секторунун жетекчиси Елена Кузьмина
"Кеп бааны жогорулатууну чайкоочулук схемалары жөнүндө жүрүүдө. Бул учурда административдик тыюу салуулар жана жөнгө салуучу рыноктук механизмдер айкалышы зарыл. Жабдуучулар жана алар койгон бааларды көзөмөлдөө, өндүрүшчүлөр – дүң соодагерлер байланышы да тартипке салынышы абзел", — деп эсептейт экономист.
ЕАЭБдин өкмөт башчыларынын жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
ЕАЭБдин өкмөт башчылары августта Ысык-Көлдө жолугушат
Чындыгында пандемиянын айынан акыркы жылдары ЕАЭБде азык-түлүк баалары кыйла өстү. Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) маалыматына таянсак, баарынан кант (56,9 пайызга), картошка (33,5 пайызга) жана күн карама майы (29,5%га) көтөрүлдү. Анткен менен баанын өсүшүнө азык-түлүк таңсыктыгы түрткү болгон эмес. Евразиялык экономикалык комиссиянын төрагасы Михаил Мясниковичтин айтымында, ЕАЭБ азык-түлүк товарлары менен өзүн-өзү толук камсыздай алат.
"Комиссия азык-түлүк тең салмактуулугу жаатында олуттуу иш алып барды. Жалпыга маалымдоо каражаттарында ушул тема байма-бай көтөрүлгөндүктөн, эгин, эт, кант, сүт товарлары боюнча да токтолгум келет. Биримдиктин ички рыногун туруктуу камсыздоо жана ашыкчасын экспорттоо үчүн бизде ресурстар жетиштүү", — деди ал.

Бирдиктүү космостук тутум

ЕАЭБ өлкөлөрү жакынкы беш жылда бирдиктүү космостук системаны түзүү жаатында иш алып барат.
"Бул менен биздин өлкөлөрдүн спутниктеринин тобун бириктирүү, биргелешкен космостук съемканын материалдары боюнча бирдиктүү банкты түптөө, ошондой эле маалыматты кабыл алуу жана иштеп чыгуунун жердеги комплекстерин заманга бапташтырууну болжойт", — деп маалымдады Михаил Мишустин.
Топ бирдиктүү космостук тутум катары тескелет. Бул байкоо салынган территориянын аянтын кеңейтүүгө жана тийиштүү маалыматтарды ыкчам түрдө алууга жол берет.
Бул глобалдык долбоор ушул жылдан тарта 2025-жылга чейин үч баскычта ишке ашырыларын Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасынын жардамчысы Ия Малкина кабарлады.
© Sputnik / Andranik GhazaryanЕвразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасынын жардамчысы Ия Малкин
Помощник руководителя Коллегии Евразийского экономического союза (ЕЭК) Ия Малкина - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасынын жардамчысы Ия Малкин
"Өлкөлөр алгачкы иш-чараларды өткөрүүгө киришти. Анын жыйынтыктарынын бири – төрт-беш космостук аппаратты чыгаруу болмокчу", — деп белгилейт ал.
Малкинанын айтымында, долбоорго ЕАЭБдин бардык мүчөлөрү тартылат. Ушул тапта космостук тармактын драйверлери Россия Федерациясына, Казакстан жана Беларуска таандык. Бирок программага Армения менен Кыргызстан да катыша алат.

Биримдиктеги каалаган өлкөдөн насыя алуу

ЕАЭБдин мүчөлөрү жыл аягына дейре насыялык таржымалды алмашуу тартиби жөнүндөгү макулдашууга кол коюшат.
Газ түтүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2021
ЕАЭБде жалпы газ рыногун түзүү боюнча келишим долбоору даярдалды
"Биздин жарандар, юридикалык жактар “бештиктин” бардык мамлекеттеринде насыя алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ал эми банктар карыз алуучулар туурасындагы маалыматтарды текшере алышат", — дейт Мишустин. Анан да, россиялык премьер-министрдин айтымында, Евразиялык экономикалык биримдик чөлкөмдө экономикалык тартылуу борборуна айланмакчы. ЕАЭБге кызыгуунун күч алышын артыкчылыктуу соода макулдашууларына кол коюу жөнүндөгү элүүдөн ашуун сунуш тастыктап турат. Ошентсе да ЕАЭБдин дагы жакшырыла турган келишимин унуткарбоо керектигин белгилейт Мишустин.

Зыянкечтерге ЕАЭБде орун жок

Өкмөт башчылары ЕАЭБдин фитосанитардык коопсуздугуна да көңүл бурушту. Алар биримдиктин аймагына өсүмдүктөрдүн үч илдетинин (томат мөмөлөрүнүн күрөң бырыштуулугу, томаттын темгилдүү соолушу жана пепино мозаикасы вирустары) киришине жана таралышына жол бербөөнү макулдашты.
"Маселе актуалдуу, эксперттер жана илимий коомчулуктун деңгээлинде терең талкууну талап кылат. Бул вирустардын урук, көчөт жана түшүмдөрүндө бул вирустардын болуп-болбогонуна көзөмөл жүргүзүүгө байланышкан чараларды биргеликте көрүү керек", — дейт Малкина.
Көйгөй чындап эле орчундуу. Бул үч вирусту карантиндик объектилердин Бирдиктүү тизмегине киргизүү демилгесин Россельхознадзор былтыр эле көтөргөн. Маселен, Казакстан 2021-жылдын I кварталында томаттын темгилдүү соолушу вирусу табылгандыктан республикасына 8 миң тонна айыл чарба азыгын киргизген эмес. Мындан тышкары, Евразиялык экономикалык комиссиянын өкмөттөр аралык кеңешине жана өлкөлөргө биримдиктин Карантиндик объектилер бирдиктүү тизмегинде камтылбаган жаңы зыянкеч организмдердин пайда болушуна ыкчам чара көрүү тартибин иштеп чыгууну табыштаган.

COVIDсиз саякат

Михаил Мишустин “Ковидсиз саякатта” мобилдик тиркемесин өнүктүрүү коопсуз жүргүнчү ташууну бачым калыптандырууга мүмкүндүк берет.
"Коронавируска каршы күрөш дале күн тартибиндеги башкы темалардан. Анан калса бир катар өлкөлөрдө, эң оболу Европада илдеттин үчүнчү толкуну күч алып барат", — дейт Россия өкмөтүнүн өкүлү.
Жүк ташыган фурулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2021
ЕАЭБ бир катар товарларды июндун соңуна чейин пошлинасыз ташууга уруксат берди
Михаил Мишустин “Ковидсиз саякатта” аттуу ыңгайлуу жана ынанымдуу мобилдик тиркемеси түзүлгөнүн эскертти. Ага тастыкталган лабораторияларда тастыкталган тесттин таза жыйынтыктары жүктөлөт. Азырынча долбоорго Армения, Беларусь, Кыргызстан жана Россия толук катышууда.
"Жакын арада Казакстан да буга кошулат", — деп белгилейт Мишустин. Ал “Эмдөө жөнүндө да маалыматтарды кошуу менен тиркемени өнүктүрүү маанилүү” деп эсептейт.
Евразиялык экономикалык биримдиктин өкмөттөр аралык кеңешинин келерки жыйыны 19-20-августта Кыргызстанда, Чолпон-Ата шаарында өтөт. Күн тартиби азырынча такталууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0