Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Архив

Жапаров менен Рахмон кайрадан телефон аркылуу байланышты

950
(жаңыланган 15:21 01.05.2021)
Президенттер эки өлкөнүн делимитация жана демаркация маселеси боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын баштоо жана жумушчу топтордун бирдиктүү иш алып баруусу боюнча пикир алмашты.

БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кайрадан телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Тажикстандын президентинин сайтына жарыяланды.

Сүйлөшүү учурунда мамлекет башчылары жетишилген келишимдердин аткарылышын жана чек арадагы кырдаалды жөнгө салууну талкуулашкан.

"Ок атууну токтотуп, аскерлерди чыңалып турган аймактан чыгарып кетүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду", — деп айтылат маалыматта.

Президенттер эки өлкөнүн делимитация жана демаркация маселеси боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын баштоо жана жумушчу топтордун бирдиктүү иш алып баруусу боюнча пикир алмашты.

Эки өлкөнүн башчылары ушуну менен 30-апрелден бери экинчи ирет байланышты. Тараптар үстүбүздөгү жылдын май айынын экинчи жарымында Душанбе шаарында жолугушуу өткөрүүнү макулдашышкан.

950
Белгилер:
Эмомали Рахмон, Садыр Жапаров, президент, Тажикстан, Кыргызстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (239)
Тема боюнча
Милиция: тажик жарандары кыргыз айылынын башчысын барымтадан бошото элек
Министрдин орун басары: Лейлекке гумжардамды учак менен жеткиребиз
Жапаров чек ара жаңжалынан жарадар болгондорго барды. Сүрөт
Беларусь лидери Александр Лукашенко. Архивдик сүрөт

Лукашенко президент көз жумса өлкөнү ким башкарарын аныктаган декретке кол койду

450
(жаңыланган 13:58 09.05.2021)
Декретте президентке кол салуу, теракт жана тыштан агрессия же башка окуя болуп көз жумса бийликтин кайсы органга өтөрү айтылган.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Беларусь лидери Александр Лукашенко эгерде өлкөнүн президентинин көзү өтүп кетсе, бийликтин кайсы колго өтөрү туурасында "Суверенитет жана конституциялык түзүмдү коргоо жөнүндө" деп аталган декретке кол койду. Бул туурасында президенттин расмий сайтында маалымдалган.

"Декрет көз карандысыздыкты жана мамлекеттин суверендүүлүгүн сактоого багытталган", — деп айтылат маалыматта.

Декретте президентке кол салуу, теракт жана тыштан агрессия же башка окуя болуп көз жумса бийликтин Коопсуздук кеңешине өтөрү айтылган.

"Мамлекеттик бардык органдар жана кызматта тургандар Коопсуздук кеңешинин чечими менен иш алып барат. Анын отурумуна премьер-министр төрагалык кылат", — деп айтылган анда.

Мындай кырсык болгон учурда өзгөчө кырдаал жана аскердик абал киргизилип, Коопсуздук кеңеши аны камсыздоо чараларын көрөт. Чыккан чечимдердин бардыгы кыйшаюусуз аткарылууусу керек.

Апрелдин ортосунда Лукашенконун жана анын балдарына кол салууга даярданган кишилердин тобу кармалгандыгы боюнча кабар тараган. Беларусь лидеринин айтымында, буга америкалык атайын кызматтын тиешеси бар жана кармалгандардын арасында чет элдик агенттер болгон. Өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук боюнча комитети козголоңчулар өлкөдө куралдуу басып алуу даярдангандыгын билдирген эле.

450
Белгилер:
декрет, кол салуу, Александр Лукашенко, Беларусь
Тема боюнча
ФСБ: Лукашенкону өлтүрүүгө камданып, Беларуста төңкөрүш даярдагандар кармалды
Лукашенконун уулуна генерал наамы берилди
РФ президенти Владимир Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушу

Путин менен Рахмон Москвада жолукту

322
(жаңыланган 23:46 08.05.2021)
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу жана жалпы аймактагы коопсуздук маселелерин талкуулашкан.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин Россия Тажикстанга Афганистан менен чектеш экенин эске алып ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдиргенин РИА Новости жазды.

Бүгүн Россия өлкө башчысы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

"Афганистанда болуп жаткан окуялардан улам аймактагы коопсуздук маселеси курч турат. Тажикстандын Афганистан менен болгон чек арасы узун. Кырдаал сиздин тынчыңызды алып жатканын түшүнөм, негиздүү. Окуя кандай нукта өнүгөрү тууралуу сиздин пикириңиз кызык. Биз өз кезегинде колдоо көрсөтүүгө болгон аракетибизди жумшап жатабыз", — деди Путин.

Ал Тажикстанда Россия Куралдуу күчтөрүнүн 201-базасы жайгашканын, өлкө анын кубаттуулугун арттыруу боюнча иштерди жасап жатканын айтып өттү.

Сөз кезеги келгенде Рахмон Афганистандагы абалга катуу тынчсызданып жатканын белгиледи.

"АКШ Афганистандан аскерин алып чыгарын эске алып коопсуздук маселелерин талкуулоо зарыл. Бул билдирүүдөн кийин өлкөдө кырдаал курчуп кетти", — деди Рахмон.

Президент Тажикстан менен Афганистандын чек арасы 1 300 чакырымдан көп экенин, башкача айтканда, жалпы чек ара тилкесинин 60 пайызын түзөрүн белгилеп өттү. Муну менен бирге Россия менен бардык тармак боюнча, анын ичинде коопсуздук маселеси дагы бар, байланыш бекемделип жатканын кошумчалады.

Андан сырткары, Тажикстандын жетекчиси ЖККУ менен ШКУ уюмдарында төрагалык кылчу мамлекет катары саммиттерге даярдык өз деңгээлинде жүрүп жатканына токтолду.

Жолугушууда Улуу Ата Мекендик согуштун мааниси тууралуу да сөз болуп, тараптар бири-бирин Улуу Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттукташты.

322
Белгилер:
чек ара, Афганистан, саммит, Тажикстан, Россия, Эмомали Рахмон, Владимир Путин
Тема боюнча
Путин Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жеңиш майрамы менен куттуктады
Медициналык кызматкер COVID-19га тест даярдап жатат. Архив

Бир суткада коронавирус 254 кишиден табылып, 5 бейтап көз жумду

7
(жаңыланган 10:58 10.05.2021)
Кечээтен бери жети медиктен коронавирус аныкталган. Анын бирөө ооруну "кызыл зонадан" жуктуруп алганы айтылды.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 254 бейтаптан аныкталып, 257си айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 195;
  • Ош шаары - 3;
  • Ош облусу -1;
  • Чүй облусу – 25;
  • Нарын облусу - 4;
  • Ысык-Көл облусу – 17;
  • Жалал-Абад облусу – 9.

Ушуну менен оору илештиргендердин жалпы саны 98 654кө жетти.

Айыккандар:

  • Бишкек – 187;
  • Ош шаары - 7;
  • Ош облусу -3;
  • Чүй облусу – 42;
  • Нарын облусу - 1;
  • Ысык-Көл облусу – 7;
  • Жалал-Абад облусу – 4;
  • Талас облусу - 6.

Жалпысынан 91 816 бейтап ооруну жеңген.

Тилекке каршы, өткөн суткада коронавирус беш адамдын өмүрүн алды. Анын ичинен үчөө Бишкекте, экөө Чүйдө көз жумган. Жалпы жонунан 1 660 киши коронавирустун курмандыгы болду.

Кечээтен бери жети медиктен коронавирус табылган. Анын бирөө ооруну "кызыл зонадан" жуктуруп алганы айтылды.

7
Белгилер:
өлүм, бейтап, оору, статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Айт намаздын Бишкекте окулушу боюнча мэрия пикирин билдирди
COVID-19: медиктерге компенсация төлөө үчүн 243 млн. сом бөлүндү