Кыргызстан менен Тажикстан аскер күчтөрү боюнча маалыматты текшерген топ түзөт

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАскер кызматкерлери. Архив
Аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Жазылуу
Протоколдо аскерлердин туруктуу жайгашкан жерлерине алып кетүүсүн көзөмөлдөө үчүн эки тараптан үч адамдан турган жумушчу топту түзүү боюнча пункт да бар.
БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан менен Тажикстандын Коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусунда кандай чечимдер кабыл алынганын маалымдады. 
Жолугушуу 1-майда "Кызыл-Бел"(КР) —"Гулистон" (TР) көзөмөл өткөрүү жайларында болгон.
Кабыл алынган чечимдер:
  • КР убактысы боюнча саат 15:00дөн тартып (Тажикстан убактысы боюнча саат 14:00дөн тарта) аскерлерге кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык тилкелеринде ок атышпоо тартиби жөнүндө маалымдап, аскерлерди туруктуу жайгашкан жерлерине алып кетүүнү баштоо;
  • Аскерлердин (курал-жарак жана аскердик техниканын) туруктуу жайгашкан жерлерине алып кетүүсүн көзөмөлдөө үчүн эки тараптан үч кишиден турган жумушчу топту түзүү;
  • Келип түшкөн маалыматтарды жалган, чынын (дезинформация) текшерүү үчүн эки тараптан үч кишиден турган текшерүү тобун түзүү, эгер ал тастыкталса, курал-жарактарды, аскердик техникаларды алып кетүүнү уюштуруу жана тараптарды туруктуу жайларына чейин узатуу.
Биргелешкен жумушчу топтун иши 2021-жылдын 2-майынан баштап Кыргызстандын убактысы боюнча 08:00дө (Tажикстан убактысы боюнча - 07:00дө) башталат.
Жаңылыктар түрмөгү
0