Россия Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова. Архивное фото

Захарованын Кыргызстан, Тажикстандагы абал жана АКШ визасы тууралуу маеги

5243
(жаңыланган 00:32 02.05.2021)
Россия Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Sputnik агенттигине маек берди.

Эми эмне үчүн Россияда америка визасын алууга болбойт, РФ "Медузаны" чын эле басынтып жатабы жана Москва кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга кандай баа берери туурасында интервьюну Sputnik каналынан көрсөңүз болот. Маекти Петр Лидов алып барды.

Жооп кылган чаралар

— Россия Европарламенттин башчысына жана Берлиндин прокуратурасына санкция салды. Аны менен кошо эле РФке кирүүгө европалык дагы алты аткаминерге да чектөө коюлду. Эмне үчүн бул адамдар аталган тизмеге кирип калды?

— Бул жөн эле тизме эмес, ал түшүндүрүүсү кошо берилген ТИМдин билдирүүсү. Бул достук эмес, кээде кастык аракеттерге, биз сырттан байкап, көрүп турган жамааттык батышка жооп катары берилген чаралар.

Көп жылдар бою Евробиримдикте өнөктөштөрдө жаралган маселелерди дипломатиялык жол менен чечели деп сунуштап келдик. Алар сүйлөшүүлөр, кеп-кеңештер, ар кыл каналдар эле. Айтмакчы, Евробиримдиктин РФтеги өкүлчүлүгүнө ылайыктуу ЕБдин алдында Россиянын туруктуу өкүлчүлүгү иштейт. Бул байланыштар ишке ашып жатат, бирок бардык көйгөйлөрдү, реалдууларын деле, ойдон чыгарылгандарын деле коомчулукка көбүртүп-жабырткан тенденция жыл өткөн сайын күчөп бара жатат.

Булар боюнча ийри отуруп, түз кеңешүүгө, жаралган көйгөйлөрдү чечүүгө кылган биздин кандай гана аракеттерибиз болбосун Евробиримдик тарабынан дароо токтотулуп, чектөө коюлуп келет.

Русофобия тууралуу

Эмне себептен ушул адамдар? Булар биздин өлкөгө карата агрессивдүү позициясын билдирип жүргөндөр. Алардын буга чейин айтып келгендерин кайталап отуруунун кажети деле жок деп эсептейм. Анткени баары интернетте бар.

Русофобиянын жаралышына саясий фигуралар гана таасир этпейт, мында Европа биримдигинин аймагындагы жалпыга маалымдоо каражаттары дагы ишке киришүүдө.

Демократия шарттарында жеке пикирди ачык билдирүү, албетте, баалуу. Бирок биз такыр башка көрүнүштөргө күбө болуп жатабыз. Тагыраагы, Россия Федерациясын кармап, токтотуу үчүн алдын ала пландалган маалыматтык-саясат кампаниясы жүрүп жатат.

Негизи дипломатиянын тарыхында "стоп-лист" жөнүндө сөз болгондо персоналдык тизме жарыяланбайт. Дайыма сан гана айтылчу. Бирок биздин батыштагы кесиптештерибиз ысымдарды ачыкка чыгарган адатты ишке киргизишти. Биз аларды дипломатиялык этиканы сактоого чакырып жаттык, бирок жыйынтык болгон жок.

Батыш эки тараптуу мамиленин бузулушуна дайыма эле Россияны күнөөлөп келет. Бирок бул чындык эмес, жалган. Биз мамилени солгундаткыдай эч нерсе жасаган жокпуз. Биз азыр көрүп, түшүнүп тургандай — бул Россияга карата мурда эле даярдалган саясий мамиле.

Америкалыктар жарга такалды

Обаманын Россияны обочолонтуу керек деген билдирүүсүн эстесеңер. Ошол учурда тирешүү алар тараптан башталганын жашырып кереги жок деп эсептешкен. Бүгүнкү күндө алар өздөрү каалаган жыйынтыкты ала албай, бул окуяны бизге оодара башташты. Анткени алар жарга такалды. Эгер АКШ биздин өлкөгө карата агрессивдүү саясат баштаса, анда өздөрүнүн эле алсыздыгы менен ишке ашпаган пландарына кол коюшу керек.

Өздөрүнүн каталарын азыркы учурда, башка учурларда деле моюнга алгысы келбей жатат.

Алардын изоляция боюнча концепцияны ишке ашыруу планы оңунан чыкпай калганда, алар дароо идеологиялык концепциясын өзгөртүп "Биз, жамааттык Батыш, Россиянын иш-аракеттерине гана жооп беребиз" деп калды.

— АКШнын элчилиги россиялыктарга иммиграциялык виза берүүнү токтотмой болду. Дипломатиялык өкүлчүлүк чындап эле жетишпей жатабы же аларда кызматкер жокпу?

— Бир нече жылдан бери АКШ консулдук чөйрөдө жаман эле иштебестен, болгон консулдук жумушун талкалап алды. Мунун баарын өздөрү жасады. Бирок Россия тараптан кандайдыр бир таасир болуп жатканын айтууда. Бул — калп.

Дипломат кандай багытта иш алып барып жатканы тууралуу чечимди ошол өлкө чыгарат. Албетте, Москва консулдуктагы кызматкерлериңди азайт деп Вашингтонду кыйнаган жок. Бул Вашингтондун чечими.

АКШнын виза берүү системасы — абсолюттук архаика. Визаны бир да жерде мындай жол менен бербейт. Биз америкалыктарга визаны 7 күндөн 10 күнгө чейин бетме-бет сүйлөшүү жүргүзбөй туруп беребиз. АКШдан россиялык дипломаттар куулгандан кийин виза берүүнүн мөөнөтүн узарткан жокпуз жана ишти ошол эле нукта уланта бердик.

— "Медузаны" Россияда чет элдик агент катары таануу Латвиядагы россиялык журналисттерди кысымга алууга жооп эмеспи?

— Ооба, "Медузаны" чет элдик агент деп табышты. Бул Юстиция министрлигинин Россиянын мыйзамына ылайык чечими болчу. Бирок биз үчүн ал чоң же кичине ЖМК болуп кеткен жок. Ал чет элдик жалпыга маалымдоо каражаты болуп кала берди. Алар суроо жиберет, биз жооп беребиз. Чалышса, трубканы алып жооп беребиз. Бул жаатта аларга эч кандай басмырлоо болгон жок.

Көптөн бери RT менен Sputnik агенттиктеринде АКШнын расмий адамдары чыкты беле? Жок. Алар муну кылбайбыз деп ачык эле айтышат. Ошол эле учурда аткаминерлерге RT менен баарлашуу, эфирге чыгууга эле тыюу салынган эмес. Алар муну кылбайбыз деп ачык эле айтып жатышат.

— Кыргызстан менен Тажикстан куралдуу кагылышууга барды. Аймакта Карабахтагыдай кырдаал түзүлбөйбү жана Россия бул талаштуу окуяда активдүү роль ойной алабы?

— Биз Кыргызстан менен Тажикстандагы окуянын күчөп баратканына кооптонуу менен көз салып турдук. Тилекке каршы, куралдуу кагылышууда жаракат алгандар жана курман болгондор катталды. Биз маркумдардын жакындарына көңүл айтып, жаракат алгандардын тез арада сакайып кетишин каалайбыз. 30-апрелге караган түнү тараптар ок атууну токтотуп, маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүнү макулдашты. Биз мындай аракетти, албетте, кубаттадык. Бишкек менен Душанбенин бирдиктүү жумушчу топ түзүү чечимин дагы колдодук. Себеби аталган топтун милдетине калк менен иштеп, аларга туура маалымат жеткирүү жана ошол аймактагы кырдаалга мониторинг жүргүзүү иштери кирет.

Россия Кыргызстан жана Тажикстан менен стратегиялык өнөктөш болгондуктан бардык талаштуу саясий-дипломатиялык маселелерди чечүүдө жардам бергенге даяр.

Сиздерге интервью бергенге чейин Кыргызстан менен Тажикстан Россиядагы диаспораларына провокацияга алдырбоону суранган чакырыктарды көрдүм. Бул өтө маанилүү билдирүү экенин өзгөчө белгилеп кетким келет.

5243
Белгилер:
маек, санкциялар, чек ара, Мария Захарова, Тажикстан, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Захарова: Батыш РФти ооздуктоо боюнча пландалган кампаниясын ишке ашырууда
Захарова: Россия Бишкек — Душанбе чатагынын чечилишине көмөктөшүүгө даяр
УКМК имараты. Архив

Жээнбеков генерал наамдарын мыйзамсыз ыйгарганбы? УКМК текшере баштады

36
(жаңыланган 22:55 14.05.2021)
Интернетте экс-президент Сооронбай Жээнбеков генерал наамдарын мыйзамсыз берген деген маалыматтар тарап жатат.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы ички иштер министринин орун басарлары менен УКМК төрагасынын мурдагы орун басарына генерал наамдары ыйгарылган деген маалыматты текшерип жатат. Бул тууралуу атайын органдын маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин интернетте экс-президент Сооронбай Жээнбеков иштен кетер алдында өткөн дата менен ошол кездеги ички иштер министринин орун басарлары Мирлан Канимет менен  Алмазбек Орозалиевге жана УКМК төрагасынын биринчи орун басары Талант Салиевге генерал наамдарын тапшырып кеткен деген маалымат тараган.

Орозалиев кызматынан 21-октябрда кол жууса, Каниметов 3-апрелде кеткен. Ал эми Салиев жумуштан 16-октябрда бошотулган.

Кыргызстанда канча генерал бар экенин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар

36
Белгилер:
УКМК, текшерүү, наам, генерал
Тема боюнча
Садыр Жапаров дагы бир жетекчиге генерал наамын берди

Кыргызстан элине ыраазымын. Рахмондун оппозициясы менен Бишкекте элдешкен видеосу

460
(жаңыланган 23:07 14.05.2021)
Мындан 24 жыл мурун Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Бириккен тажик оппозициянын лидери Саид Абдулло Нури Бишкек шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жарандык согушту токтотуу боюнча документтерге кол коюлган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги андагы тарыхый күндө тажик президенти Эмомали Рахмондун сүйлөгөн сөзүнүн толук видеосун сунуштайт.

Коңшу мамлекеттин президенти Рахмон жана Бириккен тажик оппозициянын лидери Саид Абдулло Нури өз командасы менен Бишкек шаарына 1997-жылдын 13-майында келген. Беш жылдан бери бийлик талашып согушуп 100 миңден ашык адамдын өмүрү кыйылып, бир миллиондон ашык кишини качырган жарандык согушту токтотууга Кыргызстандын тунгуч ажосу Аскар Акаев, кыргыз аскер чалгынчылар, дипломаттар, саясатчылар жана тынчтык орнотуучу батальон ортомчу болуп, тажикстандыктардын элдешүүсүнө көмөктөшкөн.

Сүйлөшүүлөр 14-майда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында башталып, үч күнгө созулган. Кыргызстандын борборунда Бишкек меморандумуна жана "Саясий маселелер боюнча" протоколуна кол коюлган. Анда тажик президенти Рахмон кыргыз тарапка ыраазычылык билдирип, кыргызстандыктардын Тажикстандагы жарандык согушту токтотуудагы ордун баса белгилеген.

"Мен баарынан мурда Аскар Акаевич жеке өзүңүзгө чын дилимден ыраазычылыгымды билдиргим келет жана сиз аркылуу боордош Кыргызстандын элине бүгүнкүдөй биздин жолугушууну меймандос Бишкекте өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн ыраазычылык айтам. Биздин эки эл чек ара менен гана байланышпастан, жүздөгөн жылдардан бери тарыхый, маданий, руханий жактан байланышып келген. Мүмкүн ушундан улам Кыргызстандын жетекчилиги 1992-жылы эле биздин көйгөйдүн саясий жактан чечилишине кызыкдар экендигин көрсөткөндүр. Биринчилерден болуп Тажикстанга өзүнүн тынчтыкты орнотуучу делегациясын жиберген. Кыргыз бийлиги дайыма тажик бийлигинин көйгөйлөрүнө сабырдуулук менен, изги ою менен мамиле жасап келгенин баса белгилеп айткым келет. Бүгүн жалпы күчтүү эркибиздин, Кыргыз Республикасынын президенти, менин бир тууганым Аскар Акаевичтин жигердүү көмөктөшүүсү, Бириккен Улуттар Уюмунун генералдык катчысынын атайын өкүлү мырза Меремдин ортомчулугунун аркасында биз Бишкек меморандумуна, "Саясий маселелер боюнча" протоколуна кол койдук", — деген Рахмон.

Ал эми Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев биздин редакцияга берген маегинде, ал процесстер кыйынчылык менен өтүп, Рахмон Нури экөө бири-бири менен кайым айтышып, жүз карашпай калышканын эскерген.

"Адегенде эле эки тарап бир имаратта отургусу келбеди. Чыгыш салты боюнча коноктор менен үйдүн ээси бир дасторконго чогуу отуруп тамак ичкенден тарта элдешүү процесси башталат деп үч саат бою аларды көндүрдүм. Акырында эки жак тең макул болуп, түн ичинде баарын дасторконго отургузуп, бир нанды өзүм сындырып тамак ичтик. Айта кетчү жагдай, бул сүйлөшүүгө тажик калкынын атактуу акыны Гулрухсор Сафиева да кошулду. Эртеси, 14-майда, сүйлөшүүлөр башталып, анда БУУнун генералдык катчысы Кофи Аннандын атайын өкүлү Ганс Дитрих Мерем экөөбүз ортомчу болдук. Процесс бир топ кыйынчылык менен коштолду. Ар бир тарап өз кызыкчылыгын коргогонго өттү. Расмий Душанбе күч түзүмдөрү каршылаш тараптын колуна өтүп кетеби деп кооптонду. Ал эми оппозиция бийликтин өзөгүн түзгөн таасирдүү министрликтеринин тизгинин алууга умтулду. Эки жак бийлик талашып, бири-биринин сөзүн укпай жатты. Мырза Мерем экөөбүз буларды бир пикирге келтиргенге аракеттенип жаттык. Ошентип үч күн өттү, эч натыйжа болгон жок. 17-майда бири-бири менен кайым айтышып, жүз карашпай калышты. Түштөн кийин аэропортко камынып жатканын угуп, кечки тамакка калышын өтүнүп дароо Рахмонго телефон чалдым. Ошентип кечки тамакты ичкен соң эки тарапка кайрылдым: "Үч күндөн бери тажик эли менен бүт Борбордук Азия ЖМКдан Бишкектеги сүйлөшүүлөр кандай өтүп жатканын карап турган учуру. Эгерде ушул жерден элдешүүнү баштап кетпесеңер, анда тажик калкы силерди эч качан кечирбейт", — дедим. Мырза Мерем да мени колдоп, "тынчтык орнотууга саналуу кадамдар калды" деп эки жакты ынандырды. Бул түнкү чечүүчү сүйлөшүүдө Сафиеванын да ролу чоң. Ал менин өтүнүчүм боюнча Саид Абдулло Нури, Ходжи Акбар Тураджонзоданы Рахмон менен сүйлөшүүнү улантууга көндүрдү. Рахмон, Нури жана Тураджонзода биздин сөзүбүзгө муюп, сүйлөшүүлөрдү улантышты. Ошентип түнү бою эки тарап менен документтердин үстүндө иштеп, баарын тактадык. 18-майда таңга маал баарыбыз абдан чарчап, тыныгууга кетишти. Ошол учурда биз келишимди даярдадык. Түштөн кийин расмий Душанбе менен Бириккен тажик оппозициясы "Саясий маселелер жөнүндө" протоколуна кол койду. Бул Бишкектеги сүйлөшүүнүн башкы жетишкендиги эле", — деген Акаев.

Ага чейин каршылашкан эки тарап 1994-1997-жылдары Москва, Алматы, Исламабад, Ашхабад, Тегеран, Мешхед жана Хост (Түндүк Афганистан) шаарларында жолуккан, бирок бир пикирге келе алган эмес.

Кийин Бишкекте кол коюлган документтердин негизинде ошол эле жылдын 27-июнунда Кремлде эки тарап тынчтык жөнүндө келишимге кол коюу менен элдешүү процесси башталган.

460
Белгилер:
видео, сүйлөшүүлөр, Эмомали Рахмон, Тажикстан, Аскар Акаев, Кыргызстан
Тема боюнча
Гиссардан чоң, эки миллион сомдук "Арашан" койлору. Новопокровкада тартылган видео