Тажикстандын Башкы прокуратурасы КР аскерлерине каршы иш козгоду

© Sputnik / Эмиль СадыровКонфликт в Баткенской области на границе с Таджикистаном
Конфликт в Баткенской области на границе с Таджикистаном  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2021
Жазылуу
Коңшу өлкөнүн Башкы прокуратурасы конфликтинин чыгышына кыргыз тарапты күнөөлөп жатат. Иш эки берене боюнча козголгон.
БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Тажикстандын Башкы прокуратурасы Кыргызстандын аскерлери менен жарандарына каршы кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн көзөмөл органы кабарлады.
Иш Кылмыш-жаза кодексинин "Согуш баштоо же агрессивдүү согуш жүргүзүү" жана "Эки же андан көп адамды өлтүрүү" беренелери боюнча 29-апрелде эле иш козгогон. Бирок бул тууралуу бүгүн гана белгилүү болуп жатат.
Тажикстандын Башкы прокуратурасы чырдын чыгышына Кыргызстанды айыптап, "курал менен кол салышты" деп билдирген. Алар ошондой эле бир нече адам курман болуп, ондогон киши жаракат алганын, чек ара аймагындагы үйлөр өрттөлгөнүн белгилешти.

Баткендеги кандуу кагылыш

Капельницада илинип турган оюнчук. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2021
Баткендеги чек ара чырынан 4 жашар бөбөк чарчап калды

Адам өлүмүнө алып келген Баткендеги кандуу кагылышуу 28-апрель күнү кечинде башталып, ок атылып, калаба 2-3 күнгө созулуп кетти. Натыйжада 35 кыргызстандык жаран көз жумуп, 150гө чукул киши октон, таштан жаракат алып ооруканага түштү. Он миңдеген адам эвакуацияланып, жанын арачалап турак жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Баткен менен Лейлек райондорунун чек арага жакын жайгашкан айылдары өрттөнүп, үйлөр, социалдык объектилер бүлгүнгө учурады.

1-майдан тарта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин абал турукташа баштап, чек ара тилкесине тартылган аскер техникасы, күч түзүмдөрү чыгарылды. Ушу тапта аймакта кырдаал тынч, тургундар айылга кайтып, КР бийлиги келтирилген зыяндын көлөмүн эсептеп жатат. Үй-жайсыз калгандарды там-таш менен камсыздоо милдети өкмөттүн мойнунда.
Ал эми Тажикстандын бийлиги тараткан маалымат боюнча кагылышуудан 16 киши набыт болгон.
Баткенде учурда эмне болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзгөн онлайн-репортаждан билүүгө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0