Арзыбек Бурканов өкмөт башчынын кеңешчиси кызматынан кетти

© AP Photo / Virginia MayoАткаминер. Архив
Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Жазылуу
Бурканов 2011-2012-жылдары Баткен облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу болуп иштеген. Мындан сырткары, 2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Арзыбек Бурканов премьер-министрдин кеңешчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Портфельчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Мелис Сатыбалдиев Коопсуздук кеңешинин катчысына биринчи орун басар болду
Бурканов 2011-2012-жылдары Баткен облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу болуп иштеген. Мындан сырткары, 2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
Анын атын буга чейин президент Садыр Жапаров маектеринин биринде атаган. Анда журналист мамлекет башчыга Арзыбек Бурканов кадрдык саясатка түздөн-түз кийлигишип, көп маселени чечип койгон киши катары сыпатталып жатканын айтып, мунун канчалык чындыгы бар экенин сураган. Жапаров "Арзыбек Бурканов бир дагы кадрды мага алып келген жок. Мен кандай буйрук берсем ошону гана аткарып жүрдү" деп жооп берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0