БУУнун башкы катчысы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча үн катты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБУУнун башкы катчысы Антониу Гутериш. Архив
БУУнун башкы катчысы Антониу Гутериш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Жазылуу
Антониу Гутерриш маркумдардын жакындарына көңүл айтуу менен жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалады.
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстан менен Тажикстанды атышууну токтотуу боюнча кабыл алынган тынчтык келишимин сактоого чакырды. Бул тууралуу брифинг учурунда уюмдун расмий өкүлү Стефан Дюжаррик билдирди.
"Башкы катчы эки лидердин байланышын жана 1-майда ок атууну токтотуу боюнча кабыл алынган чечимди колдойт. Ал эки тарапты тең жетишилген келишимди сактоого бардык аракеттерди көрүүгө чакырат", — деди Дюжаррик.
Маалыматка караганда, БУУнун башкы катчысынын Борбор Азия боюнча өкүлү Наталья Герман эки өлкөнүн бийлиги менен байланышта. БУУ зарыл болгон учурда жардам берүүгө даяр экени белгиленди.
Гутерриш маркумдардын жакындарына көңүл айтуу менен жабыркагандарга тез сакайып кетүүнү каалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0