Баткенде дагы эки аткаминер кызматынан кол жууду

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАткаминерлер. Архив
Аткаминерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2021
Жазылуу
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрлан Сапарбаев менен Кадамжай районунун акиминин биринчи орун басары Абдыманап Жакбаров иштен кетишкен.
БИШКЕК, 5-май – Sputnik. Баткенде бир катар аткаминерлер кызматтан кеткенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Билдирмеге ылайык, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрлан Сапарбаев менен Кадамжай районунун акиминин биринчи орун басары Абдыманап Жакбаров иштен кетишкен. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгону айтылды.
Буга чейин Баткендин башчысы Өмүрбек Суваналиев кызматтан кеткенин билдирген. Анын ордуна Абдикарим Алимбаев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Жаңылыктар түрмөгү
0