Түзүмү жаңыланган министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары бекитилди

© AFP / ANDREAS SOLAROАткаминерлер. Архив
Аткаминерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2021
Жазылуу
Жаңы Конституция боюнча кыргыз өкмөтү министрлер кабинети болуп өзгөрүп, президент Садыр Жапаров курамын бекитип жатат.
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Түзүмү жаңыланган министрлер кабинетинин төрагасы болуп Улукбек Марипов дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Президенттин дагы башка жарлыгы менен Мариповдун орун басарлары дайындалды. Алар:
  • Артём Новиков — министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары;
  • Улукбек Кармышаков — төраганын орун басары, экономика жана финансы министри;
  • Жылдыз Бакашова — төраганын орун басары;
  • Азамат Дыйканбаев — төраганын орун басары, санариптик өнүктүрүү министри.
Эске сала кетсек, 11-апрелдеги референдумда кабыл алынган жаңы Конституция боюнча кыргыз өкмөтү министрлер кабинети болуп өзгөрүп, президент Садыр Жапаров курамын бекитип жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0