Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев кызматтан кетип, ордуна башка келди

© Sputnik / Табылды КадырбековБилим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев. Архив
Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2021
Жазылуу
Бүгүн президент жаңы Баш мыйзамга кол коюп, министрлер кабинетинин түзүмүн бекитти. Тизмеде Алмазбек Бейшеналиев жок.
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Болотбек Купешев билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Аталган министрликти буга чейин Алмазбек Бейшеналиев жетектеп келген. 
Эске сала кетсек, 11-апрелдеги референдумда кабыл алынган жаңы Конституция боюнча кыргыз өкмөтү министрлер кабинети болуп өзгөрүп, президент Садыр Жапаров курамын бекитип жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0