Кыргызстан менен Тажикстан биргеликте Ворухка жол курат. Аны Тажикстан колдонот

© Sputnik / Табылды КадырбековАсфальт төшөө учурунда ишкерлер. Архив
Асфальт төшөө учурунда ишкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2021
Жазылуу
Эки өлкө делимитация жана демаркация иштери аяктаганга чейин жана кыргыз-тажик чек ара чеги юридикалык негизде бекитилгенче Тажикстандын жарандарынын жана жүк ташыган унааларынын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн "Ходжаи Аъло — Ворух" жолун курат.
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик чек арасындагы делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк делегациясы биргелешкен билдирүү жасады. Бул тууралуу Кыргызстандын өкмөтүнөн билдиришти.
Андагы маалыматка караганда, эки өлкө делимитация жана демаркация иштери аяктаганга чейин жана кыргыз-тажик чек ара чеги юридикалык негизде бекитилгенче Тажикстандын жарандарынын жана жүк ташыган унааларынын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн "Ходжаи Аъло — Ворух" жолун курат. Кийин тажик тарап жолду колдонот жана оңдоп-түзөп турат. Аталган жол Капчыгай (Танги) айылын айланып өтөт.
"Бул жолдун статусу өзүнчө мамлекеттик келишим менен аныкталат. Тараптар бул жолду курууну макулдашып, топографикалык жумушчу топтун мүчөлөрүнө 2021-жылдын 1-июнуна чейин Баткен районунун аймагындагы участканы изилдеп чыгуу тапшырылды. Эки тарап Капчыгай айылынын чыгыш тарабы менен айланып өткөн "Ходжаи Аъло – Ворух" жолу курулгандан кийин Ворухтагы кыргыз-тажик чек арасынын линиясын долбоорлоого киришүүнү макулдашты", — деп айтылат маалыматта.
Тараптар келерки жолугушуу Тажикстандын аймагында ишке ашарын айтышты.
Жаңылыктар түрмөгү
0