БУУнун КРдеги координатору Баткенге жардам берүү боюнча иштерди айтып берди

© Фото / пресс-служба МИД КРБУУнун КРдеги тутумунун Туруктуу координатору Озонния Ожиело менен ТИМ жетекчисинин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев жолугушуу учурунда
БУУнун КРдеги тутумунун Туруктуу координатору Озонния Ожиело менен ТИМ жетекчисинин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2021
Жазылуу
БУУнун КРдеги координатору менен жолуккан Ниязов Баткен узак мөөнөттүү жардамга да муктаж экендигин айтты.
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. БУУнун КРдеги тутумунун Туруктуу координатору Озонния Ожиело менен ТИМ жетекчисинин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда өрттөлгөн айылдарды калыбына келтирүү боюнча биргелешкен иштерди талкуулады. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.
Озонния Ожиелонун айтымында, өкмөт менен БУУнун агенттиктеринин биргелешкен иштерин координациялоочу аянтча, иш алып бара турган топ түзүлгөн. Жакында алардан куралган гуманитардык команда жапа чеккен жарандардын муктаждыктарын аныктоо үчүн Баткен облусуна барып келген.
Ниязалиев БУУнун тутумунун Туруктуу координаторуна куралдуу жаңжалдын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана жасалган ыкчам аракеттер үчүн ыраазычылык билдирген.
"Министрдин биринчи орун басары Баткен облусу чукул эле эмес, социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн узак мөөнөттүү жардамга да муктаж экендигин белгиледи. Ал БУУнун Баткен облусунун экономикасын кайра калыбына келтирүүгө колдоо көрсөтөрүнө жана эл аралык уюмдар тарабынан жардам тартуу боюнча иш жүргүзүүсүнө үмүт арта тургандыгын билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Жаңылыктар түрмөгү
0