Үч өлкөдө иштей турган элчилердин талапкерлиги жактырылды. Тизме

© AFP / Justin Sullivan / Getty ImagesКиши портфель менен. Архив
Киши портфель менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2021
Жазылуу
Элчи болчулар менен кошо Стамбул шаарындагы консулдун талапкерлиги да каралды. Кээ бир дипломаттарга БУУнун уюмдарына Кыргызстандын атынан өкүл болуу милдети тагылган.
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кыргызстандын чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана эл аралык уюмдарга бара турган талапкерлерди Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитети карап, колдоду.
Алар үч мамлекетке бара турган элчилер жана бир башкы консул эле:
  • Талант Кушчубеков Түркмөнстандагы элчиликке;
  • Таалай Базарбаев Италиядагы элчиликке, БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмуна, БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасына жана Римдеги башка эл аралык уюмдарга КРдин атынан өкүлдүккө;
  • Азамат Карагулов Кыргызстандын Кувейттеги элчилигине;
  • Лира Сыдыкова Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдук кызматына колдоо тапты.
Жаңылыктар түрмөгү
0