АКШ бийлиги кыргыз-тажик чек арасындагы чыр аягына чыккан жок деп эсептейт

© AFP / PAUL J. RICHARDS АКШнын мамлекеттик департаментинин имараты. Архив
АКШнын мамлекеттик департаментинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2021
Жазылуу
АКШ бийлиги кыргыз-тажик чек арасындагы пикир келишпестикти түп-тамыры менен жок кылуу үчүн эки тарапка тең колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. АКШнын мамлекеттик департаменти кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал соңуна чыккан жок деп эсептейт. Бул тууралуу Атлантика кеңешинин онлайн-семинарында сүйлөп жатып мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысынын орун басары Жонатан Хеник билдирди.
Анын айтымында, Америка бийлиги кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуяларды тынчсыздануу менен кабыл алды.
"Бирок биз кырдаал жөнгө салынды деп эсептебейбиз. Эл үйлөрүнө кайтып, куралдуу кагылышуу болгон аймакты калыбына келтирүү үчүн тынчтык жана туруктуулук керек", — деди Хеник.
Ошондой эле ал АКШ чек арадагы пикир келишпестикти түп-тамыры менен жок кылуу үчүн эки тарапка тең колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2021
Жапаров Путин менен сүйлөшүп, чек ара чырын талкуулады
"Биз Бишкек жана Душанбедеги элчиликтер аркылуу эки өлкөнүн жетекчилиги менен тең байланыштабыз. Алардын Вашингтондогу элчиликтери менен дагы сүйлөштүк. Мүмкүн болгон бардык аракеттер менен абалды жөнгө салуу зарыл", — деди АКШ өкүлү.
Сөзүнүн аягында өкүл эки өлкөнүн лидерлерин жоопкерчиликти өз мойнуна алып, мындай окуялардын кайталанышына жол бербөөгө чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0