39 жаштагы Мирбек Кожоев өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалды

© Sputnik / Дмитрий АстаховАткаминер портфель менен. Архив
Аткаминер портфель менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2021
Жазылуу
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол коюп, жаңы жетекчини жамаат менен тааныштырышты.
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мирбек Кожоев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол коюп, жаңы жетекчини жамаат менен тааныштырышты.
Мирбек Кожоев 39 жашта. Буга чейин КР президентинин аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болуп иштеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0