Ош шаардык кеңешине кайра шайлоо өтсө кимдер катыша алат. Тартиби

© Sputnik / Михаил ДудинОш шаары. Архив
Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2021
Жазылуу
Жергиликтүү кеңештин депутаттарын кайра шайлоонун датасы президент тарабынан бир айдын ичинде дайындалууга тийиш.
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды.
БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова президент Садыр Жапаровдон кайра шайлоо дайындоону суранды.
Эгер кайра шайлоо өтүп калса, анын тартиби кандай болот, кайсы партиялар катыша алат деген суроо туулат.
Бул туурасында “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 39-беренесинде жазылган.
  • Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайра шайлоо президент тарабынан шайлоо жараксыз деп табылган күндөн тартып бир айдын ичинде дайындалат жана тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан өткөрүлөт;
  • Шайлоону жараксыз деп табуу үчүн негиз болгон талапкерлер кайра шайлоого катыша албайт;
  • Эгерде мамлекеттик же жергиликтүү бийлик органдарынын, шайлоо комиссияларынын кызматкерлеринин чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу үчүн негиз болсо, эч бир партиянын жарышка катышуусуна чек коюлбайт.
Белгилей кетсек, Ош шаардык кеңешине 11-апрелде өткөн шайлоодо төрт партия утуп чыккан. БШК анда кызмат адамдары добуш берүү процессине кийлигишкени, административдик ресурс колдонулганы, үгүт иштеринде, добуш берүү учурунда, имараттан сырткары добуш берүүдө мыйзам бузуулар аныкталганын айтууда.
АСУнун жыйынтыгы боюнча мандат төмөнкүдөй бөлүштүрүлмөк:
  • "Ата-Журт Кыргызстан" — 48,68 пайыз (27 мандат);
  • "Улуттар биримдиги" — 17,52 пайыз (12 мандат);
  • "Ыйман нуру" — 8,11 пайыз (4-5 мандат);
  • "Ынтымак" — 7,02 пайыз (3-4 мандат).
Жаңылыктар түрмөгү
0