Colonial Pipeline мунай компаниясынын резервуарлары. Архив

Америкалыктардын майга акчасы түгөндү: күнөө орустарда

354
Күлүшүңүз мүмкүн, бирок Америкада кайрадан орус хакерлери табылыптыр. Бу жолу алар Техастан Нью-Йоркко чейин созулган, бир күндө 2,5 миллион баррель нефть өткөргөн Colonial Pipeline түтүгүн бууп салышкан имиш.

ФБРдеги аты аталбаган тараптардын Аssociated Press басылмасына берген маалыматына ылайык, кайсы бир зыяндуу компьютердик программа Colonial Pipeline компаниясын мунай өндүрүүнү токтотууга мажбурлаган. Ушу тапта хакерлер компания жетекчилиги менен "келишүүгө макулдашып" жаткан имиш. Акыркы үч күн нефть түтүгү иштеген жок, мындан улам бензин кымбаттап, мындан ары да нарк жогорулай бермекчи.

Демократиялык партиянын CNN телеканалы киберчабуулду Darkside тобунун хакерлери жасаганын жар салышты. Бул топ, ооба, таптыңыз, орустар менен байланышта экен.

Далилби? Албетте, бар. Darkside —  которо келгенде "караңгы тарап" дегенди түшүндүрөт. Демократиялык дүйнөнүн караңгы тарабында ким турат? Албетте, орустар. Darkside тобунун өзүнүн расмий сайты, байланыш телефондору бар экен, америкалык журналисттер алар менен байланышууга да аракет жасап жатышыптыр. Сайты, контактылары жарыяланган эмне богон хакерлер деп сураарсыз. Эми бул орустун табышмактуу, көпчүлүк түшүнө бербеген жан дүйнөсү окшойт да.

Эң эле бетке чапкан "далили" — "ыплас хакерлердин" постсоветтик мейкиндиктен тыш иштегени. Бул логика менен, мисалы, хакердин чабуулу Люксембургда жасалбаса, демек, ал так ошол Люксембургда жашайт. Тилекке каршы, америкалыктар көп ойлонбой сүйлөөгө көнүп калышкан.

Чынында хакерлер тууралуу жомок Байден доорунун экономикалык кейиштүү абалын актоо үчүн ойлоп табылган. Анткени Трамптын убагында бензин өлкөдө орточо эсеп менен галлонуна эки доллардан (литрине 0,5 доллар) болуп келген. Бүгүн галлон 3,5-4 долларга чейин кымбаттап кетти. Бул болжол менен катардагы калифорниялык киши бензиндин бир литрин 100 рублден ашыгыраак акчага сатып алып жатканын түшүндүрөт.

Colonial Pipeline менен түшүнбөстүктөр (болсо да, болбосо да) мунайдын кымбатташына жакшы себеп болуп бермекчи. Эмне менен бүтөрү деле дайын. Жол кире наркынын өсүшү, дегеле бардык нерсенин — авиабилеттен баштап азык-түлүккө чейин кымбатташын шарттайт. Кыскасы, акция жана кыймылсыз мүлккө катып койчу инфляция бучкактап турган учур.

Кызыгы — бул каатчылыкты атайылап бирөөнүн жасаганында. Ак үйдүн босогосун аттаары менен Байден сланец нефтисин өндүрүүнү чектеп, Keystone XL нефть түтүгү боюнча долбоорду токтотуп, акча жашыл энергетикага салынарын убадалап салды. Мунун баары коронавируска чейинки көлөмдү калыбына келтирүүгө тоскоол болду.

Кара алтындын баасын түшүрүп, орус нефть иштетүүчүлөрүн жок кылабыз деген ой ишке ашпай калды. Тескерисинче, 2020-жылы америкалык сланецчилер өздөрүн өздөрү жок кылышты. Азыр пандемиянын күчү кайтып калган кезде саякатчылар көбөйүп мунайга болгон суроо-талап өсүүдө. Бирок муктаждык жабылбай турат. Демек, бензиндин баасы асман чапчып жатканына таң калбай деле койсо болот.

Цивилизациялуу өлкөлөрдө күйүүчү майдын баасын ооздуктоо үчүн ар кыл финансылык инструменттер бар. Мисалы, Россия көп жылдан бери демпфердик механизмди колдонуп келет. Бүгүнкү күндө өлкөдө майдын баасы дүйнөдөгү арзан нарктын бири болуп саналат.

Бирок прогрессивдүү делген АКШда Грета Тунбергдин кыялын ишке ашырууга ыктап келет: америкалыктар ушу тапта үйдө отурушат, анткени учак билети оголе кымбат, жашылчасын терезеде өстүрүп жатат, анткени тамак-аштын баасы өсүп кетти.

Демократиялык партиянын жетекчилиги дал ушундай жашоо образын сунуштап жатат. Бир жыл мурун, нефтинин баасы тарыхый минимумга жетип калган учурда, солчул демократтардын жылдызы Александрия Окасио-Кортес Twitter аккаунтуна "Сиздер муну жакшы көрөсүздөр. Биздин нефть тармагыбыз алдан тайды" деп жазган.

Ошол учурда өндүрүштө иштегендер жапырт ишинен айрылып, компаниялардын чоңу да, кичинеси да жакырланып жаткан эле. Бир аздан кийин конгрессвумен жазганын өчүрүүгө мажбур болгон. Бирок интернет эч нерсени унутпайт эмеспи: Демпартияны каржылаган олигархтардын бирден-бир максаты — Американын нефть тармагын тыптыйпыл жок кылуу.

Colonial Pipeline компаниясына жасалган чабуулдан кийин эле биржа аналитиктери кардарларына киберкоопсуздук боюнча иш алып барган интернет-гиганттардын акцияларын сатып алууну сунуштап жатат.

Санарип корпорацияларга ээлик кылган америкалык олигархтар америкалык нефтичилерди сызга отургузууга кызыкдар. Ал эми мындан миллиондогон жөнөкөй адамдар запкы тартып жатканы — корпоративдик экономикалык согуштун "коштоочу зыян" гана. "Санарипчилер" өндүрүш өнөр жайына каршы, электрокарлар бензин кыймылдаткычтарына каршы, соя этин өндүргөндөр мал чарбачылыгына каршы. Согуштук аракеттердин театры АКШнын өзүнүн аймагында, бирок элдин кыйналып жатышына Вашингтон орустарды күнөөлөп келет.

Албетте, калпты чындай урдуруу Россия менен АКШ президенттеринин сүйлөшүүсүнө көпүрө болуп бере албайт. Бирок аны кысым жасоого пайдаланууга болот. "Сүйлөшөбүз, мен президент Путин менен жолугууну пландап жатам, — деди Байден. — Биздин атайын кызматтар Россиянын тийиштүүлүгүн (Colonial Pipeline компаниясына жасалган киберчабуул) аныктай элек, бирок опузалоочу программа Россияда экенин көрсөткөн далилдер бар. Бул үчүн жооп бериши керек..."

Америка бийлиги кыйналып-кысталса эле "орус хакерлерин" алып чыга калып жатып мемге айлантып жиберишти. Орус программисттерин эмнеге гана айыпташкан жок! Бирок бир да жолу ынанарлык далил келтире алышкан эмес.

Ал арада дал ушул жылдары АКШ компьютердик кылмыш боюнча дүйнөлүк лидер болду. Акыркы он жылдыкта киберчабуулдарды жасаган дал ушул америкалыктар. Айрымдары кадимкидей эле аскердик диверсия болчу.

Россия АКШга эл аралык киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча ишти жөнгө салууну сунуштап келет. Бирок америкалыктар дайым баш тартат, болбосо эреже менен ойноого туура келип калат да. Андан көрө өлкөнүн алсызданып, элинин жакырланышын орус хакерлерине оодара салуу кыйла оңой эмеспи.

354
Белгилер:
коопсуздук, кибер чабуул, Жо Байден, хакерлер, Россия, АКШ
Тема боюнча
Элчилик россиялык хакерлер чабуул койду деген АКШнын айыптоосуна жооп берди
Кыргыз Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, профессор Тилектеш Ишемкулов

Ишемкулов: чек арадагы согуштун токтошуна Путиндин таасири болушу мүмкүн

8
Кыргыз Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, профессор Тилектеш Ишемкулов Россия менен Кыргызстандын кызматташтыгы жакшыруу жолунда бара жатканын белгиледи.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуялардын токтошуна Россия кандайдыр бир деңгээлде таасир этиши ыктымал. Мындай пикирин Тилектеш Ишемкулов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Ишемкулов: чек арадагы согуштун токтошуна Путиндин таасири болушу мүмкүн

Анын айтымында, коомчулукка жарыяланбай жашыруун каналдар аркылуу көп маселелер чечилет.

"Садыр Жапаровдун Сочиде Владимир Путин менен кездешкенинде көптөгөн көйгөйлөр көтөрүлүп, бир кыйла маселелерди жөнгө салуу талкууланды. Алардын ичинен эң олуттуусу кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуялардын кесепеттерин жоюу, бардык маселелерди тынчтык жолуна буруу болду. Владимир Путин Москвада Эмомали Рахмон менен 9-майда кездешип, бул маселелер тынчтык, дипломатия жолу менен чечилүүсү керектигин белгилегенин ачык эле айтты. Ага болбой тажиктер Чоң-Алайда чагымчылык жасоого аракет кылышты. Азыр эми аскерлер жайгашкан ордуна кайтарылып, тынчтык сакталып турат. Буга Россиянын лидери телефон байланыштары менен өз таасирин тийгизди деп ойлойм. Себеби көпчүлүк учурда дипломатиялык каналдар аркылуу жашыруун көп маселе чечилет. Демек, жаңжалдын токтошуна Путиндин берген убадасынын кандайдыр бир таасири тийди деген пикирдемин", — деди Ишемкулов.

Дипломат Садыр Жапаровдун "Россия Кыргызстан үчүн түбөлүктүү стратегиялык өнөктөш" дегени жөн жерден эместигин кошумчалады.

8
Белгилер:
Тилектеш Ишемкулов, Владимир Путин, Россия, кыргыз-тажик чек арасы, кызматташтык
Тема боюнча
Сүйлөшүүлөр аяктады. Путин менен Жапаров кучакташып коштошкон видео
Пикир регионалдык эксперттер клубунун тең төрагасы, саясат таануучу Шерадил Бактыгулов. Архив

Бактыгулов: Россия Борбор Азияда тынчтык болушуна кызыкдар

8
"Пикир" регионалдык эксперттер клубунун тең төрагасы, саясат таануучу Шерадил Бактыгулов Россия Кыргызстанга алты ай сайын финансылык көмөк көрсөтүп турарын белгиледи.

Борбор Азияда террордук коркунуч жаралса Россия жардамдашат. Себеби алар деле аталган аймакта тынчтык болушуна кызыкдар. Мындай пикирин Шерадил Бактыгулов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Бактыгулов: Россия Борбор Азияда тынчтык болушуна кызыкдар

Анын айтымында, коомчулуктун айрым бөлүгү "эки өлкөнүн мамилеси сууп кетти" деген божомолу таарынычтан улам айтылууда.

"Кыргыз-тажик кандуу жаңжалынан улам коомдун айрым бөлүгүндө Россия менен Кыргызстандын мамилеси муздап калды деген божомолдор айтылууда. Чынында буга негиз жок. Себеби кыргыз-тажик жетекчилери Россиядан жаңжалды токтотууга көмөк сураса, бермек. Бирок кыргыз-тажик президенттери кандуу кагылышты эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде чече турганын билдирди. Мындан улам Россия өзүн нейтралдуу кармады. Чынында коомчулук Россия болушат, көмөктөшөт деп күтүп жаткан. Ошондуктан кандайдыр бир деңгээлде таарынычтан улам жогорудагыдай сөздөр айтылып жатышы ыктымал. Чынында Россия жардам берип эле келе жатат. Алсак, гуманитардык, аскердик көмөк көрсөтүп, вакцинадан каралашууда. Мындан тышкары, Россия тарабынан кыргыз бюджетине алты ай сайын каражат бөлүнөт. Анын ичинен социалдык төлөмдөр төлөнүүдө. Ошондуктан кандай жардам берилиши керектиги аныкталышы зарыл. Маселен, кыргыз мигранттары Россияда ээн-эркин иштеп жатат. Мындай жеңилдиктер башка өлкөлөргө берилген жок. Эки өлкө өнөктөштүк, шериктештик негизде кызматташууда. Алар Борбордук Азияда тынчтык болушуна кызыкдар. Учурда Афганистандын аймагында террордук топтор бар экени айтылууда. Алар коркунуч жаратып, күчүбүз жетпей калса Россияга кайрылабыз. Себеби эки өлкө кызматташат", — деди Бактыгулов.

Ошондой эле ал муктаждык жаралып кыргыз жетекчилиги Россияга кайрылса, алар өз көмөгүн бере турганын кошумчалады.

8
Белгилер:
Тажикстан, Кыргызстан, Россия, кызматташтык, Шерадил Бактыгулов
Тема боюнча
Россияда Айтматов атындагы эл аралык көк бөрү мелдеши башталды
Мужчина получает вакцину Johnson & Johnson от COVID-19 во временном пункте вакцинации на вокзале Grand Central Terminal в Нью-Йорке. 12 мая 202 года

900 кишиге мөөнөтү өткөн вакцина сайылып... Нью-Йорктогу окуя

0
(жаңыланган 13:41 15.06.2021)
899 адамга сайылган вакцинанын муздаткычта сактоо мөөнөтү өтүп кеткени эмдөөдөн кийин гана маалым болгон.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Нью-Йоркто 900дөй адамга коронавируска каршы Pfizer жана BioNTech компаниялары иштеп чыккан вакциналар мөөнөтүнөн өткөндө сайылып калгандыгын New York Post басылмасы жазды.

Бейтаптарга окуя тууралуу Таймс-сквердеги эмдөө пунктунун оператору Давид Савицкий маалымдаган. Ал эмдөөдөн өткөн 899 адамга электрондук кат жөнөткөн.

Вакцина бейтаптарга сайылгандан кийин гана муздаткычта туруу мөөнөтү өтүп кеткени аныкталган.

Адис мындай эмдөө адамдардын ден соолугуна зыяны жоктугун билдирип, вакцина алгандарга кайрадан эмдөөдөн өтүүнү сунуштаган.

0
Белгилер:
Нью-Йорк, Дүйнө, коронавирус, вакцина