Centerra директорлор кеңешин алмаштырды. Кыргызстандын атынан кимдер мүчө болду

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO Кумтөрдөн алтын казган Centerra Gold Inc. компаниясынын кызматкери. Архив
Кумтөрдөн алтын казган Centerra Gold Inc. компаниясынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2021
Жазылуу
Ишкананын директорлор кеңешинин 11 мүчөсү бар, ага Кыргызстандын үч жараны кире алат. Кеңеш жыл сайын май айында жаңыланат.
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Кумтөрдөн алтын казган Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңеши алмашып, Кыргызстандын атынан Дүйшөн Касенов, Максат Көбөнов жана Тенгиз Бөлтүрүк шайланды. Бул тууралуу аталган компаниянын сайтында жазылган.
Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2021
Мамкомиссия Кумтөр боюнча бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштоодо
2021-жылдын 11-майында акционерлердин жылдык жыйыны өтүп, директорлор кеңеши алмашканы жазылган.
Жыйында Centerra Gold Inc. компаниясынын чыгарылган жана жүгүртүүдөгү акциясынын 56,59 пайыз же 168 096 447 акциясы көрсөтүлгөн.
Белгилей кетсек, компаниянын директорлор кеңеши жыл сайын май айында шайланып турат. Дүйшөн Касенов, Максат Көбөнов жана Тенгиз Бөлтүрүк буга чейин да мүчө болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0