Мамлекеттик комиссиянын төрагасы, ЖК депутаты Акылбек Жапаров. Архив

Жапаров: "Кумтөргө" тышкы башкаруу үч жылга киргизилиши мүмкүн

158
(жаңыланган 17:20 14.05.2021)
Акылбек Жапаровдун айтымында, алтын кенде техникалык коопсуздук менен тоо иштеринин технологиясы сакталбагандыгынын кесепетинен 19 киши көз жумган.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кумтөргө тышкы башкаруу үч жылга киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу мамлекеттик комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров билдирди.

"Эгерде дүйшөмбү күнү парламент чечимди кабыл алып, өкмөткө сунуштаса, үч жылдык мөөнөткө убактылуу башкаруу киргизилиши мүмкүн. Бүгүн президент Садыр Жапаров кол койгон өзгөртүүлөр жана толуктоолор убактылуу башкарууну ким жана качан киргизе алат деген процедураларга жана ыйгарым укуктарга тиешелүү. Бул мыйзамда министрлер кабинетинин башчысы жасай алары айтылган. Ошондой эле мыйзамда зарыл учурда убактылуу ким жетекчи боло тургандыгы жана критерийлери көрсөтүлгөн", — деди мамлекеттик комиссиянын жетекчиси.

Анын айтымында, убактылуу башкарууну киргизүүнүн өзү "Жер казынасы жөнүндө" жана "Акционердик коомдор жөнүндө" мыйзамдарда каралган.

Ошондой эле Жапаров комиссия кендин кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна зыян туудурган фактыларды аныктаганын билдирди.

"Техникалык коопсуздук менен тоо иштеринин технологиясы сакталбагандыгынын кесепетинен 19 киши көз жумду. 66 адам ар кандай жаракат алды, анын 47синин ден соолугуна олуттуу кесепеттер жаралды. Экология маселеси да бар. 2013-жылдагы мамлекеттик комиссиянын жана 2012-жылдан берки парламенттин жана өкмөттүн таштандыны мөңгүгө төкпөш керек деген токтомуна карабастан мыйзам бузуулар уланууда. Буга тыюу салынган", — деген ал.

"Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн текшерүүдөн чыккан чуу

7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" компаниясын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.

Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. Анда алар 2009-жылкы келишимдин бузулуп жатканын айтып чыгышкан.

11-май күнү компаниянын президенти Деон Баденхорст, финансы боюнча директору Саймон Тан жана Жеткирүү системасы боюнча башкармалыктын директору Арипин Буман кенде болгон эки кырсык боюнча күбө катары суракка чакырылганы белгилүү болгон. Анткен менен УКМКнын маалыматы боюнча, "Кумтөр голд компани" ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткен.

Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.

158
Белгилер:
алтын кени, башкаруу, компания, Кумтөр, Акылбек Жапаров
Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы (86)
Тема боюнча
"Кумтөрдү" улутташтыруу каралабы? Комиссия төрагасынын жообу
Садыр Жапаров тышкы башкаруу боюнча мыйзамга кол койду
Россия президенти Владимир Путин. Архив

Путин: туруктуулук үчүн саясий эрк жана компромисс зарыл

9
(жаңыланган 17:38 23.06.2021)
СНВ-3 келишими 2011-жылдын 5-февралында күчүнө кирген. Анын шарты боюнча тараптар өзүнүн өзөктүк арсеналын кыскартып, тийиштүү көлөмдө кармап турушу керек.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Стратегиялык туруктуулук жаатында ийгилик жаратуу үчүн саясий эрк жана компромисске баруу жөндөмү керек. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин эл аралык коопсуздук боюнча Москва конференциясында сүйлөп жатып айтты.

РФ лидери өлкө буга чейин коопсуздуктун жаңы механизмин иштеп чыгууну сунуштаганын эске салды.

"Система стратегиялык туруктуулукка таасир тийгизе турчу бардык факторлорду камтышы керек. Саясий эрк жана компромисске бара билүү жакшы натыйжасын берерине ишенебиз", — деди Путин.

Анын айтымында, буга Россия менен АКШнын стратегиялык жана чабуул коюучу куралдын (СНВ-3) көлөмүн 2026-жылга чейин кыскартуу тууралуу келишиминин узарышы ачык далил.

Белгилей кетсек, СНВ-3 келишими 2011-жылдын 5-февралында күчүнө кирген. Анын шарты боюнча тараптар өзүнүн өзөктүк арсеналын кыскартып, тийиштүү көлөмдө кармап турушу керек. Башкача айтканда, жети жылдан кийин жана андан аркы убакытта континенттер аралык баллистикалык ракеталардын, суу алдындагы бомбардировщиктердеги баллистикалык ракеталардын саны 700дөн ашпашы керек. Мындан тышкары, ракетанын саны 1500, атылуучу түзүлүштөрдүн саны 800дөн көп болбошу шарт.

Келишим максатына жетип, тараптар арсеналын тийиштүү көлөмдө кармап турат. 2021-жылдын башында, бийликке Жо Байден келери менен, макулдашуу эч өзгөрүүсүз дагы беш жылга узартылды. Буга чейин администрация келишимди узартууну маалкатып, бүтүндөй стратегиялык туруктуулук системасына коркунуч жаратып келди.

9
Белгилер:
система, курал-жарак, коопсуздук, конференция, Владимир Путин
Тема боюнча
Путиндин макаласы: өткөнгө карап кылчактай бербей, ачык болуш керек
Путин менен Байдендин жолугушуусунан кийин дүйнөлүк саясат кандай өзгөрөт
Путин белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл койду. Видео
Россиянын президенти Владимир Путин

Массалык жок кылуучу куралдын жайылуу коркунучу. Путин Москва форумунда сүйлөдү

31
(жаңыланган 16:39 23.06.2021)
Эл аралык коопсуздук боюнча IX Москва конференциясы ушу тапта Россиянын борбор калаасында өтүп жатат.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Массалык жок кылуу куралынын жайылуу тобокелдиги, аймактык чыр-чатактар, чек аралаш мамлекеттердин биргелешкен кылмыштуу топторунун активдешүүсү — бүгүнкү күндүн олуттуу көйгөйү. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин билдирди.

Эскерте кетсек, ушу тапта эл аралык коопсуздук боюнча IX Москва конференциясы Россиянын баш калаасында өтүп жатат.

"Региондордогу куралдуу кагылышуулар, массалык жол кылуу курал-жарагынын жайылуу кооптуулугу, баңги бизнеси менен кибер кылмыштуулуктун жана чек аралаш мамлекеттердин биргелешкен кылмыштуу топторунун жандануусу тынчсызданууну жаратат", — деди Путин катышуучуларга кайрылып жатып.

Ал аталган көйгөйлөрдүн масштабы жана глобалдуулугу бардык мамлекеттердин биримдикте иш алып баруусун талап кыларын белгиледи.

"Албетте, мындай жамааттык иш эл аралык укук жана БУУ уставынын максаты менен принциптерине ылайык жүргүзүлүшү шарт", — деди Путин.

РФ лидери өз сөзүндө БУУнун башкы милдетине токтолуп өттү. Анын айтымында, аталган уюм дүйнөлүк согушка жол бербөө үчүн жан үрөп, оюндун жаңы эрежелеринин баары БУУ эгидасынын алдында өтүшү зарыл. Путин мындан башка багыттын баары башаламандыкка кептей турганын кошумчалады.

Эл аралык коопсуздук боюнча Москва конференциясы — коргоо мекемелеринин, эл аралык уюмдардын жана бейөкмөт эксперттердин башын бириктирип, коопсуздук боюнча жыл сайын өтүүчү форум.

31
Белгилер:
кызматташуу, БУУ, коопсуздук, Владимир Путин, конференция, форум
Тема боюнча
Путин белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл койду. Видео
Путиндин макаласы: өткөнгө карап кылчактай бербей, ачык болуш керек
Мамлекеттик каттоо кызматынын имараты. Архив

Каттоо кызматынын функциясы Санариптик өнүктүрүү министрлигине өттү

0
(жаңыланган 17:44 23.06.2021)
Санариптик өнүктүрүү министрлиги Улукбек Марипов башында турган министрлер кабинетинин курамында жаңы түзүлгөн.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын функцияларын эми Санариптик өнүктүрүү министрлиги аткарат. Бул тууралуу Юстиция министрлиги кабарлады.

Маалыматта министрлер кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги түзүлгөнү белгиленди.

Эми Юстиция министрлигинин карамагында болуп келген Архив агенттиги, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти, "Унаа" мамлекеттик мекемеси, "Инфоком" мамлекеттик ишканасы дагы Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилди.

Ушуга байланыштуу архив иши, калкты, автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо багытындагы бардык маселелер боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлигине кайрылуу керектиги айтылды.

0
Белгилер:
Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Юстиция министрлиги, Мамлекеттик каттоо кызматы
Тема боюнча
Иран жана Австриядагы элчилер кызматтан кетип, жаңылары дайындалды