Баткен обласундагы Максат айылы

Тажикстандык жарандын үйүнөн чыккан өрт. УКМК окуя боюнча маалымат берди

595
(жаңыланган 12:15 16.05.2021)
Кыргыз тарап Тажикстандын расмий органдарын мыйзамсыз иш-аракеттерге Кыргызстандын жарандарынын тиешеси бар деген жалган маалыматтардын тарашына бөгөт коюуга чакырды.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 14-майда кыргызстандык чек арачылар коңшу мамлекеттин тургунунун турак жайы өрттөнүп жатканын көрүп калган. Мындан улам Кыргызстандын Баткен облусундагы чек ара өкүлү менен Тажикстандын Исфара районундагы чек ара өкүлү телефон аркылуу сүйлөшкөн. Тажикстан тарап жарандар менен жоокерлердин коопсуздугу үчүн тилсиз жоо чыккан аймактан КРдин аскер кызматкерлерин алыстатуу өтүнүчүн келтирген.

"Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Тажикстандын расмий органдарын тажик жаранынын үйүндө чыккан өрт боюнча объективдүү тергөө жүргүзүп жана мыйзамсыз иш-аракеттерге Кыргызстандын жарандарынын тиешеси бар деген жалган маалыматтардын тарашына бөгөт коюуга чакырат", — деп жазылат маалыматта.

Мындан 24 жыл мурун Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Бириккен тажик оппозициянын лидери Саид Абдулло Нури Бишкек шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жарандык согушту токтотуу боюнча документтерге кол коюлган.
© Видео / Архивный фонд президента Кыргызской Республики
Ошондой эле 15-майда Баткен районунун Кара деген аймагында эки мамлекеттин чек ара заставаларынын жетекчилери жана чек аралаш аймактын айыл башчылары жолугуп, чек арага жакын жерде жаңы отургузулган мөмөлүү бактардын кыйылышы боюнча тажик ЖМКларына чыккан маалыматтарды талкуулашкан. Жыйынтыгында тажик тарап белгисиз адамдар тарабынан бак кыйылды деген фактыны далилдей алган эмес.

595
Белгилер:
абал, чек ара, Тажикстан, Кыргызстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (299)
Тема боюнча
Афганистан Борбор Азия өлкөлөрүнө "атайын багыттагы күчтөрдүн достугун" сунуштады
Чек ара чырында жабыркаган киши көзүнө операция жасаттыруу үчүн Түркияга кетти
Баткендеги кыргыз-өзбек чек арасына топтолуп калган эл тарады

Россиянын аскер учагы Кара деңизде британиялык кемени кантип токтотту. Видео

126
(жаңыланган 23:54 23.06.2021)
Россиянын Коргоо министрлиги Кара деңизде Улуу Британиянын Degender эсминецинин үстүнөн аскер учагы кантип учуп өткөнүн көрсөттү.

Кеме бүгүн Кара деңизден чек араны мыйзамсыз кесип өткөн. Россиялык учкучтар эскертүү катары эсминецтин жолун аткылап, авиабомба таштаган.

Ошондой эле кеменин өзүнө карата курал колдонуларын эскерткен.

Британия эсминец тынчтык жүрүшү менен бара жатканын айткан. Ал эми Россия бул окуя учурунда БУУнун деңиздеги укуктар боюнча 1982-жылкы конвенция бузулду деп эсептейт.

126
Белгилер:
чек ара, учак, кеме, деңиз, Улуу Британия, Россия
Тема боюнча
Кара деңизге жеткирилген артиллериялык, десанттык кемелер. РФ флоту эмнени көздөөдө?
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ишкерлер менен болгон жолугушуу учурунда

Алдап жүргөн. Жапаров энергетика министрин иштен кетирген себебин айтты

357
Мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев ээлеген ордунан 8-июнь күнү бошотулган. Аталган кызматка ал ушул жылдын февраль айында келген. Эми бул министрликти Доскул Бекмурзаев башкарып жатат.

БИШКЕК, 23-июн.— Sputnik. Кубанычбек Турдубаев Энергетика министрлигинен берилген тапшырмаларды аткарбаганы үчүн кетти. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров ишкерлер менен болгон жолугушууда билдирди.

Эске салсак, мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев ээлеген ордунан 8-июнь күнү бошотулган. Аталган кызматка ал ушул жылдын февраль айында келген. Эми бул министрликти Доскул Бекмурзаев башкарып жатат.

Жолугушууда ишкер Рахат Ирсалиев ири ГЭСтер чоң суммадагы каражатка салынарын айтып, кичи гидроэлектростанцияларды ички инвесторлордун күчү менен курууга боло турганын белгилеген. Бирок ал үчүн мамлекет тарифтерди бекитип, 100 пайыз иштелип чыккан электр энергиясын сатып алуусу керек.

Анын айтымында, мамлекеттен эч нерсе кереги жок. Бул жерде өлкө бир да тыйын коротпойт. Кичи ГЭСти бир жыл ичинде, ал эми чоң станцияларды 10 жыл же андан ашык убакытта куруп бүтсө болот.

Ал Жапаровго январдагы сүйлөшүүнү эскертти. Анда президент сунуш болсо киргизүүнү айткан. Мындан улам февраль айында ишкер сунуштарын Энергетика министрлигине киргизгенин айтып, бирок маселе чечилбей калганын кошумчалаган.

Жапаров буга жооп берип, Ирсалиев туура айтып жатканын белгиледи.

"Ноябрь-декабрда ошол кездеги министрди чакырып, кичи ГЭСтерден мамлекет электр энергиясын түз сатып алыш үчүн Рахат Ирсалиев менен жолугушуу уюштургам. Ирсалиев үч жыл ичинде үч кичи гидроэлектростанция курган. Бирок мамлекет электр энергияны сатып албай, линияга кошпой, эч нерсе кылган эмес. Ошол себептен ал айласы кетип электр энергияны майнингге койгон. Мен министрге киловатт-саатын 2,9 сомдон сатып алуу боюнча келишим түзүү тапшырмасын бергем", — деди президент.

Андан ары Жапаров сөзүн улап министр ага маселе чечилгенин ишенимдүү түрдө айтканын белгиледи.

"Эки айдан кийин ошол эле министрден сурасам, ал келишим түзүлгөнүн, кичи ГЭС боюнча маселе чечилгенин айткан. Мен маселе чын эле чечилди го деп ойлогом. Бир ай мурда мен силерге өзүм чалып, "маселе чечилди беле" деп сурасам, силер "жок" деп айттыңар. Мен министр менен кайра сүйлөшүп, себебин сурасам, ал ишенимдүү түрдө "маселе чечилген" деп калп айтып койгон. Бул министрдин кызматтан кетүүсүнүн бир себеби болду", — деди Жапаров.

Президент электр энергияны кичи ГЭСтерден сатып алуу зарылдыгына токтолуп, болбосо эч ким кичи ГЭС курбай коерун айтты. Мамлекет башчы "жолугушууга азыркы энергетика министри катышып жатабы" деп сураганда, анын орун басары бар экенин айтышты.

Жапаров келишим түзүү жана баа маселесин жума күнү саат 17:00гө чейин чечүү керектигин тапшырып, ал боюнча отчёт берүүнү эскертти.

"Силерге эки күн мөөнөт берем. Эгер чечпей, убакытты чоюп жүрө берсеңер, бюрократия болсо, анда жетекчилик толук курам менен арыз жазып мага келгиле. Эгер жарлык, мыйзамдарды аткарбасаңар, анда кызматтан жөн эле кетпестен кармаласыңар. Муну баарыңардын көзүңөрчө айтып коёюн. Мурда ишкерлер министр же башка мамлекеттик кызматкердин артынан чуркаса, эми инвесторлордун артынан силер чуркашыңар керек", — деди ал.

Өлкө башчы мамлекет кызматкерлерди пара алуу деген психологияны өзгөртүүгө чакырды.

357
Белгилер:
электр энергиясы, кызмат, министр, Садыр Жапаров, Кыргызстан
Тема боюнча
Жапаров УКМКнын Коррупцияга каршы кызматын жоймой болду
Бизнеске кысым болууда! Садыр Жапаров экономиканы өнүктүрүүнүн жолдорун айтты