АКШнын жана Канаданын желектери. Архив

Кумтөр маселесин чечүү үчүн АКШ менен Канададан алдыңкы юристтер тартылды

128
(жаңыланган 13:49 17.05.2021)
Мамкомиссиянын мүчөсү Теңиз Бөлтүрүк басынткан "өнөктөш" менен кызматташууну улантуунун кажети жок деген пикирин билдирди.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кыргызстан Кумтөрдүн айланасындагы соттук териштирүүлөргө АКШ жана Канаданын алдыңкы юридикалык компанияларын тартты. Бул тууралуу парламенттин кезексиз жыйынында "Кумтөр" компаниясынын ишин иликтеген мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Теңиз Бөлтүрүк билдирди.

"Башында "Комеко голд", андан кийин Centerra Gold Inc. деп аталган компанияга алданып, кемсинип калганыбызга ичим ачышып турат. Жеке мен мындай басынткан "өнөктөш" менен кызматташууну улантуунун кажетин көргөн жокмун. Биз тезинен мамилелердин шарттарын карап чыгып, чечим чыгарышыбыз керек. Бул үчүн азыр АКШ менен Канададагы юридикалык компаниялар менен биргеликте иштеп жатабыз", — деди ал.

"Кумтөр Голд Компани" боюнча абал

Эске салсак, 7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.

Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Президент Садыр Жапаров 14-майда бул мыйзамга кол койгон.

Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. 11-май күнү УКМК "Кумтөр голд компани" ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.

Ал арада "Кумтөрдүн" ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Ink менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард доллар боюнча доо арыз берүү каралган.

Ал эми Канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы өзүнүн укуктарын коргош үчүн кыргыз өкмөтүнө каршы эл аралык арбитраждык сотко доо менен кайрыларын айтты.

Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.

128
Белгилер:
маселе, юрист, Кумтөр, Канада, АКШ, Кыргызстан
Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы (82)
Сауд Аравия падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд. Архив

Садыр Жапаров Сауд Аравия падышасын Кыргызстанга чакырды

145
(жаңыланган 21:01 14.06.2021)
Мамлекет башчы падышаны эки тараптуу кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүү жана достук мамилелерди чыңдоо максатында чакырган.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Сауд Аравия падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-сауд эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелери жана аны өнүктүрүү келечеги, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштар талкууланды.

“Президент Сауд Аравиясы менен эки өлкөнүн бир тууган элинин кызыкчылыгындагы өз ара колдоо жана ишенимдин негизинде ар тараптуу кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендигин айтты. Аны менен катар Кыргызстанга оор мезгилдерде ар дайым көмөктөшүп келгендигин баса белгиледи. Эки тараптуу кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүү жана достук мамилелерди чыңдоо максатында Сауд Аравия падышасын Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды”, — деп жазылат маалыматта.

Өз кезегинде Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд чакырууга ыраазычылык билдирип, эки тараптуу алакалар жигердүү өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилегени айтылат.

145
Белгилер:
сүйлөшүүлөр, чакыруу, Садыр Жапаров, Сауд Аравиясы
Тема боюнча
"Достуктун" тагдыры, 20 ординатор, фармзавод. Түркия сапарынын жыйынтыгы
Панорамадан табиятка суктанып... Эрдогандын Жапаровду узаткан видеосу
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ошко барып, шаардык кеңешке депутаттарды шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча штабдын жыйынына катышты

БШК төрайымы Ошко барып эреже бузуу боюнча шаар бийлигине эскертүү берди

154
(жаңыланган 15:14 14.06.2021)
Мурунку шайлоодо Ош шаарынан БШКга 89 арыз түшкөн, анын ичинен тогузу добуш сатып алуу боюнча даттанган.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ошко барып, шаардык кеңешке депутаттарды шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча штабдын жыйынына катышты.

  • Глава ЦИК Нуржан Шайлдабекова и мэр Оша Айтмамат Кадырбаев на заседании Штаба по подготовке к выборам депутатов городского кенеша в городе Ош
    БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ошко барып, шаардык кеңешке депутаттарды шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча штабдын жыйынына катышты
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Мэр Оша Айтмамат Кадырбаев на заседании Штаба по подготовке к выборам депутатов городского кенеша в городе Ош
    Отурумга калаа мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кызматтардын, ведомство жана ишканалардын жетекчилери чогулган
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Заседание Штаба по подготовке к выборам депутатов городского кенеша в Оше
    Анда БШКнын башчысы 11-апрелде өткөн шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу айтып берген.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
1 / 3
© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ошко барып, шаардык кеңешке депутаттарды шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча штабдын жыйынына катышты

Отурумга калаа мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кызматтардын, ведомство жана ишканалардын жетекчилери чогулган.

Анда БШКнын башчысы 11-апрелде өткөн шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу айтып берген.

"Ош шаарынан БШКга жалпысынан 89 арыз түштү, анын ичинен тогузу добуш сатып алуу боюнча даттанган. Бул мурунку шайлоолорго салыштырмалуу алда канча аз", — деди Шайлдабекова.

Ошондой эле ал тийиштүү мамлекеттик органдардын жана кызматтардын жетекчилерине административдик ресурс колдонууга, добуш берүү күнү жана анын алдында мыйзам бузууларга жол бербөө иштерин күчөтүү зарылчылыгын эскертти. Аны менен катар санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө дыкат көңүл буруу керектигин белгиледи.

Ал эми мэр "резина" батирлер маселесин көтөрүп, жарандардын бир эле дарекке массалык түрдө каттоого турушуна бөгөт коюу боюнча катуу тапшырма бергени айтылат.

Эске салсак, буга чейин БШК 11-апрелде өткөн Токмок, Ош жана Бишкек шаардык кеңештерине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Буга массалык мыйзам бузуулар себеп болгон.

Кайра шайлоо 11-июлга белгиленди.

154
Белгилер:
эскертүү, эреже, Нуржан Шайлдабекова, Ош шаары
Тема:
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайрадан өтө турчу шайлоо
Тема боюнча
Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна 17 партия аттанды. Тизме

45 метрден тебилген гол менен дарбазачы кошо кирип... Евро–2020нын видеосу

0
(жаңыланган 11:30 15.06.2021)
Чехиянын курама командасынын чабуулчусу Патрик Шик Европа чемпионатынын тарыхындагы суктанарлык голдордун бирин киргизди.

Кечээ Чехия Шотландияны Евро–2020нын алкагында өткөн тайпалык этаптын биринчи турунда жеңип алып, эсеп 2:0 менен аяктады. Биринчи таймдын аягында Шик топту атаандаштарынын дарбазасына башы менен уруп киргизген.

Оюндун 52-мүнөтүндө чехтер чабуулду күчөткөн. Шик каршылаш оюнчулардын дарбазачысы ордунан алысыраак турганын байкап, топту талаанын борборунан туруп тепкен. Видеодон көкөлөп учуп барып, дарбазанын темиринин астынан топ да киргенин, артынан чуркап күүлөнүп токтоно албай дарбазачы да кошо кирип кеткенин көрүүгө болот.

​Оюнчунун голду 45,44 метр аралыктан киргизгени маалым болду. Ошентип, бул Европа чемпионатындагы кеминде 1980-жылдан берки эң алыстан киргизилген топ болуп калды. Мурдагы рекордду немец Торстен Фрингс (35,3 метр) койгон. Лидерлердин үчтүгүндө 1996-жылы 31,27 метрден атаандаштарынын ичин күйгүзгөн Владимир Бесчастных да бар.

​Футбол боюнча Европа чемпионаты былтыр жай айында өтүшү керек болчу, бирок пандемиядан улам аны 2021-жылга жылдырган. Матчтар 11-июлга чейин Европанын бир нече шаарларында өтөт.

0
Белгилер:
дарбазачы, гол, футбол, Европа чемпионаты
Тема боюнча
Италиялык футболчу 65 метр аралыктан укмуштуудай гол киргизди. Видео