ЖК депутаты  Акылбек Жапаров

Кыргызстан Кумтөрдү иштетип кетүүгө даярбы? Жапаровдун жообу

188
(жаңыланган 13:58 17.05.2021)
Ушул тапта парламентте Кумтөрдү сырттан башкарууга алуу маселеси каралып жатат. Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү депутаттардын суроосуна жооп берүүдө.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кыргызстан Кумтөр кенин өз алдынча иштетип кетүүгө даяр. Бул тууралуу аталган кендин ишмердүүлүгүн текшерген комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештеги кезексиз жыйында сүйлөп жатып айтты.

Эске салсак, ушул тапта парламентте аталган ишкананы сырттан башкарууга алуу маселеси каралып жатат. Анда депутат Таабалды Тиллаев "Кыргызстан Кумтөрдү башкарып, иштетип кетүүгө даярбы?" деген суроо берди.

"Парламент бүгүн саясий чечим кабыл алып, токтомду колдоп бере турган болсо, финансылык жактан биз даярбыз. Алтынды өзүбүз сатып алып, кайра сатуу боюнча бардык механизмдерди үч айдын ичинде иштеп чыктык. Бул жагы үзгүлтүккө учурабайт. Финансы министрлиги 25 миллион доллар өлчөмүндө кредит бергенге даяр", — деди Жапаров.

Ошондой эле ал ишти жөнгө салуу жагынан ири тажрыйбалуу адистер иштеп жатканын кошумчалады.

"Теңиз Бөлтүрүк жана Абыл Сыдыков деген адистерибиз келди. Алар "Кумтөрдөй" жана андан чоң ишканаларды иштетип жүргөн. Ал эми коопсуздук маселеси боюнча укук коргоо органдары менен иштешип жатабыз", — деди ал.

"Кумтөр Голд Компани" боюнча абал

Эске салсак, 7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.

Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Президент Садыр Жапаров 14-майда бул мыйзамга кол койгон.

Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. 11-май күнү УКМК "Кумтөр голд компани" ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.

Ал арада "Кумтөрдүн" ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Inс. менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард доллар боюнча доо арыз берүү каралган.

Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.

188
Белгилер:
башкаруу, Кумтөр, Таабалды Тиллаев, Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңеш, Кыргызстан
Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы (82)
Тема боюнча
Башкы эколог Кумтөр тууралуу: бардык соттук процессте жеңерибизге ишенем
Кумтөр маселесин чечүү үчүн АКШ менен Канададан алдыңкы юристтер тартылды
Сауд Аравия падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд. Архив

Садыр Жапаров Сауд Аравия падышасын Кыргызстанга чакырды

145
(жаңыланган 21:01 14.06.2021)
Мамлекет башчы падышаны эки тараптуу кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүү жана достук мамилелерди чыңдоо максатында чакырган.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Сауд Аравия падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-сауд эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелери жана аны өнүктүрүү келечеги, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштар талкууланды.

“Президент Сауд Аравиясы менен эки өлкөнүн бир тууган элинин кызыкчылыгындагы өз ара колдоо жана ишенимдин негизинде ар тараптуу кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендигин айтты. Аны менен катар Кыргызстанга оор мезгилдерде ар дайым көмөктөшүп келгендигин баса белгиледи. Эки тараптуу кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүү жана достук мамилелерди чыңдоо максатында Сауд Аравия падышасын Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды”, — деп жазылат маалыматта.

Өз кезегинде Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд чакырууга ыраазычылык билдирип, эки тараптуу алакалар жигердүү өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилегени айтылат.

145
Белгилер:
сүйлөшүүлөр, чакыруу, Садыр Жапаров, Сауд Аравиясы
Тема боюнча
"Достуктун" тагдыры, 20 ординатор, фармзавод. Түркия сапарынын жыйынтыгы
Панорамадан табиятка суктанып... Эрдогандын Жапаровду узаткан видеосу
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ошко барып, шаардык кеңешке депутаттарды шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча штабдын жыйынына катышты

БШК төрайымы Ошко барып эреже бузуу боюнча шаар бийлигине эскертүү берди

155
(жаңыланган 15:14 14.06.2021)
Мурунку шайлоодо Ош шаарынан БШКга 89 арыз түшкөн, анын ичинен тогузу добуш сатып алуу боюнча даттанган.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ошко барып, шаардык кеңешке депутаттарды шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча штабдын жыйынына катышты.

  • Глава ЦИК Нуржан Шайлдабекова и мэр Оша Айтмамат Кадырбаев на заседании Штаба по подготовке к выборам депутатов городского кенеша в городе Ош
    БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ошко барып, шаардык кеңешке депутаттарды шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча штабдын жыйынына катышты
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Мэр Оша Айтмамат Кадырбаев на заседании Штаба по подготовке к выборам депутатов городского кенеша в городе Ош
    Отурумга калаа мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кызматтардын, ведомство жана ишканалардын жетекчилери чогулган
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Заседание Штаба по подготовке к выборам депутатов городского кенеша в Оше
    Анда БШКнын башчысы 11-апрелде өткөн шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу айтып берген.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
1 / 3
© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ошко барып, шаардык кеңешке депутаттарды шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча штабдын жыйынына катышты

Отурумга калаа мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кызматтардын, ведомство жана ишканалардын жетекчилери чогулган.

Анда БШКнын башчысы 11-апрелде өткөн шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу айтып берген.

"Ош шаарынан БШКга жалпысынан 89 арыз түштү, анын ичинен тогузу добуш сатып алуу боюнча даттанган. Бул мурунку шайлоолорго салыштырмалуу алда канча аз", — деди Шайлдабекова.

Ошондой эле ал тийиштүү мамлекеттик органдардын жана кызматтардын жетекчилерине административдик ресурс колдонууга, добуш берүү күнү жана анын алдында мыйзам бузууларга жол бербөө иштерин күчөтүү зарылчылыгын эскертти. Аны менен катар санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө дыкат көңүл буруу керектигин белгиледи.

Ал эми мэр "резина" батирлер маселесин көтөрүп, жарандардын бир эле дарекке массалык түрдө каттоого турушуна бөгөт коюу боюнча катуу тапшырма бергени айтылат.

Эске салсак, буга чейин БШК 11-апрелде өткөн Токмок, Ош жана Бишкек шаардык кеңештерине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Буга массалык мыйзам бузуулар себеп болгон.

Кайра шайлоо 11-июлга белгиленди.

155
Белгилер:
эскертүү, эреже, Нуржан Шайлдабекова, Ош шаары
Тема:
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайрадан өтө турчу шайлоо
Тема боюнча
Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна 17 партия аттанды. Тизме
Тез жардам кызматкери. Архив

514 кишиден вирус табылып, алты бейтап каза болду. COVID статистикасы

10
(жаңыланган 11:45 15.06.2021)
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө жалпы 111 343кө жетти. Анын ичинен 103 257си дартты жеңген.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 514 кишиден катталып, 367 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 234;
  • Ош шаары – 110;
  • Чүй облусу – 80;
  • Ош облусу – 34;
  • Талас облусу – 5;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 14;
  • Жалал-Абад облусу – 13;
  • Баткен облусу – 17.

Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө жалпы 111 343кө жетти. Анын ичинен 103 257си дартты жеңген.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары – 188;
  • Ош шаары – 40;
  • Чүй облусу – 62;
  • Ош облусу – 22;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 25;
  • Жалал-Абад облусу – 20:
  • Баткен облусу – 3.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Алар:

  • Бишкек шаары – 3;
  • Чүй облусу – 3;
  • Ош шаары – 1;
  • Ош облусу – 2;
  • Баткен облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 1;
  • Талас облусу - 1.

Тилекке каршы, бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустан алты бейтап көз жумган. Анын төртөө Бишкекте, бирден киши Ысык-Көл жана Чүй облустарында катталган. Муну менен коронавирус жалпы 1 905 адамдын өмүрүн алды.

Стационарларда 2 052 адам дарыланып жатат. Алардын 563ү оор абалда болсо, 100 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.

10
Белгилер:
статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Марипов: COVID-19 жайылууда, мурдагыдай каатчылыкка жол бербеш керек
Министр Бейшеналиев түнкү клубдар менен соода борборлорду жабууну сунуштады
Жалал-Абаддагы COVID: облустук оорукана толуп, күндүзгү стационарлар ачылмай болду