Сүйлөшсөк да, ажырашсак да болот. Кыргыз бийлиги "Кумтөргө" кандай шарт коюуда

© Sputnik / Табылды КадырбековCenterra Gold Inc. компаниясынын кызматкери. Архив
Centerra Gold Inc. компаниясынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Жазылуу
Жапаровдун айтымында, Кумтөр улутташтырылбайт, бирок кыргыз элине кызмат кыла тургандай механизм даярдалып жатат.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кыргыз бийлиги Centerra Gold Inc. компаниясы менен ажырашса да, сүйлөшсө да болот. Бул туурасында Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Ушу тапта Жогорку Кеңеш Кумтөр кениндеги ишмердүүлүктү текшерген мамлекеттик комиссиянын корутундусун угуп жатат.
Жапаров кыргыз тарап койгон шарттарды атап, эгер Кумтөр тышкы башкарууга өтө турган болсо, кенди чет өлкөнүн инвесторлору эмес Кыргызстан өзү иштете турганын белгиледи.
"Бүгүнкү күндө бизнес долбоорду, каржылык анализди бүтүрдүк. Биздин да, алардын да доосу бар. Бирок ортодо сүйлөшүүгө келсек болот. Азыр эки жолу бар, ажырашсак да, сүйлөшсөк да болот. Бирок алтындын 80 пайызы кыргыз тарапта болгондон кийин Centerra компаниясынын 50 пайыздан ашык акциясы бизде болсо макулбуз. "Кумтөр Голд Компаниде" бери дегенде 90 же 80 пайызга чейин биздин үлүш болуш керек. Болбосо толугу менен 100 пайызын биз алалы деген шарт коюп жатабыз", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал Кумтөрдү "улутташтыруу" деген сөздү атайын алыстатып жатканын, бирок алтын кени кыргыз элине кызмат кыла тургандай механизм даярдалып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0