Кыргыз-тажик чек арасында чырды ким баштаганын космостон тартылган сүрөт көрсөтөт

© Sputnik / Акылбек БатырбековЛейлек районунун Арка айылындагы талкаланган май куюучу жай жана соода түйүндөр
Лейлек районунун Арка айылындагы талкаланган май куюучу жай жана соода түйүндөр - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Жазылуу
Акыйкатчынын айтымында, космостон тартылган сүрөттөн Тажикстандын жаңжалга кантип даярдангандыгын билүүгө болот.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Космостук державаларга кайрылып, Тажикстан менен чектешкен аймакта чек ара жаңжалына чейинки жана андан кийин тартылган аэросүрөттөрдү суроо зарыл. Бул туурасында Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов айтты.
Ал мындай пикирин "Фергана өрөөнүндөгү чек арага жакын аймактардагы чырлардын Борбор Азиядагы глобалдуу коопсуздукка тийгизген таасири" деп аталган тегерек столдо сүйлөп жатып билдирди.
Мамытов бул материалдар эки мамлекеттин бирин-бири күнөөлөп жаткан маселени чечет деген ойдо.
"Азыр эки тарап тең бири-бирин агрессия жасады деп айыптоодо. Бул маселени чечиш үчүн космостук державаларга кайрылып, Тажикстан менен чек арадагы аймакта чек ара жаңжалына чейинки жана андан кийин тартылган аэросүрөттөрдү сураш керек. Ошондо гана бул окуяга ким алдын ала даярданып, ок биринчилерден болуп кайдан атылгандыгын тартылган сүрөттөр боюнча аныктоого болот. Бул материалдар майда-чүйдө бардык деталдарды, ал тургай бронетехниканын номерлерине чейин көрсөтөт", — деди Мамытов.
Акыйкатчы эгерде Кыргызстан эл аралык сотко кайрылууну чечсе, анда алынган бул материалдар далил катары пайдаланыларын белгиледи.
Эске салсак, Токон Мамытов көп жылдар бою улуттук коопсуздук боюнча органдарда иштеп, Чек ара кызматын жетектеп, Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0