Кумтөр Голд Компани ишканасынын кызматкерлери. Архив

Эки талапкер бар. "Кумтөр Голд Компани" ишканасын ким башкарышы мүмкүн

519
(жаңыланган 17:18 17.05.2021)
Негизги талапкер Теңиз Бөлтүрүк Канадада жашап, иштейт. Тоо-кен тармагында 30 жылдан ашык иш тажрыйбасы бар. Ал эми Мексикадан келген Абыл Сыдыков бул тармакта 26 жылдан бери эмгектенип жүргөнү айтылууда.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Эгер "Кумтөр Голд Компани" ишканасын сырттан башкаруу боюнча токтом кабыл алынса, компанияга ким жетекчи болорун Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында аталган мекеменин ишин текшерүү боюнча комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Бүгүн парламентте аталган ишкананы сырттан башкарууга алуу маселеси каралып жатат. Анда депутат Улукбек Ормонов компания кыргыз өкмөтү тарабынан башкарыла турган болсо ким жетекчи болоруна кызыкты.

Жапаров учурда жетечилик кызматка Канададан чакырылган тоо инженери Теңиз Бөлтүрүк жана дагы бир вариант катары Мексикадан келген адис Абыл Сыдыков даярдалып жатканын айтты.

"Теңиз Бөлтүрүк ушул тапта Казакстанда бир долбоорду ишке ашырып жаткан экен. Ал чакырылды. Кызыкчылыктар кагылышы болбосун деп ал Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешинен чыгып кетти (ал кеңешке мүчө катары 11-май күнү тандалган — ред.). Ал эми Абыл Сыдыков Мексикада иштеп жүрөт, бул жакка эмгек өргүүсү учурунда келди. Иштеп бер десеңер Кыргызстанга кайра көчүп келем деп жатат",— деди Жапаров.

"Кумтөр Голд Компани" боюнча абал

Кумтөр алтын кени. Архив
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Эске салсак, 7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.

Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Президент Садыр Жапаров 14-майда бул мыйзамга кол койгон.

Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. 11-май күнү УКМК "Кумтөр голд компани" ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.

Ал арада "Кумтөрдүн" ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Inс. менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард доллар боюнча доо арыз берүү каралган.

Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.

519
Белгилер:
Кумтөр, жетекчи, Теңиз Бөлтүрүк
Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы (86)
Тема боюнча
Теңиз Бөлтүрүк Centerra тууралуу: Канадада мындай ишкананы эчак жаап салмак
Жапаров: Бакиев Кумтөр маселесин чечип коймок, бирок уулу бийликти тартып алды
Жапаров: мурдагы ажолордун бири катасын моюнга алса Centerra ишканасын утмакпыз
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив

Путин: Россия өзүнүн жана коңшулардын коопсуздугу үчүн баарына даяр

9
Владимир Путин Россия эч качан өз оюн башкаларга таңуулабай турганын, ал эми дүйнөлүк жана аймактык көйгөйлөрдү саясий-дипломатиялык ыкма менен чечишүүгө даяр экенин белгиледи.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Москва шаарында өтүп жаткан эл аралык коопсуздук боюнча IX Москва конференциясында Россия президенти Владимир Путин өз өлкөсүнүн эл аралык мамилелер жаатындагы позициясын эске сала кетти.

РИА Новости агенттигинин жазганына караганда, Путин Россия өз элинин коопсуздугу үчүн бардык аракеттерди көрөрүн айтты.

"Кечээ өлкө тарыхындагы эң өкүттүү даталардын бирин белгиледик. Туура 80 жыл мурда фашисттик Германия биздин мамлекетке кол салган. Бул окуя бизге чоң сабак болгон. Андыктан Россия өз элинин коопсуздугу үчүн колдон келген аракетин жасайт. Куралдарыбызды күчтөндүрөбүз, дипломатия жолу менен сүйлөшүүгө аракет кылабыз, кызыкдар тараптар менен диалогго барабыз", — деди Путин.

Ошол эле учурда президент Россия эч качан өз оюн башкаларга таңуулабай турганын, ал эми дүйнөлүк жана аймактык маселелерди саясий-дипломатиялык ыкма менен чечишүүгө даяр экенин айтты.

"Россия эч качан өз оюн башкаларга таңуулабайт. Дүйнөлүк жана аймактык көйгөйлөрдү саясий-дипломатиялык ыкмалар менен чечишүүгө салым кошкубуз келет. Россия жаратмандыкты колдойт", — деди РФ лидери.

Мындан тышкары, Путин Россия коңшу өлкөлөрдүн коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү экенин эч качан унутпасын белгиледи.

"Коңшулар менен ажырагыс тарыхый жана маданий байланышыбыз бар. Биз алардын коопсуздугу үчүн жоопкерчилигибизди унутпайбыз. Биздин жалпы континентибиздеги тынч жашоо жана ачык асман үчүн аймактык чыр-чатактарды басаңдатууга салым кошо бермекчибиз", — деди ал.

Эл аралык коопсуздук боюнча Москва конференциясы — коргоо мекемелеринин, эл аралык уюмдардын жана бейөкмөт эксперттердин башын бириктирип, коопсуздук боюнча жыл сайын өтүүчү форум.

9
Белгилер:
диалог, коопсуздук, регион, Владимир Путин, Россия
Тема боюнча
Путиндин макаласы: өткөнгө карап кылчактай бербей, ачык болуш керек
Массалык жок кылуучу куралдын жайылуу коркунучу. Путин Москва форумунда сүйлөдү
Россия президенти Владимир Путин. Архив

Путин: туруктуулук үчүн саясий эрк жана компромисс зарыл

10
(жаңыланган 17:38 23.06.2021)
СНВ-3 келишими 2011-жылдын 5-февралында күчүнө кирген. Анын шарты боюнча тараптар өзүнүн өзөктүк арсеналын кыскартып, тийиштүү көлөмдө кармап турушу керек.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Стратегиялык туруктуулук жаатында ийгилик жаратуу үчүн саясий эрк жана компромисске баруу жөндөмү керек. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин эл аралык коопсуздук боюнча Москва конференциясында сүйлөп жатып айтты.

РФ лидери өлкө буга чейин коопсуздуктун жаңы механизмин иштеп чыгууну сунуштаганын эске салды.

"Система стратегиялык туруктуулукка таасир тийгизе турчу бардык факторлорду камтышы керек. Саясий эрк жана компромисске бара билүү жакшы натыйжасын берерине ишенебиз", — деди Путин.

Анын айтымында, буга Россия менен АКШнын стратегиялык жана чабуул коюучу куралдын (СНВ-3) көлөмүн 2026-жылга чейин кыскартуу тууралуу келишиминин узарышы ачык далил.

Белгилей кетсек, СНВ-3 келишими 2011-жылдын 5-февралында күчүнө кирген. Анын шарты боюнча тараптар өзүнүн өзөктүк арсеналын кыскартып, тийиштүү көлөмдө кармап турушу керек. Башкача айтканда, жети жылдан кийин жана андан аркы убакытта континенттер аралык баллистикалык ракеталардын, суу алдындагы бомбардировщиктердеги баллистикалык ракеталардын саны 700дөн ашпашы керек. Мындан тышкары, ракетанын саны 1500, атылуучу түзүлүштөрдүн саны 800дөн көп болбошу шарт.

Келишим максатына жетип, тараптар арсеналын тийиштүү көлөмдө кармап турат. 2021-жылдын башында, бийликке Жо Байден келери менен, макулдашуу эч өзгөрүүсүз дагы беш жылга узартылды. Буга чейин администрация келишимди узартууну маалкатып, бүтүндөй стратегиялык туруктуулук системасына коркунуч жаратып келди.

10
Белгилер:
система, курал-жарак, коопсуздук, конференция, Владимир Путин
Тема боюнча
Путиндин макаласы: өткөнгө карап кылчактай бербей, ачык болуш керек
Путин менен Байдендин жолугушуусунан кийин дүйнөлүк саясат кандай өзгөрөт
Путин белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл койду. Видео