Жапаров администрациясынын бөлүм башчыларын дайындады. Тизме

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2021
Жазылуу
Президенттин жарлыгы менен маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчилери жана бир катар бөлүмдөрдүн башчылары алмашты.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин дайындады.
Маалымат кызматынан билдиришкендей, тийиштүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.
Кызматка дайындалгандардын тизмеси:
  • Эрбол Султанбаев – Кыргызстан президентинин маалымат катчысы болуп дайындалды;
  • Муса Жаманбаев – президенттин администрациясынын президенттик протокол кызматынын жетекчиси;
  • Анарбек Калматов – президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү;
  • Алмасбек Абытов – Кыргызстандын министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү;
  • Медер Жусупов – президенттин жана министрлер кабинетинин Конституциялык сотундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
  • Нурай Марс – президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы;
  • Махамаджан Иминов – президенттин администрациясынын президенттин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы;
  • Адыл Естебесов – президенттин администрациясынын министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы;
  • Замирбек Базарбеков – президенттин администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;
  • Дастан Дюшекеев – президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
  • Айбек Айдарбеков – президенттин администрациясынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
  • Жетиген Бакиров – президенттин администрациясынын мамлекеттик, муниципалдык кызмат жана кадр саясаты бөлүмүнүн башчысы;
  • Акылбек Орозалиев – президенттин администрациясынын инспектордук-контролдоо иштери бөлүмүнүн башчысы;
  • Жаныбек Жалалов – президенттин администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;
  • Алтынбек Керимжанов – президенттин администрациясынын кадрлар бөлүмүнүн башчысы;
  • Санжар Мурзаканов – президенттин администрациясынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
  • Аскат Беков – президенттин администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты жана пландоо бөлүмүнүн башчысы;
  • Жанузак Абдыкалыков – президенттин администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы;
  • Алымкул Кулуев – президенттин администрациясынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы;
  • Азамат Оморов – президенттин администрациясынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы;
  • Азат Узаков – президенттин администрациясынын курулуш, транспорт, жол жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы;
  • Таалай Байтереков – президенттин администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
  • Максат Усубалиев – президенттин администрациясынын саламаттык сактоо жана социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы;
  • Галина Байтерек – президенттин администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы;
  • Кудайберген Базарбаев – президенттин администрациясынын жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча бөлүмүнүн башчысы;
  • Чолпон Абдрахманова – президенттин администрациясынын канцеляриясынын начальниги;
  • Азат Абдысадыр уулу – президенттин администрациясынын канцеляриясынын Президенттин жана министрлер кабинетинин актыларын, башка актыларды редакциялоо жана котормо бөлүмүнүн башчысы;
  • Жанна Рахматова – президенттин администрациясынын канцеляриясынын Президенттин жана министрлер кабинетинин актыларын, башка актыларды чыгаруу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
Мындан тышкары, президенттин тескемелери менен:
  • Улугбек Шукурбеков — президенттин администрациясынын Жарандык боюнча комиссиянын жооптуу катчысы;
  • Таалайбек Апенов — президенттин администрациясынын Ырайым кылуу боюнча комиссиянын жооптуу катчысы;
  • Жылдыз Сманбаева — президенттин администрациясынын Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп дайындалды.
Ошондой эле президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Алмаз Мамбетов президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалды.
Мамлекет башчысынын тескемесине ылайык:
  • Мирбек Мамбеталиев — президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары;
  • Эмил Шерматов — президенттин иш башкаруучусунун орун басары болуп дайындалды.
Жаңылыктар түрмөгү
0