Centerra менен соттошууга жардамдашчу АКШ менен Канада компаниялары. Дайын-дареги

© AFP / SEBASTIEN ST-JEANАКШнын жана Канаданын желектери. Архив
АКШнын жана Канаданын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2021
Жазылуу
Кыргызстандын бийлиги Centerra Gold Inc. менен соттук териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн жалдаган америкалык жана канадалык юридикалык компаниялар эмнеси менен белгилүү экенин Sputnik агенттигинин материалынан окуңуздар.
17-май күнү Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Кыргызстан Centerra Gold Inc. компаниясы менен соттошуу үчүн АКШ менен Канададагы алдыңкы юридикалык компанияларды жалдай турганы белгилүү болду.
Centerra компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Теңиз Бөлтүрүктүн айтымында, Кыргызстандын кызыкчылыктарын эл аралык арбитраждык сотто коргоо үчүн бийлик Arnold & Porter жана Goodmans LLP юридикалык компанияларынын кызматын колдонот.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаCenterra компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Теңиз Бөлтүрүк
Член совета директоров Centerra Gold Inc. Тенгиз Болтурук - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Centerra компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Теңиз Бөлтүрүк
"Биз Arnold & Porter компаниясынын юристтерин жалдадык. Бул арбитраждык сот боюнча АКШдагы 2020-жылы алдыңкы 20 юридикалык фирманын катарына кирген компания болуп эсептелет. Канадада болсо алдыңкы жети компаниянын катарына кирген Goodmans менен иштешмей болдук. Юристтердин айтымында, биз жакшы позицияда турабыз. Ар бир кадамыбыз, керек болсо бул жерде сүйлөп жаткан сөздөрүбүздөн бери юристтер менен макулдашылган", — деди Бөлтүрүк.
Sputnik Кыргызстан аталган компаниялар канчалык белгилүү жана кандай иштерди караганын билип көрдү.

Arnold & Porter

Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, Arnold & Porter компаниясы буга чейин дагы Кыргызстандын кызыкчылыгын эл аралык арбитражда коргогон.
2013-жылдын март айында казакстандык Consolidated Exploration холдинги Кыргызстандын өкмөтү өлкөдөгү эң ири алтын кендеринин бири болгон Жер-Үйдү иштетүүгө берилген лицензияны жокко чыгарганы үчүн бийликти 548 миллион долларга жыгууну суранып сотко кайрылган. Мындан улам Кыргызстандын жетекчилиги америкалык юристтердин кызматын колдонууну чечкен.
Биринчи угуулар 2015-жылдын октябрь-ноябрь айларына белгиленген. Бирок талаш-тартышты лицензиянын жаңы ээси "Восток–геолдобыч" жөнгө салып койгон. Компания казакстандык ишкана менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, натыйжада алар арызын артка чакырткан.
Аткаминер кол коюп жатат документтерге. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Кумтөр боюнча келишимдерге кол койгон аткаминерлердин тизмеси
Arnold & Porter компаниясынын быйылкы жылдагы чуулгандуу иштеринин бири Түркиянын бийлиги менен байланыштуу. Өлкө бешинчи муундагы F-35 истребителдерин өндүрүү боюнча америкалык программага катышуусун сактап калуу үчүн аталган фирма менен келишимди февраль айында түзгөн. Буга чейин Анкара россиялык С-400дү сатып алганы үчүн программадан чыгарылып калган.
Келишимге ылайык, компания АКШда Түркиянын кызыкчылыгын коргоп, америкалык бийлик менен байланыш түзүүгө жардам бериши керек болгон. Reuters агенттигинин жазганына караганда, алты айлык консультация үчүн Түркиянын жетекчилиги 750 миң доллар төлөөгө макул болгон.
Баса, АКШнын жакында эле шайланган башкы прокурору Меррик Гарланд карьерасын Arnold & Porter компаниясынан баштаган. Ал бул ишканага 1981-жылы кенже мүчө катары кошулуп, 1985-жылы өнөктөшү болгон.

Goodmans LLP

Бул компаниянын башкы кеңсеси Торонтодо. Ишкананы 1917-жылы Дэвид Бертрам Гудман негиздеген. Бүгүнкү күндө аталган фирмада 200 юрист иштеп, финансылык институттарга жана трансулуттук корпорацияларга кызматын сунуштайт.
Goodmans LLP эки жыл катары менен Канададагы эң мыкты юридикалык компания катары таанылган. 2018-жылдын сентябрь айында ишкана Americas Tax Awards сыйлыгын алган.
Кумтөр Голд Компани ишканасынын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Эки талапкер бар. "Кумтөр Голд Компани" ишканасын ким башкарышы мүмкүн
Компаниянын расмий сайтындагы маалыматка караганда, Goodmans LLP юристтеринин командасы жакында эле алтын өндүргөн дүйнөдөгү эң ири Newmont Mining корпорациясынын кызыкчылыгын коргогон. Соттук иш эмне менен аяктаганы жазылган эмес.
Белгилей кетсек, Newmont Mining ишканасынын туунду компаниясы Өзбекстанда иштеген. Бирок 2006-жылы өлкө бийлиги алтын менен компаниянын активдеринин бир бөлүгүн камакка алган. Себеби жергиликтүү сот 2002-2005-жылдардан бери төлөнбөй келген салыктар үчүн деп 48 миллион доллар айыпка жыккан. Ал эми корпорация бирдиктүү ишкана өкмөт 1995-жылы берген салык льготаларын мыйзамдуу негизде колдонуп келгенин айткан. Кийин сот компанияны банкрот деп жарыялап тийиштүү чараларды көргөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0