БШК Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды

© Sputnik / Жоомарт УраимовЭлектрондук урна. Архив
Электрондук урна. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2021
Жазылуу
Эске салсак, өткөн аптада БАШК Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан.
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. БШК Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын (БАШК) Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деген чечимин күчүндө калтырды.
Комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, шайлоо кампаниясы учурунда 400гө жакын мыйзам бузуулар боюнча билдирүүлөр келип түшкөн.
“Мындай шайлоо менен мамлекет алдыга жылып, өнүгө албайт”, — деди Шайлдабекова.
Эске салсак, өткөн аптада БАШК Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Ага чейин "Эмгек", КЭДП, "Ак-Бата” партиялары шайлоо жарышынан четтетилген. Жыйынтыгында 60 миңдей добуш жокко чыгарылган. Бул жалпы добуштун 45 пайызын түзөт (шайлоого 134 миң шаар тургуну катышкан).
Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2021
Ош шаардык кеңешине кайра шайлоо өтсө кимдер катыша алат. Тартиби
Эми БШК өлкө президенти Садыр Жапаровдон кайра шайлоо өткөрүүсүн өтүнүшү керек.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамдын 38-беренесинин 7-пунктуна ылайык, эгер добуштардын үчтөн бир бөлүгүнөн көбүрөөгү жараксыз деп табылса, шайлоонун жалпы жыйынтыгы жокко чыгарылышы керек.
Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо 11-апрель күнү өткөн. Алдын ала жыйынтык боюнча, шаардык кеңешке алты партия шайланган эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0