Артём Новиков жаңы кызматка дайындалды

© Sputnik / Табылды КадырбековРоссия-кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) башкаруучулугунун төрагасы болуп дайындалган Артем Новиков. Архив
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) башкаруучулугунун төрагасы болуп дайындалган Артем Новиков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
Жазылуу
Быйылкы жылдын март айынан бери Россия-кыргыз өнүктүрүү фондун Азиз Аалиев жетектеп келген. Ал фонддун уставынын 8-беренесине ылайык, төрагалык кызматынан бошотулду.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Артём Новиков Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) башкаруучулугунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
"Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун Уставынын 8-беренесине ылайык, Азиз Аалиев төрагалык кызматынан бошотулду. Буга катар Артём Новиков үч жылдык мөөнөткө аталган фонддун башкаруучулугунун төрагасы болуп дайындалды", — деп айтылат билдирүүдө..
Тийиштүү чечимге өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койду.
РКӨФтү быйылкы жылдын март айынан бери Азиз Аалиев жетектеп келген. 
Ал эми Артём Новиков министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматын аркалап жаткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0