Кумтөр голд компаниясынын убактылуу сырттан башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк

Бөлтүрүк: эми дүлөй, дудук болуп сүйлөшпөй, Centerra бизди уккудай кылабыз

874
(жаңыланган 11:44 20.05.2021)
Учурда Кыргызстандын таламын талашуу боюнча Кошмо Штаттар менен Канададан келген юристтер иштеп жатат.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Мындан ары кыргыз тарап Centerra Gold Inc. менен дүлөй, дудук адамга окшоп сүйлөшпөй, чыныгы өнөктөш катары иштейт. Бул тууралуу "Кумтөр голд" компаниясынын убактылуу сырттан башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, буга чейин кыргыз өкмөтү жана "Кыргыз алтын" ишканасы аябай чоң зыян тарткан. Учурда Centerra Gold Inc. менен чырда Кыргызстандын таламын талашуу боюнча АКШдан, Канададан келген юристтер иштеп жатат.

"Азыр биз Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоого даярбыз. Аларга мамлекеттик комиссия аныктаган доону коёбуз. Мындан ары канадалык компания менен чыныгы өнөктөштүк мамиледе иштейбиз. Эгерде Centerra ачык-айкын, Кыргызстандын мыйзамдарын жана эл аралык стандартты сактап иштей турган болсо, алар менен дени сак адам дудук, дүлөйгө окшоп сүйлөшкөндөй практиканы токтотобуз. Centerra акыр аягы келип биздин сөзүбүздү угуп, кол шилтеп кетпей тургандай кылабыз", — деди Бөлтүрүк.

Ошондой эле ал кыргыз тараптын сунуштарын четке кага турган убакыт өткөнүн белгиледи.

874
Белгилер:
Кыргызстан, Кумтөр, алтын, Теңиз Бөлтүрүк
Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы (100)
Тема боюнча
"Кумтөрдүн" убактылуу тышкы башкаруучусу жамаатка тааныштырылды. Сүрөт
Centerra менен соттошууга жардамдашчу АКШ менен Канада компаниялары. Дайын-дареги
Теңиз Бөлтүрүк Centerra тууралуу: Канадада мындай ишкананы эчак жаап салмак
Россия Федерациясынын мамлекеттик Думасына кезектеги депуттарды шайлоого добуш берүү Ош шаарындагы №8162 шайлоо тилкесинде да өткөрүлүп жатат

Ош шаарында РФ жарандары Мамдума шайлоосуна добуш берип жатат. Сүрөт

101
(жаңыланган 10:31 19.09.2021)
Учурда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча бир шайлоо участкасы Ош шаарында ачылып, добушун бере турган РФ жарандарын кабыл алууда.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасына кезектеги депутаттарды шайлоого добуш берүү Ош шаарындагы №8162 шайлоо тилкесинде да өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы жеринен билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган шайлоо тилкеси Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун имаратында жайгашкан. Шайлоо тилкеси саат 8:00дөн баштап иштеп, учурда шайлоочулар добуш берүүдө.

  • Голосование на выборах в Государственную Думу РФ на избирательном участке №8162 в Оше.
    Россия Федерациясынын мамлекеттик Думасына кезектеги депуттарды шайлоого добуш берүү Ош шаарындагы №8162 шайлоо тилкесинде да өткөрүлүп жатат
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Голосование на выборах в Государственную Думу РФ на избирательном участке №8162 в Оше.
    Маалыматка ылайык, аталган шайлоо тилкеси Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун имаратында жайгашкан.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Голосование на выборах в Государственную Думу РФ на избирательном участке №8162 в Оше.
    Шайлоо тилкеси саат 8:00дөн баштап иштеп, учурда шайлоочулар добуш берүүдө.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Голосование на выборах в Государственную Думу РФ на избирательном участке №8162 в Оше.
    РФтин Ош шаарындагы Башкы консулу Роман Свистин айтымында, шайлоодо добуш берүү үчүн Россиянын 100гө жакын жараны өз ыктыяры менен келип, каттоодон өткөн.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Голосование на выборах в Государственную Думу РФ на избирательном участке №8162 в Оше.
    Учурда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча бир шайлоо участкасы Ош шаарында ачылып, добушун бере турган РФ жарандарын кабыл алууда.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
1 / 5
© Sputnik / Зульфия Тургунова
Россия Федерациясынын мамлекеттик Думасына кезектеги депуттарды шайлоого добуш берүү Ош шаарындагы №8162 шайлоо тилкесинде да өткөрүлүп жатат

РФтин Ош шаарындагы Башкы консулу Роман Свистин айтымында, шайлоодо добуш берүү үчүн Россиянын 100гө жакын жараны өз ыктыяры менен келип, каттоодон өткөн.

"Алар Башкы консулдукта иштеген кызматкерлер, аскер кызматкерлери жана үй-бүлө мүчөлөрү. Мындан сырткары, учурда өлкөнүн түштүк аймагындагы район, шаарларда жашап жаткан РФтин жарандары келип добушун берсе болот. Жалпы 300дөй шайлоочу өзүнүн добушун бериши мүмкүн деп болжолдоп жатабыз", — деди Свистин. Ал кошумчалагандай, өлкөнүн түштүк аймагына убактылуу келип-кетип турган РФтин 15 миңге жакын жараны бар.

Учурда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча бир шайлоо участкасы Ош шаарында ачылып, добушун бере турган РФ жарандарын кабыл алууда.

Эске салсак, бул саясий өнөктүк негизи 17-19-сентябрга белгиленген. Россиянын Мамлекеттик Думасы менен биргеликте аймактык жана муниципалдык шайлоо да кошо өтүп жатат.

Төмөнкү палатанын депутаттары аралаш система менен 5 жылга шайланат. 225 адам партиялык система менен, 225и бир мандаттуу округдан тандалат.

101
Белгилер:
Россия, Кыргызстан, Мамлекеттик Дума, шайлоо, Ош шаары, башкы консулдук
Тема боюнча
Лавров: АКШ Россиядагы шайлоолорго кийлигишип жатканын тастыктап бердик
Владимир Путин Мамдуманын шайлоосуна онлайн добуш берди
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков. Архив

Сапар Исаковго издөө жарыяланды. ШИИБ Инандыга паспорт берүү ишин тергеп бүттү

332
(жаңыланган 19:30 18.09.2021)
Сотко чейинки өндүрүш 320 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 319-беренелер ("Коррупция") менен жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы Сапат лицейлер мектебинин президенти Орхан Инанды жана Түркияда туулган он адамга кыргыз паспортун берүү фактысы боюнча тергөөнүн чоо-жайы тууралуу маалымат берди.

Кечээ аталган кылмыш иши боюнча абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге дагы шектүү катары кабарлама тапшырылган.

Сотко чейинки өндүрүш 320 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 319-беренелери ("Коррупция") менен жүргүзүлгөн.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн документтер жасалмаланып, бардык бланктар мыйзамды одоно бузуу менен толтурулган. Кыргызстандан башка аймакта жүргөн Түркиянын үч жараны жадагалса өлкөнүн чек арасына кирген да эмес, жетөө КРге келип паспортторун алып кайра чыгып кеткен.

"10 түрк жараны андан мурда Түркияда террордук уюм катары таанылган FETO гүлендик кыймылынын мүчөлөрүнүн тизмесине киргизилген. Өлкөнүн жогорку кызмат адамдары документтерге кол коюп, аларга Кыргызстандын жарандыгын берүү процессин тездетүү боюнча мыйзамсыз көрсөтмө берген", — деп билдирди ШИИБ.

Бул кылмышка шектелип жатканы туурасында мурдагы премьер Сапар Исаковго, президенттин кеңешчиси Фарид Ниязовго, экс-вице-премьер Тайырбек Сарпашевге, УКМКнын мурдагы башчысы Бусурманкул Табалдиевге, Калктын жарандык абалынын актыларын жана калкты каттоо департаментинин экс-директору Дүйшөн Сатыбалдиевге, Мухаббат Пратовага, Г. М. Бердигуловага, Э.М. Апиловго кабарлама берилген.

Исаков менен Табалдиевге мамлекеттер аралык издөө жарыяланды.

ШИИБ Атамбаевге 15-сентябрда 319-берене ("Коррупция") боюнча шектүү катары кабарлама тапшырылып, 16-сентябрда айыптоо актысы чыгарылганын белгиледи. Тергөөнүн материалдары Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү.

332
Белгилер:
Орхан Инанды, Түркия, жарандык, кылмыш иши
Тема:
Орхан Инандынын Бишкекте жоголушу
Тема боюнча
Түркиялыктарга мыйзамсыз жарандык берүү: дагы бир кызматкер камакка алынды
Түнкү Бишкек. Архивдик сүрөт

Бишкектин айрым жерлери 20-сентябрда жарыксыз калат. График

0
Эртең "Түндүк электр" ишканасынын бригадалары бутактарды кесип, зымдарды тартып, жабдууларды оңдомокчу.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 20-сентябрда, Бишкектин айрым райондорунда жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди.

Бул убакытта уюмдун бригадалары бутактарды кесип, зымдарды тартып, жабдууларды оңдомокчу.

Электр жарыгы жок боло турчу жерлер:

  • 8:00дөн 18:00гө чейин — 8-кичи райондогу № 12 жана 12/1 үйлөрүндө, 7-кичи районундогу №16/1—16/12 үйлөрүндө;
  • 9:30дөн 13:00гө чейин — Жибек Жолу проспектисинин, Муса Жалил, Целиноградская, Садовая жана Лермонтов көчөлөрүнүн кесилиштеринде;
  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Кызыл-Кыя, Можайский көчөлөрүнүн кесилиштеринде, Рыскулов көчөсүндөгү № 8 үйдө, Калыс-Ордо (№ 86 мектеп), Жеңиш, Арча-Бешик (Безымянная, Кара-Кужур, Абдрахманов, Бердибаев, Алты-Түтүн, Эр-Тайлак, Шербет, Садыбакасов, Он-Арча көчөлөрү) конуштарында, ошондой эле Маевка айылында;
  • 9:30дан 18:30га чейин — Чүй проспектисиндеги №1 үйдө, Ахунбаев көчөсүндөгү № 106 үйдө, Көлбаев (№ 22, 24/1—24/4, 28, 30 үйлөрү), Армавирская, Шайыр, Кантемир жана Низовая көчөлөрүндө.
0
Белгилер:
Бишкек, 'Түндүк Электр' ишканасы, ишкана, жарык берүү, көчө
Тема боюнча
Министрлик: октябрдын соңунда жарык үчүн квитанция жаңы тариф менен чыгат